Электромобиль каражаттарын мамлекеттик каттоодо атайын жашыл түстөгү номердик белги берилет

Электромобиль каражаттарын мамлекеттик каттоодо атайын жашыл түстөгү номердик белги берилет
Автор: JOLDO.kg    icon 454

КР 2024-жылдын 23-апрелиндеги N 80 Мыйзамы менен "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык Кыргыз Республикасынын жарандарына жана Кыргыз Республикасынын аймагында катталган юридикалык жактарга таандык электромобилдерди мамлекеттик каттоодо ак фондо жашыл тилке менен аткарылган мамлекеттик каттоонун атайын жашыл түстөгү номердик белгиси берилет.

Ушуга байланыштуу КР Министрлер Кабинетине айлана-чөйрөнү коргоо боюнча, анын ичинде Кыргыз Республикасында электр кыймылдаткычтары бар дөңгөлөктүү транспорт каражаттарын пайдаланууга түрткү берүү жана электромобилдер үчүн кубаттагыч инфратүзүмдү түзүү боюнча концепцияларды иштеп чыгууну уюштуруу, республикалык, региондор аралык, мамлекеттер аралык программаларды жана пландарды бекитүү, каржылоо, ишке ашыруу жана алардын жүзөгө ашырылуусун контролдоо, мамлекеттик каттоонун атайын жашыл түстөгү номердик белгиси бар электромобилдер жөнүндө жоболорду бекитүү жана ушундай транспорт каражаттары үчүн жеңилдиктерди белгилөө сыяктуу тапшырмалар берилди.

Электромобиль каражаттарынын менчик ээлери КР Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте электромобилдер үчүн мамлекеттик каттоонун атайын жашыл түстөгү номердик белгисин алууга, КР Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте электромобилдер үчүн мамлекеттик каттоонун атайын жашыл түстөгү номердик белгисин пайдалануу үчүн жеңилдиктерди алууга укуктуу.

Мыйзам менен жеңилдиктердин тизмеги КР Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат жана белгиленет деп берилди.

Мыйзамга ылайык атайын жашыл түстөгү номердик белгилер чет өлкөлүк жарандарга жана чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө, консулдук мекемелерине жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнө берилбейт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Токтом

Тэги:

Обсуждение

Для того что бы оставлять комментарии, вам неоходимо авторизоваться на нашем сайте...

Войти

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign