ЖКЭнин экзамендерине кантип даярдануу керек

ЖКЭнин экзамендерине кантип даярдануу керек
Автор: JOLDO.kg    Котормочу: Alfa Translation    icon 92676

Бардык билеттерди кантип эске тутуп калса болот? 

Учурда МККда экзамендерде 600дөн ашык суроолор колдонулууда. Алардын баардыгын ар ким эле эске тутуп кала албайт жана анын пайдасы да аз.

Анын ордуна экзамендик суроолордун маани-мааңызын түшүнүүгө аракет кылсаңыз, алда канча натыйжалуу болот. Үч жөнөкөй кеңешти колдонуңуз:

  • Шашылбаңыз
  • Суроону кунт коюп окуңуз
  • Жоопту эмес, ЖКЭде эмне деп жазылганын эстеңиз


Шашылбаңыз

Сизге 20 суроо үчүн 25 мүнөт берилет. Суроолор туш келди тандалып алынат. Ар кандай категориядагы суроолор сөзсүз кездешет.

Бул убакыт суроону кунт коюп окуп чыгууга жана суроодогу сүрөттү карап чыгууга жетиштүү. Паникага алдырбаңыз


Суроону кунт коюп окуңуз

Көп адамдар суроону туура эмес түшүнгөдүгүнөн улам ката кетиришет. Мисалы, суроодо мындай деп келет: - Сиз пайдалана албайсыз... деген суроону: - Сиз пайдалана аласыз... деп көрүп алдыңыз. Бир сөздү жакшы байкабай калгандыгыңыздын себебинен суроонун түпкү мааниси өзгөрүп кетти. Туура түшүнгөнүңүзгө ынануу үчүн суроону кайрадан окуп чыгыңыз. 


Жообун эстебеңиз

Экзаменде көптөгөн окшош суроолор бар. Эгер жоопторду гана жаттасаңыз, адашып калышыңыз мүмкүн. ЖКЭни түшүнүүгө аракет кылыңыз. Билеттерди жаттап жатканда, жөн гана туура жоопторду издөө менен алектенбеңиз. Себебин табыңыз. Эмне үчүн ушул жооп туура. Билеттердеги суроолор - ЖКЭ боюнча билимиңизди иш жүзүндө колдонуу мүмкүнчүлүгү.

Чындыгында, сиз ЖКЭнин бир нече пунктарын гана түшүнүп жана жаттап алууңуз кажет. Экзамендеги суроолордун көбү ЖКЭнин бир пунктунун тегерегинде гана негизделген. Эгер сиз жол кыймылынын эрежелерин жакшы түшүнүп алсаңыз, жашооңузда жардамы тиет.


Эгер өтпөй калсаңыз? 

Кабатыр болбоңуз, сизде чектөөсүз мүмкүнчүлүктөр бар. Бир нече убакыт өткөндөн кийин кайрадан аракет кылып көрсөңүз болот. 


Кантип даярдануу керек?


Биринчи кадам

Бардык суроолор менен таанышып чыгуу. Ал үчүн бардык суроолорду ирети менен карап чыгуу керек.


Экинчи кадам

Өзүңүздүн алсыз жактарыңызды аныктоо. Билеттерди темалар боюнча жаттоо. Сиз үчүн оор болгон теманы тандаңыз.


Үчүнчү кадам

Оор суроолорду өзүнчө бөлүп алыңыз. "Билеттерди талдоо" бөлүмүнөн суроолоруңузду таап, түшүндүрмөлөрүн окуп чыгыңыз.   


Разбор билетов ПДД КР (Орусча)


Перевод статьи выполнен "Alfa Translation"
г.Бишкек, ул.Калыка Акиева 66

Обсуждение

Для того что бы оставлять комментарии, вам неоходимо авторизоваться на нашем сайте...

Войти

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign