Багажнике жүргүнчүнү отургузуп ташыса болобу?

 Багажнике жүргүнчүнү отургузуп ташыса болобу?
Автор: JOLDO.kg    Котормочу: Доброволец    icon 603

 

Суроо: Жеңил авто унаанын багажнигине киши отургузуп ташыса болобу? Айып пул өлчөмү каралганбы?

ЖКЭнде(жол кыймылынын эрежелери) ташууга тыюу салган так эреже жок. Бирок эрежелерден кандай жагдайларда адам ташуу тыюу салынарын билүүгө болот. 

ЖКЭ 22.8де мындай делет:

Адамдарды төмөнкүчө ташууга тыюу салынат:
- автомобилдин (буга борт платформасы бар жүк ташуучу автомобилдин кузовунда же фургондун кузовунда жүргүнчүлөрдү ташуу кирбейт), трактордун, өзү жүрүүчү башка машиналардын кабинасынан тышкары, жүк ташуучу чиркегичте, дача чиркегичте, жүк ташуучу мотоциклдин кузовунда жана отуруу үчүн мотоциклде конструкция тарабынан каралгандан башка жерде;
- 12 жашка чейинки курактагы балдарды эсептебегенде, транспорт каражатынын техникалык мүнөздөмөсүндө каралгандан ашык санда.

Демек жеңил автоунаанын ээси жүргүнчүлөрдү машиненин салонуна отургузуп ташышы керек.

Жүргүнчүлөр кенен баткан күндө да багажник чоң же тар болобу багажнике отургузуп ташууга тыюу салынат.

Жазык жоопкерчилиги барбы?

Дал ушул маселе боюнча Бузуулар жөнүндө кодексинде айып пул өлчөмү каралган эмес. Бирок "эч кандай жоопкерчиликке тартылбайм, багажнике отургузуп киши ташый берем" деп ойлобогула, анткени инспектор КР БКтин (КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БУЗУУЛАР ЖӨНҮНДӨ КОДЕКСИ)127 берененин 1 бөлүгүнүн негизинде айдоочуну айып пулга жыгышы мүмкүн.

Ал беренеде мындай делет:

Ушул Кодексте эске алынгандарды кошпогондо, жол кыймылынын эрежелеринин башка талаптарын бузуу— 1000 сом өлчөмүндөгү айып пул салынат.

Айып пул машинени ээсине салынат,ал эми багажникте отурган жүргүнчүгө эч кандай айып пул, жаза каралган эмес.

Обсуждение

Для того что бы оставлять комментарии, вам неоходимо авторизоваться на нашем сайте...

Войти

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign