“Авто Ураган” стационардык аппараттык-программалык комплексси иштөөдө

“Авто Ураган” стационардык аппараттык-программалык комплексси иштөөдө
Автор: Байказы Айтикул уулу    icon 634

ЖКККББ: Айдоочуларга эскертүү. Чолпон-ата шаарында жылып туруучу “Авто Ураган” стационардык аппараттык-программалык комплексси иштөөдө.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жол унаа кырсыктарынын алдын алуу жана туристтик мезгил учурунда коопсуздукту күчөтүү максатында, Ысык-Көл облусунун Чолпон-ата шаарында жылып туруучу “Авто Ураган” стационардык аппараттык-программалык комплекссин ишке киргизди. Түшкө чейин бул аппараттык комлексстин жардамы менен ЖКККББнын кызматкерлери 5 авто унаанын ар кандай эреже бузгандыгын аныктап, убактылуу айып короо жайына токтотушту.


Бул “Авто Ураган” стационардык аппараттык-программалык комплексси аркылуу авто унаалардын

-Издөөдө жүргөндүгүн;  

-Айып пулдарын өз убагында төлөбөгөндөрүн жана сотко өткөндөрүн;

-Каттоосу убактылуу токтотулгандарын;

-Ылдамдыкты ашырып айдагандарын жана башка баардык укук бузууларын аныктайт.


Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочулардан авто унаанын айып пулдарын өз убагында төлөп, издөөдө жана камакка алынгандыгын текшерип, анан жолго чыгууңуздарды эскертет.


Эскерте кетсек 25-июндан тартып, Чүй облусунун Жайыл районунун “Сосновка” көзөмөл-өткөрмө пунктунда да стационардык аппараттык-программалык комплекси ишке кирген.


ЖКККББнын басма сөз кызматы

Обсуждение

Для того что бы оставлять комментарии, вам неоходимо авторизоваться на нашем сайте...

Войти

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign