Мотоциклист менен болгон жол кырсыгы

Мотоциклист менен болгон жол кырсыгы
Котормочу: Доброволец    icon 408

Жагдай: Көк автоунаа жолдо баратып сол тилкеден оң тилкеге буруулуга ниеттенип жатат.

Суроо: Маневр кылып жатканда көрүнбөй калган мотоциклды сүзүп кетет... Ким күнөөлүү?

ЖКЭ 8.4. Башка тилкеге өтүү учурунда айдоочу жанындагы тилкеде жогорку ылдамдыкта удаа багытта бараткан транспорт каражаттарына жол берүүгө тийиш. Удаалаш багытта келаткан транспорт каражаттары бир эле маалда башка тилкеге өткөн учурда айдоочу оң жактагы транспорт каражатына жол берүүгө тийиш.

Демек оң тилкеге өтүп жатканда оң жактагы түз жүргөн баардык транспорт каражатына жол бериш керек.

Эрежелер бир учурда бир тилкеде бир нече транспорт каражаттарына жүрүүгө тыйуу салынбайт. Ошон учун оң тилкеге буруулуга ниеттенип жатканда мотоциклге жол бериш керек.


Албетте мотоциклдын да автоунаанын да айдоочулары ЖКЭенин 10.5 эске алыш керек

ЖКЭ 10.5. Айдоочу алдыда жүрүп бараткан транспорт каражатына чейин анын менен сүзүшпөгүдөй дистанцияны, ошондой эле кыймылдын коопсуздугун камсыз кыла турган капталдагы зарыл интервалды сактоого тийиш.

Бирок коопсуздугун камсыз кыла турган капталдагы зарыл интервал кандай экени так айтылбайт. Мотоцикл айдоочулары дайыма интервалды эске албай, автоунаалырдын ортосундагы тар жерлеге кыпчылышат.

Жыйынтык: Жол кырсыгынан көк автоунаанын айдочуусун күнөлүү деп эсептешет, анткени ал мотоциклди өткөзүп жол берген жок.

Обсуждение

Для того что бы оставлять комментарии, вам неоходимо авторизоваться на нашем сайте...

Войти

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign