2024-жылы Кыргызстанда ОСАГО

2024-жылы Кыргызстанда ОСАГО
Автор: JOLDO.kg    Котормочу: Alfa Translation    icon 50410


2024-жылы Кыргызстанда ОСАГО 

жөнүндө катардагы айдоочу билип алуусу тийиш болгон нерселер


2022-жылдын тарта бардык айдоочуларда камсыздандыруу полиси болушу шарт


Тарыхы

Кыргызстанда милдеттүү камсыздандыруу жөнүндөгү мыйзам акырындык менен күчүнө кире баштаган. Документ 2015-жылдын жайында кабыл алынган. Ченемдик укуктук акт 2016-жылы күчүнө кириши керек болчу, бирок мөөнөтү 2019-жылдын башына жылдырылып, андан кийин бул мыйзамды этап-этабы менен киргизүү чечими кабыл алынган.

Төмөнкүдөй график бекитилген:

  • башка мамлекеттерде катталган автотранспорт каражаттарынын ээлери жана (же) айдоочулары үчүн - 2021-жылдын июль айынан тартып,
  • мамлекеттик органдардын менчигинде же алардын ээлигинде турган автотранспорт каражаттары жана жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн пайдаланылган автотранспорт каражаттарынын ээлери үчүн - 2022-жылдын январынан тартып,
  • бул талап жеке автоунаа ээлерине да тиешелүү болот - 2025-жылдын январынан тартып.


Эмне үчүн 2025-жылдын баштап?

Милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө мыйзам транспорт каражаттарынын айдоочуларында 2023-жылдын 1-январынан баштап камсыздандыруу полисинин болуусун милдеттендирсе дагы, инспектор аны айдоочулардан талап кылууга азырынча укугу жок.

2025-жылдын 1-январынан баштап Кыргыз Республикасынын ЖКЭнин текстине өзгөртүүлөр киргизилет, анда айдоочулар камсыздандыруу полисин өзү менен алып жүрүүсү жана ЖКККБнын кызматкерине көрсөтүүсү милдеттендирилет.

Бул 2025-жылдын 1-январынан баштап инспекторлор камсыздандыруу полисинин жок болгондугу үчүн айып пул сала башташат дегенди билдирет.


2025-жылдын 1-январынан баштап жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин талабы боюнча транспорт каражатын токтоткондо, айдоочу аларга текшерүү үчүн башка белгиленген документтерден тышкары милдеттүү камсыздандыруу боюнча документтерди дагы берүүгө милдеттүү. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-декабрындагы № 731 токтому)


Айыптын өлчөмдөрү

184-берене. Транспорт каражаттарын документи жок башкаруу
Жер үстүндө жүрүүчү транспорт каражатынын ээсинин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандырууну ырастаган, мыйзамдарда каралган документи жок транспорт каражатын башкаруу

Физ. лица - 3000 сом (70% скидка)

Юр. лица - 13000 сом


Перевод статьи выполнен "Alfa Translation"
г.Бишкек, ул.Калыка Акиева 66

Тэги:

Обсуждение

Для того что бы оставлять комментарии, вам неоходимо авторизоваться на нашем сайте...

Войти

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign