Сатылып кеткен машинеге штраф келди

Автоунаанын ээси айып пулду төлөгөндөн кийин жергиликтүү сот органдарына чыгымдын ордун толтууруп берүү талабы менен кайрылса болот. Андан соң соттун чечиминин көчүрмөсү менен ЖКККББ издөө бөлүмүнө кайрылса болот. Анын натыйжасында багыттык маалымат таратылып, автоунаа издөөгө салынат. Машине табылгандан кийин, ал айып жайга коюлат жана анын убактылуу ээси айып пулду төлөмөйүнчө, ошол жерде болот.

Автор: JOLDO.kg    Котормочу: Болот А    icon 683

Бүгүнкү күндө кайгуул милициясы төлөнбөгөн айып пулдары бар автоунааларды таба алат.

Ошондой эле ишеним кагаз менен сатылган автоунааны же анын ээсин МКК сайтынан издөө мүмкүнчүлүгү бар. 

«Транспорт» бөлүгүндө, автоунааны менчик жана азыркы ээсин издөөнүн электрондук тутуму жайгашкан. 

Ал жерде издөөнүн эки түрү бар: Менчик ээлери автоунааны учурда башкарып жүргөндү издейт. Экинчиси автоунаанын ээсин издегендер. 

Өз маалыматыңызды жайгашытруу үчүн каттоо талап кылынбайт. Бүгүнкү күнгө базада жазуулардын саны 6 000 ашты . Сиз издеп жүргөн автоунаа ошол жерде болуп калышы мүмкүн. 


Обсуждение

Для того что бы оставлять комментарии, вам неоходимо авторизоваться на нашем сайте...

Войти

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign