Маселе: Т- сымал жол кесилиши. Кимиси биринчи өтөт?

Маселе: Т- сымал жол кесилиши. Кимиси биринчи өтөт?
Автор: JOLDO.kg    Котормочу: Доброволец    icon 6462


Жолдогу жагдай: Т- сымал жөнгө салынбаган кесилиш. Кызыл түстөгү авто унаа түз кетип баратат, ал эми көк түстөгү авто унаа солго бурулганы жатат.
Суроо: Кимиси биринчи өтөт?

Бул кесилиште артыкчылыкка ээ кылган жол белгилер жок, ошондой эле жолдун кыртышы бирдей болгондуктан кесилиш теңдеш маанидеги жол кесилиши болуп саналат. Болгону кызыл түстөгү авто унаа жүрүп бараткан жолдо жол чийиндер бар. 

КР ЖКЭнде 13.10 пунктунда мындай делет: Теңдеш маанидеги жолдордун кесилишинде рельсасыз транспорт каражатынын айдоочусу оң жактан келаткан транспорт каражаттарына жол берүүгө милдеттүү.

Жол чийиндердин бар-жоктугу кимиси биринчи өтөрүн көрсөтпөйт. Ушундай учурда шоопур 13.10 пункту боюнча иш аракет кылат. Эл "оң кол эрежеси" деп айтып калат, бул оң тараптан келип жаткан авто унаа артыкчылыкка ээ, ал биринчи өтөт дегенди билдирет.

Жыйынтык: Бул кесилиште көк түстөгү авто унаа биринчи өтөт

Обсуждение

Для того что бы оставлять комментарии, вам неоходимо авторизоваться на нашем сайте...

Войти

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign