Айыптын өлчөмдөрү 2024
Айыптын өлчөмдөрү 2024
177-берене. Жол курулмаларын бузуу
1-бөлүк. Жолду, көчөнү, темир жол өткөөлүн же башка жол курулмаларын же болбосо жол кыймылын уюштуруунун техникалык каражаттарын бузуу -
Жеке жактарга: 5500 сом / Юридикалык жактарга: 17000 сом2-бөлүк. көчөнүн же жолдун өтүүчү бөлүгүн булгоонун алдын алууга карата чараларды көрбөө, жолдун өтүүчү бөлүгүндөгү оңдоо-курулуш иштеринин натыйжасында бузулган жолдун же көчөнүн элементтерин калыбына келтирүү эрежелерин бузуу жол кыймылынын коопсуздугуна коркунуч келтирсе, -
Жеке жактарга: 7500 сом / Юридикалык жактарга: 23000 сом178-берене. Автомобиль жолдорун, көчөлөрдү, темир жол өткөөлдөрүн жана башка жол курулмаларын күтүү эрежелерин бузуу
1-бөлүк. Калктуу конуштардагы жолдордо жумуштарды жүргүзүү, жолдорду, темир жол өткөөлдөрүн жана жол курулмаларын күтүү боюнча талаптарды, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу эрежелеринде белгиленген башка талаптарды аткарбоо, –
Жеке жактарга: 7500 сом / Юридикалык жактарга: 23000 сом2-бөлүк. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, жабыр тарткан жактын саламаттыгына жеңил зыян келтирүү, транспорт каражатын, жүктөрдү, жолдорду, жолдогу жана башка курулмаларды же башка мүлктү бузуу менен жол-транспорт кырсыгына алып келген аракет, –
Жеке жактарга: 12500 сом / Юридикалык жактарга: 35000 сом3-бөлүк. Жолдордо жана башка жол курулмаларында уруксат документтери жок оңдоо-өндүрүш иштерин жүргүзүү –
Жеке жактарга: 12500 сом / Юридикалык жактарга: 35000 сом179-берене. Автомобиль жолдорунун бөлүү тилкесин сактоо эрежелерин бузуу
1. Тиешелүү органдар менен макулдашпастан жол жээгиндеги тилкелерде, соода түйүндөрүн, тамактануу пункттарын, сервистерди куруу жана уюштуруу же жарнама такталарын, паннолорду, афишаларды, транспаранттарды, көрнөктөрдү, плакаттарды, белгилерди, көрсөткүчтөрдү орнотуу -
Жеке жактарга: 3 000 сом / Юридикалык жактарга: 13 000 сом2. Автомагистралга бөлүнгөн тилкедеги участокту айдоо, тигилген бак-дарактарды кыюу жана зыянга учуратуу, транспорт каражаттарын көк чөптүү аянттарга жана жашылдандыруу үчүн арналган жерлерге токтотуу, чымдарды же кыртышты оюп алуу, чоң жолго кошулуучу жолдорду өзүм билемдик менен куруу же бөлүүчү тилкени бузуу, канализациялык, өнөр жайлык, мелиорациялык жана агынды сууларды суу бургуч курулмаларга жана резервдерге агызуу, -
Жеке жактарга: 5 500 сом / Юридикалык жактарга: 17 000 сом3. Автомобиль жолуна бөлүнгөн тилкеде айыл чарба продукцияларын кургатуу, курулуш жана өнөр жай таштандыларын таштоо, ошондой эле курулуш жана башка материалдарды үйүп салуу -
Жеке жактарга: 12 500 сом / Юридикалык жактарга: 35 000 сом4. Тиешелүү мамлекеттик органдар жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашпастан, автомобиль жолуна бөлүнгөн тилкеде шлагбаум жана башка тосмолорду орнотуу, эгерде укук бузуучунун аракеттеринде кылмыш-жаза жосундарынын белгилери жок болсо, -
Жеке жактарга: 20 000 сом / Юридикалык жактарга: 55 000 сом180-берене. Жолдун жүрүүчү бөлүгүндө жайгашкан кароочу кудуктарды, жер алдындагы коммуникацияларды күтүү эрежелерин бузуу
1. Жолдун жүрүүчү бөлүгүндө жайгашкан кароочу кудуктарды, жер алдындагы коммуникацияларды күтүүнүн эрежелерин бузуу, ага тете жолдун үстүңкү бетине суунун, техникалык суюктуктардын, буунун чыгышына жана ушул себептен улам жол бетинин бузулушуна, муздун пайда болушуна, көрүүнүн чектелишине жана башка тоскоолдуктарга алып келген жер астындагы коммуникациялардын бузуктарын оңдоо үчүн чараларды көрбөө, –
Юридикалык жактарга: 23 000 сом2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, адамдын саламаттыгына жеңил зыян келтирүү, транспорт каражаттарын, жүктөрдү жана башка мүлктү бузуу менен жол-транспорт кырсыгына алып келген жосун, –
Юридикалык жактарга: 35 000 сом181-берене. автомобиль жолдору менен жүрүү үчүн транспорт каражаттарынын белгиленген жол берилген салмак-габариттик параметрлеринин ченемдерин сактабоо (ашыруу) жана автомобиль жолдорунун сакталышын жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башка талаптарды сактабоо
1. Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору, муниципалдык автомобил жолдору менен жүрүү үчүн транспорт каражаттарынын белгиленген жол берилген салмак-габариттик параметрлеринин ченемдерин сактабоо (ашыруу) -
Жеке жактарга: 17 500 сом / Юридикалык жактарга: 55 000 сомУшул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошол эле жосун жыл ичинде кайталанып жасалса, -
Жеке жактарга: 20 000 сом / Юридикалык жактарга: 65 000 сом2. Жүк жөнөтүүчүнүн ташылуучу жүктүн транспорттук документтеринде жүктүн массасы же габариттери жөнүндө анык эмес маалыматтарды берүүсү -
Жеке жактарга: 3 000 сом / Юридикалык жактарга: 13 000 сом3. Юридикалык жак тарабынан транспорт каражатына жүктү жүктөөдө жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору, муниципалдык автомобил жолдору менен жүрүү үчүн транспорт каражаттарынын жол берилген салмак-габариттик параметрлеринин ченемдеринен ашыруу -
Юридикалык жактарга: 55 000 сом4. Эгерде транспорт каражаттарынын кыймылына мындай чектөөлөр жол-климаттык шарттардан улам киргизилсе, автомобиль жолдору боюнча транспорт каражаттарынын кыймылын убактылуу токтотуунун же чектөөнүн талаптарын сактабоо -
Жеке жактарга: 17 500 сом / Юридикалык жактарга: 55 000 сом182-берене. Транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу
1. Эксплуатациялоого тыюу салынган, техникалык бузуктары бар транспорт каражаттарын башкаруу, -
Жеке жактарга: 5 500 сом (скидка 70%)2. Ушул транспорт каражаты үчүн милдеттүү болгон техникалык кароодон өтпөгөн транспорт каражатын айдоо, -
Жеке жактарга: 3 000 сом (скидка 70%)3. Транспорт каражатын каттоо тартибин бузуу, -
Жеке жактарга: 1 000 сом (скидка 70%)4. Транспорт каражатын мамлекеттик каттоонун номердик белгилери же анын бирөөсү жок башкаруу, ага тете мамлекеттик каттоонун номердик белгилерин (белгисин) идентификациялоого тоскоолдук жараткан же болбосо алардын түрүн өзгөртүүгө же жашырууга мүмкүндүк берген түзүлүштөрдү жана материалдарды колдонуу менен мамлекеттик каттоонун номердик белгилери бар транспорт каражатын башкаруу, -
Жеке жактарга: 10 000 сом5. Номердик белгини жайгаштыруу эрежелерин бузуу -
Жеке жактарга: 1 000 сом (скидка 70%)6. Мотошлемдерди же коопсуздук курларын пайдалануу эрежелерин бузуу, -
Жеке жактарга: 1 000 сом (скидка 70%)7. Ыйгарым укуктуу адамдын пайдаланууга тыюу салынган техникалык бузугу бар же милдеттүү техникалык кароодон өтпөгөн, же болбосо белгиленген тартипте катталбаган транспорт каражатынын жол кыймылына катышуусуна жол берүүсү, -
Юридикалык жактарга: 28 000 сом (скидка 70%)183-берене. Техникалык кароону жүргүзгөн диагностикалык борборлордун, ошондой эле автомототранспорт каражаттарын оӊдоо боюнча кызматтарды көрсөтүүчү субъекттердин жоопкерчилиги
1. Диагностикалык борборлордун техникалык кароо жүргүзүүдө өздөрүнүн функцияларын талаптагыдай аткарбашы, техникалык регламенттердин талаптарын сактабашы жана укукка каршы аракеттерди (аракетсиздиктерди) жасашы –
Юридикалык жактарга: 20 000 сом (скидка 70%)2. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын тийиштүү маалымкаты жок, жол-транспорт кырсыгына мүнөздүү бузугу бар автомототранспорт каражаттарын оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү, –
Жеке жактарга: 5 000 сом (скидка 70%) / Юридикалык жактарга: 10 000 сом184-берене. Транспорт каражаттарын документи жок башкаруу
1. Адамдын транспорт каражатын тиешелүү категориядагы айдоочулук күбөлүгү же транспорт каражатын каттоочу документи же болбосо жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча ишти жүзөгө ашырууга лицензиясы жок башкаруусу, -
Жеке жактарга: 1 000 сом (скидка 70%)2. Жер үстүндө жүрүүчү транспорт каражатынын ээсинин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандырууну ырастаган, мыйзамдарда каралган документи жок транспорт каражатын башкаруу, -
Жеке жактарга: 3 000 сом (скидка 70%) / Юридикалык жактарга: 13 000 сом (скидка 70%)3. Кандай болбосун транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамдын транспорт каражатын башкаруусу, же транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамга мындай транспорт каражатын башкарууга берүү, -
Жеке жактарга: 15 000 сомЭскертүү. Бул берененин жоболору мыйзамдарда белгиленген тартипте транспорт каражатын айдоого үйрөнүү курстарынан өтүп жаткан адамдарга карата колдонулбайт.
185-берене. Транспорт каражатынын айдоочусунун ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын, транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин транспорт каражатын токтотуу жөнүндө талаптарын аткарбоосу
Транспорт каражатынын айдоочусунун ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын, транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин транспорт каражатын токтотуу жөнүндө талаптарын аткарбоосу -
Жеке жактарга: 5 500 сом186-берене. Транспорт каражатынын айдоочусунун жараксыз айдоочулук күбөлүктү жана транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктү көрсөтүүсү
1. Транспорт каражатынын айдоочусунун жараксыз айдоочулук күбөлүктү көрсөтүүсү жана бул фактынын андан кийин да белгиленүүсү –
Жеке жактарга: 10 000 сом (скидка 70%)2. Транспорт каражатынын айдоочусунун транспорт каражатын каттоо (транспорт каражатын мамлекеттик каттоону убактылуу токтотуу) жөнүндө жараксыз күбөлүктү көрсөтүүсү –
Жеке жактарга: 5 000 сом (скидка 70%)187-берене. Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан ашуусу
1. Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан 10 км/сааттан көп, бирок 20 км/сааттан көп эмес ашуусу -
Жеке жактарга: 1 000 сом (скидка 70%)2. Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан 20 км/сааттан көп, бирок 40 км/сааттан көп эмес ашуусу -
Жеке жактарга: 3 000 сом (скидка 70%)3. Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан 40 км/сааттан көп, бирок 60 км/сааттан көп эмес ашуусу -
Жеке жактарга: 7 500 сом4. Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан 60 км/сааттан көп ашуусу -
Жеке жактарга: 15 000 сом188-берене. Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу
1. Жол белгилеринин талаптарын, жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбоо (каршы кыймылдын тилкесине чыгуу менен озуп өтүүнү же болбосо маневр жасоо эрежелерин бузууларды кошпогондо); токтоо же токтоп туруу эрежелерин бузуу; коопсуз аралыкты, интервалды сактабоо же болбосо жолдун жүрүүчү бөлүгүндө транспорт каражаттарын жайгаштырууну бузуу же автомагистралдар боюнча жүрүү эрежелерин бузуу; светофордун тыюу салуучу сигналы же жөнгө салуучунун тыюу салуучу жаңсоосу болгондо жол белгилери же жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн чийиндери менен белгиленген стоп-линиянын алдында токтоо жөнүндө Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын аткарбоо; каршы кыймыл тилкесине чыкпай туруп кууп өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузуу; тышкы жарык берүүчү приборлорду же болбосо эскертүүчү сигналдарды пайдалануу эрежелерин бузуу (бардык механикалык транспорт каражаттарына сутканын жарык убагында калктуу конуштардан тышкары жерлерде фаранын жандырылган жакын жарыгы менен жүрүү талаптарын кошпогондо) -
Жеке жактарга: 1 000 сом (скидка 70%)2. Маршруттук транспорт каражаттары үчүн тилкеде токтоо же токтоп туруу эрежелерин бузуу; айдоону үйрөтүү эрежелерин бузуу; жөө жүрүүчүнүн өткөөлдөрүнөн өтүү эрежелерин бузуу, жөө жүрүүчүнүн өткөөлдөрүндө жөө жүрүүчүгө артыкчылыктарды бербөө, жүктөрдү ташуу же болбосо транспорт каражаттарын сүйрөтүү эрежелерин бузуу; айдоочунун транспорт каражатында жүрүп баратканда колдун жардамысыз сүйлөшүүгө мүмкүндүк берүүчү техникалык түзүлүштөр менен жабдылбаган байланыш каражаттарын пайдалануу эрежелерин бузуу (кечиктирилгис кызматтык милдеттерин аткарган учурдагы атайын транспорт каражаттарынын айдоочуларын кошпогондо); автомобиль жолдоруна айдоочулар, жүргүнчүлөр же жол кыймылынын башка катышуучулары тарабынан таштандыларды жана башка предметтерди ыргытуу (таштап салуу, үйүп салуу, өрттөө) -
Жеке жактарга: 3 000 сом (скидка 70%)3. Өткөөлдөрдөн өтүү же светофордун тыюу салуучу сигналында же болбосо жөнгө салуучунун тыюу салуучу жаңсоосунда өтүү эрежелерин бузуу, ага тете тротуар менен же болбосо жөө жүрүүчүнүн же велосипед жолунда жүрүү; жалпы пайдалануудагы транспорт каражаттарына артыкчылык бербөө, анын ичинде жалпы пайдалануудагы транспорт каражаттарынын токтоочу жерлеринен өтүү эрежелерин бузуу; кыймылдаткычтын иштетилген газдарын чыгаруучу тутумунун үнүнүн (күрүлдөшүнүн) деңгээлин күчөтүү үчүн кайра жабдуу, ага тете жабдууларды орнотуу -
Жеке жактарга: 5 500 сом (скидка 70%)4. Атайын жарык берүүчү жана үн чыгаруучу сигналдык түзүлүштөрдү иштетүү менен жүрүп бараткан транспорт каражаттарынын кыймылына артыкчылык бербөө, -
Жеке жактарга: 10 000 сом (скидка 70%)5. Каршы кыймыл тилкесине чыгуу менен озуп өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузуу, -
Жеке жактарга: 15 000 сом189-берене. Автоээнбаштык
1. Автоээнбаштык, башкача айтканда, транспорт каражатынын айдоочусунун коомду урматтабаганын ачык эле билдирген, жол кыймылынын эрежелерин жана транспорт каражатын пайдаланууну бузуу менен коштолгон (автомобиль жарышы, белгиленбеген жерлерде ар кандай түрдөгү көрсөтмөлүү айдоо ж.б.) коомдук тартипти жана жарандардын тынчтыгын ачыктан-ачык бузган атайын аракети, -
Жеке жактарга: 15 000 сом (скидка 70%)2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет жыл ичинде кайталанып жасалса, -
транспорт каражатын башкаруу укугунан 6 айлык мөөнөткө ажыратууга алып келет.
190-берене. Жөө жүрүүчүнүн, жүргүнчүнүн, велосипедди, жеке мобилдүүлүк каражатын, мопедди, арабаны башкарган жана мал айдаган адамдын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу
1. Жөө жүрүүчүнүн, жүргүнчүнүн, велосипедди, жеке мобилдүүлүк каражатын, мопедди, арабаны башкарган жана мал айдаган адамдын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу, -
Жеке жактарга: эскертүү же 1 000 сом (скидка 70%)2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдардын жол кыймылынын эрежелерин мас абалда бузуусу, -
Жеке жактарга: 3 000 сом (скидка 70%)191-берене. Кечиктирилгис учурларда транспорт каражатын бербей коюу
Ички иштер органдарынын, улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерине же медициналык кызматкерге кечиктирилгис учурларда транспорт каражатын бербей коюу, –
Жеке жактарга: 3 000 сом (скидка 70%)192-берене. Жол кыймылынын башка эрежелерин бузуу
1. Ушул Кодексте эске алынгандарды кошпогондо, жол кыймылынын эрежелеринин башка талаптарын бузуу, -
Жеке жактарга: эскертүү же 1 000 сом (скидка 70%)2. Транспорт каражатынын, жүктүн, автомобиль жолунун, көчөнүн, темир жол өткөөлүнүн, жол курулмасынын же башка мүлктүн бузулушуна алып келген жол кыймылынын эрежелерин бузуу, -
Жеке жактарга: 5 500 сом (скидка 70%)3. Эгерде укук бузуучунун аракеттеринде кылмыштын белгилери жок болсо, адамдын ден соолугуна зыян келтирүү менен жол кыймылынын эрежелерин бузуу, -
Жеке жактарга: 10 000 сом (скидка 70%)4. Аракеттеринде кылмыштын белгилери жок болгондо, Жол кыймылынын эрежелерин бузуу менен жол-транспорт кырсыгынын катышуучу болуп саналган айдоочу кырсык болгон жерди таштап кетсе, -
транспорт каражатын башкаруу укугунан 6 айлык мөөнөткө ажыратууга алып келет.Эскертүү. Жарандык-укуктук жоопкерчилиги камсыздандырылган адам, эгерде жол-транспорт кырсыгынын катышуучусу милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарга ылайык кырсык жөнүндө биргелешип кабарлоо түзүү укугун пайдаланган шартта, транспорт каражатынын бузулуусуна алып келген бул беренеде каралган жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартпайт.
5. Автомобиль жолдору менен жүрүү үчүн транспорт каражатынын салмак-габариттик параметрлеринин белгиленген жол берилген ченемдеринин бузууларын (ашырууларын) фото жана видео фиксациялоо функциясы бар атайын техникалык каражаттар орнотулган жол участокторунда жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбоо -
Жеке жактарга: 20 000 сом (скидка 70%)1921-берене. Акы төлөнүүчү муниципалдык унаа токтотуучу жайга транспорт каражатын жайгаштыруу үчүн акы төлөөдөн качуу
Акы төлөнүүчү муниципалдык унаа токтотуучу жайга (акы төлөөнүн жана убакытты эсепке алуунун автоматташтырылган системасы болгондо) транспорт каражатын жайгаштыруу (токтотуу) үчүн белгиленген акыны төлөөдөн качуу -
Жеке жактарга: 1 000 сом / Юридикалык жактарга: 5 000 сом193-берене. Мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаруусу, мас абалындагы же транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамга транспорт каражатын башкарууга берүү
1. Алкоголь, баңгизат, психотроптук жана башка маң кылуучу заттар менен мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаруусу, -
транспорт каражатын башкаруу укугунан бир жылдык мөөнөткө ажыратууга алып келет.11. Алкоголь, баңгизат, психотроптук жана башка маң кылуучу заттар менен мас абалындагы кандай болбосун транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамдын транспорт каражатын башкаруусу, -
үч суткага камакка алууга алып келет.2. Транспорт каражатын башкаруучу айдоочунун белгиленген тартипке ылайык мас абалын күбөлөндүрүүдөн өтүүдөн баш тартуусу, -
үч суткага камакка алууга алып келет.21. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган жосун кандай болбосун транспорт каражатын башкарууга укугу жок адам тарабынан жасалса, -
беш суткага камакка алууга алып келет.3. Алкоголдук, баңгизаттык же кандай болбосун башкача мас абалындагы адамдын, же болбосо бул каражатты башкарууга укугу жок адамдын автомототранспорт каражатын башкаруусуна мындай транспорт каражатын эксплуатациялоо үчүн жооптуу адамдын жол берүүсү, буга тете автомототранспорт каражатынын айдоочусунун, же болбосо ээсинин мас абалындагы адамдын башкаруусуна берүүсү, -
Жеке жактарга: 20 000 сом / Юридикалык жактарга: 55 000 сом4. Эгерде укук бузуучунун аракеттеринде кылмыш-жаза жосунунун белгилери жок болсо, адамга материалдык зыян же болбосо анын ден соолугуна этиятсыздыктан залал алып келген, ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган жосун, -
транспорт каражатын башкаруу укугунан үч жылдык мөөнөткө ажыратууга алып келет.41. Эгерде укук бузуучунун аракеттеринде кылмыш-жаза жосунунун белгилери жок болсо, адамга материалдык зыян же анын ден соолугуна этиятсыздыктан залал алып келген, ушул берененин 11-бөлүгүндө каралган жосун, -
жети суткага камакка алууга алып келет.5. Ушул берененин 1 же 4-бөлүктөрүндө каралган жосундар жаза мөөнөтү өткөндөн кийин кайталанып жасалса, -
укук бузуунун каражаты болуп саналган транспорт каражатын убактылуу алып коюу менен транспорт каражаттарын башкаруу укугунан үч жылдык мөөнөткө ажыратууга алып келет.6. Ушул берененин 11, 21 жана 41-бөлүктөрүндө каралган жосундар ушул Кодекстин 33-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык камакка алуу колдонулбаган адамдар тарабынан жасалса, -
Жеке жактарга: 20 000 сомЭскертүү. Белгиленген тартипке ылайык мас абалды күбөлөндүрүүдөн өтүүдөн баш тарткан транспорт каражатын башкаруучу адамдын мас абалы аныкталган учурда, ушул берененин 1-бөлүгү боюнча да жоопкерчилик тартат.
194-берене. Ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган транспорт каражатын башкаруу
1. Айдоочунун тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган же транспорт каражатынын конструкциясында каралбаган кошумча жабдуулар орнотулган транспорт каражатын башкаруусу, -
Жеке жактарга: 5 500 сом (скидка 70%) / Юридикалык жактарга: 17 000 сом (скидка 70%)2. Сыртына ыкчам кызматтардын транспорт каражаттарынын атайын түстүү графикалык схемалары мыйзамсыз түшүрүлгөн же атайын үн чыгаруучу же жарык берүүчү сигналдар орнотулган транспорт каражатын башкаруу, -
Жеке жактарга: 5 500 сом (скидка 70%) / Юридикалык жактарга: 17 000 сом (скидка 70%)3. Транспорт каражатынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөтүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты жок айдоочунун маңдайкы айнеги жана (же) алдыңкы эшиктеринин каптал айнектери күңүрттөлгөн, анын ичинде колдо жасалган, өнөр жайда даярдалган, же болбосо аларга тартылган пардалары же айнектеринде чагылышкан күңүрттөтүүчү жабуусу бар транспорт каражатын башкаруусу -
Жеке жактарга: 20 000 сом / Юридикалык жактарга: 40 000 сомЭскертүү. Бул ченем тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу атайын автоунааларга жайылтылбайт.
195-берене. Кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерин бузуу
1. «Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу же аткарбоо –
Жеке жактарга: 3 000 сом (скидка 70%) / Юридикалык жактарга: 13 000 сом (скидка 70%)2. Айдоочунун кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерин же автомобиль жолдору, көчөлөр же темир жол өткөөлдөрү аркылуу ири габариттүү же болбосо оор салмактуу транспорт каражаттарынын жүрүү эрежелерин бузуусу, –
Жеке жактарга: 17 500 сом (скидка 70%)3. Айдоочунун ири габариттүү жана оор салмактуу жүктөрдү ташуу эрежелерин бузуусу, –
Жеке жактарга: 20 000 сом (скидка 70%)4. Ири габариттүү жана оор салмактуу автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташыган айдоочулардын транспорт каражатын тийиштүү уруксаты жок башкаруусуна жол берүү –
Жеке жактарга: 17 500 сом (скидка 70%) / Юридикалык жактарга: 55 000 сом (скидка 70%)196-берене. Идентификациялык номерлери каттоо документтериндеги жазууларга ылайык келбеген транспорт каражаттарын эксплуатациялоо
Курамдык бөлүктөрүнүн идентификациялык номерлери каттоо документтериндеги жазууларга ылайык келбеген транспорт каражаттарын эксплуатациялоо же аларды жок кылуу –
Жеке жактарга: 5 500 сом (скидка 70%)197-берене. Транспорт каражатын жолго чыгаруу эрежелерин бузуу
Техникалык абалы же жабдуулары жол кыймылынын эрежелерине, жол кыймылынын коопсуздук стандарттарына же техникалык эксплуатациялоого ылайык келбеген транспорт каражаттарын жолго чыгаруу эрежелерин бузуу –
Жеке жактарга: 10 000 сом (скидка 70%) / Юридикалык жактарга: 28 000 сом (скидка 70%)198-берене. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу менен байланышкан автомобиль жолдорун, көчөлөрдү, темир жол кыймылдуу курамын, темир жол транспортунун инфратүзүмүн, жол курулмаларын куруу, оңдоо жана күтүү, экплуатациялоого жаткан механикалык транспорт каражаттарын техникалык тейлөө жана оңдоо ченемдерин жана эрежелерин бузуу
1. Транспорт каражаттарын же алардын тетиктерин, же болбосо аларды кошумча жабдуудагы башка предметтерди оңдоодо, автомобиль жолдорун, көчөлөрдү, темир жол кыймылдуу курамын, темир жол транспортунун инфратүзүмүн жана жол курулмаларын курууда, оңдоодо же күтүүдө техникалык регламенттердин эрежелерин, ченемдерин же талаптарын бузуу -
Жеке жактарга: 7 500 сом / Юридикалык жактарга: 23 000 сом2. Автомобиль жолдорунун, дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын, айыл чарба жана токой чарба тракторлорунун жана алардын чиркегичтеринин, темир жол кыймылдуу курамынын жана темир жол транспортунун инфратүзүмүнүн коопсуздугу боюнча техникалык регламенттердин жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу менен байланышкан талаптарын бузуу, -
Жеке жактарга: 7 500 сом / Юридикалык жактарга: 23 000 сом3. Автомобиль жолдорунун, дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын, айыл чарба жана токой чарба тракторлорунун жана алардын чиркегичтеринин, темир жол кыймылдуу курамынын жана темир жол транспортунун инфратүзүмүнүн техникалык регламенттердин талаптарына шайкештигин баалоо боюнча эрежелерди бузуу -
Жеке жактарга: 10 000 сом / Юридикалык жактарга: 28 000 сом199-берене. Автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелерин бузуу
1. Балдардын же туристтердин уюштурулган топторун ташуу эрежелерин бузуу, –
Жеке жактарга: 5 500 сом2. Каттамдык такси катары же шаар аралык же болбосо эл аралык жүргүнчүлөрдү ташууларда пайдаланылуучу транспорт каражаттары менен ташылуучу адамдардын санына карата талаптарды айдоочунун бузуусу, ошондой эле айдоочуда жүргүнчүлөрдү ташуу келишими, же болбосо каттамдын паспорту болбогондо –
Жеке жактарга: 1 000 сом3. Автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууда «Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу же аткарбоо –
Жеке жактарга: 3 000 сом / Юридикалык жактарга: 13 000 сом4. Айдоочулардын иштөө же эс алуу режимин бузуу –
Жеке жактарга: 5 500 сом / Юридикалык жактарга: 17 000 сом5. Айдоочунун ар бир кезмети сайын рейске чыгар алдындагы медициналык кароодон өтүү же рейске чыгар алдындагы транспорт каражаттарынын техникалык абалын контролдон өткөрүү бөлүгүндө жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелерин бузуусу, –
Жеке жактарга: 5 500 сом / Юридикалык жактарга: 17 000 сом6. Жеңил таксинин айырмалоочу шарттуу белгилери жок бөлүгүндө жеңил такси менен жүргүнчүлөрдү жана жол жүктөрүн ташуу жана жеңил таксилер менен автобекеттердин жана автостанциялардын аймагынан тышкары шаар аралык жана эл аралык каттамдарда жүргүнчүлөрдү ташуу (диспетчердик кызматтын тапшырыгы боюнча ташуулардан тышкары) эрежелеринин талаптарын бузуу –
Жеке жактарга: 3 000 сом7. Кыргыз Республикасында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелеринин башка талаптарын бузуу –
Жеке жактарга: 3 000 сом8. Муниципалдык коомдук транспортто жол кирени жана жол жүгүн ташуу үчүн акы төлөбөө, ага тете шаардык коомдук транспортту пайдалануу эрежелерин бузуу -
Жеке жактарга: 1 000 сом200-берене. Эл аралык автомобилдик ташуу эрежелерин бузуу
1. Транспорт каражаттарын каттаган мамлекетти таанытуучу белгилери жок эл аралык автомобилдик ташууларды жүзөгө ашыруу, -
Жеке жактарга: 3 000 сом2. Эл аралык автомобилдик ташууну контролдук түзүлүш (тахограф) жок, жандырылбаган же бузук тахограф менен, ага тете айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимин чагылдырган каттоо баракчаларын (тахограммдарды) жүргүзүүсүз же алар жок учурда жүзөгө ашыруу, -
Жеке жактарга: 3 000 сом3. Эл аралык каттамда жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташууда кыймылдын белгиленген каттамынан четтөө -
Жеке жактарга: 5 500 сом / Юридикалык жактарга: 17 000 сом4. Автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү эл аралык үзгүлтүксүз эмес ташууларды жүзөгө ашырууда жүргүнчүлөрдүн тизмеси жок болсо -
Жеке жактарга: 5 500 сом / Юридикалык жактарга: 17 000 сом5. Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча өтүүгө уруксатсыз же атайын уруксатсыз, ташуунун түрүнө туура келбеген уруксаттар менен эл аралык автомобилдик ташууларды жүзөгө ашыруу -
Жеке жактарга: 20 000 сом / Юридикалык жактарга: 65 000 сом6. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ташуучуларын кошпогондо, ташуучунун эл аралык автомобилдик ташууларды Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан пункттардын ортосунда автомобилдик ташууну жүзөгө ашыруусу, ошого тете Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ташуучуларынын Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан пункттардын ортосунда жүктөрдү автомобилдик ташууларды жүзөгө ашыруу шарттарын сактабоо, -
Жеке жактарга: 20 000 сом / Юридикалык жактарга: 65 000 сом7. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин транспорттук (автомобилдик) контролдоочу ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилүүчү кабарламаны аткарбастан жана эсепке алуу талонусуз, эл аралык автомобилдик ташууларды жүзөгө ашыруу, ошондой эле кабарламада көрсөтүлгөн каттамдан четтөө, -
Жеке жактарга: 20 000 сом / Юридикалык жактарга: 65 000 сом8. Чет өлкөлүк уруксат бланктарын ата мекендик ташуучу тарабынан башка ата мекендик ташуучуга пайдалануу үчүн өткөрүп берүү -
Жеке жактарга: 10 000 сом / Юридикалык жактарга: 30 000 сом9. Чет өлкөлүк ташуучулардын Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык автомобилдик ташууларды толтурулбаган уруксат бланктары менен, же болбосо уруксат бланкында транспорттук контролдоо органынын кызмат адамынын белгилөөсү жок жүзөгө ашыруусу -
Жеке жактарга: 20 000 сом / Юридикалык жактарга: 65 000 сом2001-берене. Жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташуу эрежелерин бузуу
1. Товардык-транспорттук коштомо кагазысыз (ТТК) жана автомобиль транспорту менен жүктөрдү ташуу эрежелеринде белгиленген башка документтерсиз жүктөрдү ташууну жүзөгө ашыруу -
Жеке жактарга: 10 000 сом / Юридикалык жактарга: 30 000 сом2. Ата мекендик ташуучулар тарабынан ички жүк ташууларда транспорт каражаттарын каттоо тартибин бузуу менен башка мамлекетте катталган чиркегичтерди жана жарым чиркегичтерди пайдалануу -
Жеке жактарга: 10 000 сом / Юридикалык жактарга: 30 000 сом2002-берене. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору менен жүргөндүгү үчүн жыйым төлөө боюнча талаптарды бузуу
Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору менен жүргөндүгү үчүн белгиленген жыйымды төлөбөө -
Жеке жактарга: 20 000 сом / Юридикалык жактарга: 65 000 сом449-берене. Транспорт каражатында жасалма мамлекеттик каттоонун номердик белгисин пайдалануу
1. Жалган же стандарттуу эмес (жасалма) мамлекеттик каттоо номердик белгилери (белгиси) бар транспорт каражатын башкаруу -
Жеке жактарга: 20 000 сом (скидка 70%)2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган жосун жыл ичинде кайталанып жасалса, -
транспорт каражатын башкаруу укугунан бир жылдык мөөнөткө ажыратууга алып келет.

