"Токтоого тыюу салынат" белгиси

Автор: JOLDO.kg    Котормочу: Доброволец    icon 1149


Жагдай:  3.27 "Токтоого тыюу салынат" белгиден кийин ажыратуучу жол тилке сызыгы үзүлдү жана "Кайрылуу үчүн жер" жол белгиси бар.

Суроо: Ажыратуучу жол тилке сызыгы үзүлгөндөн кийин машинени токтотууга жана токтотуп турууга болобу?

3.27 жол белгиси жакын жердеги кесилишке чейин күчүндө болот. Бирок "Кесилиш" деген сөзгө кандай аныктама бар?

КР ЖКЭнде "Кесилишке" мындай аныктама бар: "Кесилиш" - жолдор бир деңгээлде кесилишкен, кошулган же айрылышкан, элестетип боолголонгон сызыктар менен чектелип, жолдордун кесилишинин борборунан кыйла алыс турган карама-каршы жактарда жайгашкан бурулуштардын башталыштарын бириктирип турган жол кесилиши. Жол боюндагы аймактардан кошулган жолдор кесилиш деп аталбайт.

Ажыратуучу жол тилке сызыгы үзүлгөн , "Кайрылуу үчүн жер" жол белгиси бар болгон жер "Кесилиш" эмес. Демек 3.27 белгисинин таасири кайрылуу үчүн жерден бутпойт.


Жыйынтык: Унааны ушундай жерлерде токтотуп турууга тыюу салынат.

Жазык жоопкерчилиги: КРБК( Кыргыз Республикасынын Бузуу жөнүндө Кодекси) 123.1. берененин 1 бөлүгүнө ылайык токтоо же токтоп туруу эрежелерин бузуу 1000 сом айып пул салынат (алгачкы 15 күндүн ичинде төлөсө айып пулдун өлчөмү 500 сомду түзөт)


Обсуждение

Для того что бы оставлять комментарии, вам неоходимо авторизоваться на нашем сайте...

Войти

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign