3. Тыюу салуучу
белгиси Максималдуу ылдамдыкты чектөө

3.24 белгиси

«Максималдуу ылдамдыкты чектөө»
белгиси Максималдуу ылдамдыкты чектөө

3.24 белгиси

Максималдуу ылдамдыкты чектөө

КР ЖКЭ 1-тиркеме

3.24 "Максималдуу ылдамдыкты чектөө" белгиси. Белгиде көрсөтүлгөн ылдамдыктан жогорку ылдамдык (км/саат) менен кыймылга тыюу салынат.

3.16, 3.20, 3.22, 3.24, 3.26–3.30 белгилери колдонулган зона белги орнотулган жерден андан кийинки жакынкы кесилишке чейин, ал эми калктуу конуштарда кесилиш жок болгон учурда – калктуу конуш бүткөнгө чейин жайылтылат. Белгилердин аракети жолдорго жакын аймактардан чыккан жерлерде жана талаа, токой жана алардын алдында тиешелүү белгилер орнотулбаган башка экинчи даражадагы жолдор менен кесилишкен (кошулуу) жерлерде үзүлбөйт.

5.23.1 же 5.23.2 белгиси менен белгиленген калктуу конуштун алдында орнотулган 3.24 белгисинин аракети ушул белгиге чейин жайылтылат.

Белгилер колдонулган зона төмөнкүлөр үчүн азайтылышы мүмкүн: 3.20, 3.22, 3.24 белгилери үчүн алардын аракетинин аягында тиешелүү түрдө 3.21, 3.23, 3.25 белгилерин орнотуу же 8.2.1 табличкасын колдонуу менен. 3.24 белгиси колдонулган зона 3.24 белгисин кыймылдын максималдуу ылдамдыгынын башка мааниси менен орнотуу менен азайтылышы мүмкүн.

5.4.22 Знак 3.24 «Ограничение максимальной скорости» применяют для запрещения движения всех транспортных средств со скоростью выше указанной на знаке при необходимости введения иной максимальной скорости.
При ограничении скорости на опасных участках зона действия знака должна соответствовать протяженности опасного участка.
При необходимости ступенчатого ограничения скорости применяют несколько знаков 3.24 с шагом не более 20 км/ч.
Знак 3.24 следует дублировать в соответствии с п. 5.1.6.

1757
Страницы можно листать клавишами и .