Айдоочу жол кесилишинин алдына келгенде кечирек токтоткондуктан токтоочу сызыктан ашып кетет

Айдоочу жол кесилишинин алдына келгенде кечирек токтоткондуктан токтоочу сызыктан ашып кетет. Ал эмне кылышы керек? Кайра артка айдашы керекпи? Же ошол жерден жылбай жол чырактын жашыл күйүшүн күтүп турушу керекпи?

Айдоочу жол кесилишинин алдына келгенде кечиреек токтоткондуктан токтоочу сызыктан ашып кетет
Котормочу: Доброволец    icon 544

Бул суроолор өзгөчө эреженин бузулушун тартып алуучу камералар орнотулган жол кесилиштеринде көбүрөөк көңүлгө аларлык.

Белгилей кетчү нерсе, ошондой жагдайда артка айдоого болбойт.

Анткени биринчиден, жол кесилишинде артка жүрүүгө тыюу салынган.

Экинчиден, эгер токтоочу сызыктан ашып токтосоңуз, баары бир деле айып пул төлөөгө туура келет.

Артка айдап коюу айып пулду жокко чыгарбагандан сырткары, артта турган автоуналарга жагымсыз жагдай жаратып коюшу мүмкүн.Бул жерде да маанилүү нерсе бар.

Жол чырактын же жөндөгүчтүн тыюу салган белги берген учурунда айдоочулар токтоочу сызыктын алдына келип токтошу зарыл.

"Тыюу салуучу белги берген учурунда токтоо" дегенине көңүл бурсаңар.Башкача айтканда тыюу салган белги учурунда токтоочу сызыктын үстүнөн өткөн "кыймыл" эреже бузууга жатат. Так ушул нерсени камера тартып алат.

Бир канча жагдайды карап көрөлү.

Айдоочу жол берген белги учурунда токтоочу сызыктан өтөт, бирок андан аркы жолун улай албай калат да жол чыракта кызыл жанат. Бул жагдайда жөн гана жашылдын жанышын күтүп, андан соң жолду улантуу керек. Айдоочу эч бир жол эрежени бузган жок. Ал токтоочу сызыкты жол берүүчү белги учурунда кесип өткөн, бирок жол кесилишинен өтүп кетүүгө үлгүрбөй калган. Бирок эгер ал кайра артка айдаса, так ушул нерсе жол эрежени бузууга жатат. Камера тыюу салынган белги учурундагы кыймылды тартып алат. Ошондуктан жөн гана жашылдын жанышын күтүү зарыл.

Башка жагдай.

Айдоочу токтой баштаганда токтоочу сызыкты өтүп кетет, бирок бул белгилердин алмашып жаткан учурунда болот.

6.14. пунктта мындай делет: " Сары сигнал күйүп же жөнгө салуучунун колу көтөрүлүп турганда шашылыш тормоз бербестен Эрежелердин 6.13-пунктунда аныкталган жерлерге токтой албаган айдоочулар кыймылын улантышына уруксат берилет".

Бул пункт тыюу салган белги учурунда токтоочу сызык аркылуу өткөн кыймылга жол берет. Бул учурда да артка жүрүүгө болбойт, жөн гана жашылдын жанышын күтүү керек.

Камера токтоочу сызыктан канчалык аралыктагыны тартып алат?

Жадагалса алдыңкы бампердеги мамлекеттик номер токтоочу сызыкты кесип өтсө камера аны да тартып алат.


Ошондуктан токточу сызыктан жетиштүү аралыкта токтоо жакшы. Өзгөчө автоунабыздын көлөмүн жакшы сезе албасак ошенткенибиз маанилүү.

Макаланы которгон: Самат Мукашев

Обсуждение

Для того что бы оставлять комментарии, вам неоходимо авторизоваться на нашем сайте...

Войти

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign