Жогорку Кеңеш электросамокаттар мыйзам долбоорлорун кабыл алды

Жогорку Кеңеш электросамокаттар мыйзам долбоорлорун кабыл алды
Автор: JOLDO.kg    icon 428

22-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» жана "КР укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралды.

Демилгечи депутаттардын бири Марлен Маматалиев белгилегендей, аталган мыйзам долбоорлору жеке мобилдүүлүк каражаттары (электросамокаттар, самокаттар, гироскутерлер жана башка ушул сыяктуу түзүлүштөр) сыяктуу транспорт каражаттарын пайдалануу менен байланышкан маселелерди мыйзамдык жөнгө салуу жолу менен жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында иштелип чыккан. 

Ошондой эле депутат электр скутерлерин жана башка жеке мобилдүүлүк каражаттарын пайдалануунун натыйжасында жабыркаган учурлардын көбөйүшүнүнөн улам мыйзам долбоору сунушталып жатканын белгиледи. 

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү

Обсуждение

Для того что бы оставлять комментарии, вам неоходимо авторизоваться на нашем сайте...

Войти

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign