КР ЖКЭ 1-тиркеме
3. Тыюу салуучу белгилер
Тыюу салуучу белгилер кыймылдын белгилүү чектөөлөрүн киргизишет же алып салышат.
Белгилер төмөнкүлөргө колдонулбайт:
3.1-3.3, 3.18.1, 3.18.2, 3.19 - маршруттук транспорт каражаттарына;
3.2, 3.3, 3.5-3.8 - белгиленген зонада жайгашкан ишкананы тейлеген, ошондой эле белгиленген зонада жашаган же иштеген жарандарды тейлеген же жарандарга таандык болгон транспорт каражаттарына. Бул учурларда транспорт каражаттары белгиленген зонага кирүүгө жана андан дайындалган жерге жакын кесилишке чыгууга тийиш;
3.28-3.30 - майыптар тарабынан башкарылуучу, майыптарды, анын ичинде майып-балдарды ташуучу транспорт каражаттарына, эгерде көрсөтүлгөн транспорт каражаттарында "Майып" таанытуучу белгиси орнотулган болсо.
3.18.1, 3.18.2 белгилери анын алдында белги орнотулган жүрүүчү бөлүктөрдүн кесилишине карата колдонулат.
3.16, 3.20, 3.22, 3.24, 3.26-3.30 белгилери колдонулган зона белги орнотулган жерден андан кийинки жакынкы кесилишке чейин, ал эми калктуу конуштарда кесилиш жок болгон учурда - калктуу конуш бүткөнгө чейин жайылтылат. Белгилердин аракети жолдорго жакын аймактардан чыккан жерлерде жана талаа, токой жана алардын алдында тиешелүү белгилер орнотулбаган башка экинчи даражадагы жолдор менен кесилишкен (кошулуу) жерлерде үзүлбөйт.
5.23.1 же 5.23.2 белгиси менен белгиленген калктуу конуштун алдында орнотулган 3.24 белгисинин аракети ушул белгиге чейин жайылтылат.
Белгилер колдонулган зона төмөнкүлөр үчүн азайтылышы мүмкүн:
3.16 жана 3.26 белгилери үчүн 8.2.1 табличкасын колдонуу менен;
3.20, 3.22, 3.24 белгилери үчүн алар колдонулган зонанын аягында тиешелүү түрдө 3.21, 3.23, 3.25 белгилерин орнотуу же 8.2.1 табличкасын колдонуу менен. 3.24 белгиси колдонулган зона 3.24 белгисин кыймылдын максималдуу ылдамдыгынын башка мааниси менен орнотуу менен азайтылышы мүмкүн;
3.27-3.30 белгилери үчүн аларды колдонуу зонасынын аягында кайталануучу 3.27-3.30 белгилерин 8.2.3 табличкасы менен орнотуу же 8.2.2 табличкасын колдонуу менен. 3.27 белгиси 1.4 чийини менен, ал эми 3.28 белгиси - 1.10 чийини менен чогуу колдонулушу мүмкүн, ошол эле учурда белгилер колдонулган зона чийин сызыгынын узактыгы менен аныкталат.
3.10, 3.27-3.30 белгилери жолдун алар орнотулган тарабына гана колдонулат.