Негизги жоболор


Транспорт каражаттарын пайдаланууга уруксат берүү боюнча негизги жоболор жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызмат адамдарынын милдеттери

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы N 136, 2015-жылдын 16-ноябрындагы № 771, 2017-жылдын 25-декабрындагы № 833, 2019-жылдын 7-октябрындагы № 522 токтомдорунун редакцияларына ылайык)


1. Механикалык транспорт каражаттары жана чиркегичтер "Транзит" каттоо белгиси колдонулган мезгилдин ичинде же аларды сатып алуудан же бажы документтерин толтуруудан кийин 10 жумуш күндүн ичинде транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында каттоодон өткөрүлүүгө тийиш.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-декабрындагы № 833, 2019-жылдын 7-октябрындагы № 522 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

2. Механикалык транспорт (трамвай жана троллейбустардан башка) каражаттары жана чиркегичтерге ошол жер үчүн каралган тийиштүү үлгүдөгү каттоо белгилери орнотулат, ал эми мындан тышкары автомобилдердин маңдайкы айнегинин ылдыйкы оң бурчуна мамлекеттик техникалык кароодон өткөндүк жөнүндөгү талон жана белгиленген учурларда лицензиялык карточка чапталат.

Каттоо белгилеринин цифралары жана ариптери жүк ташуучу автомобилдин, чиркегичтердин (жеңил автомобилдер менен мотоциклдин чиркегичтеринен тышкары) жана автобустардын (өтө кичине автобустардан башка) кузовунун арткы жагында кайталанууга тийиш. Цифралардын бийиктиги кеминде 300 мм, жазылыгы - кеминде 120 мм, штрихтин калыңдыгы - 30 мм, ариптердин өлчөмү цифранын өлчөмүнүн үчтөн бирине туура келүүгө тийиш.

Трамвайлар менен троллейбустарга тийиштүү ведомстволор берген каттоо номерлери тагылат.

3. Жол кыймылына катышкан транспорт каражаттарынын жол кыймылынын коопсуздугуна жана курчап турган чөйрөнү коргоого тиешеси бар техникалык абалы жана жабдуулары тийиштүү стандарттарга, аларды техникалык жактан пайдалануунун эрежелерине жана көрсөтмөлөрүнө ылайык келүүгө тийиш.

4. Адамдарды ташууга арналган борттук платформасы бар жүк ташуучу автомобилдер полдон 0,3 - 0,5 метр бийиктикте жана борттун жогорку кырынан кеминде 0,3 метр аралыкта орнотулган орундуктар менен жабдылууга, ал эми балдарды ташууда өзүнүн бортунан тышкары полдон ал кеминде 0,8 метр бийик болууга тийиш.

Арткы же каптал бортту бойлой жайгашкан орундуктардын бекем жөлөнгүчү болууга тийиш.

5. Айдоого үйрөтүүгө пайдаланган жана окутуу уюмуна тиешелүү механикалык транспорт каражаты жайгаштыруунун жана тормоздун кошумча муунагы менен жабдылууга тийиш.

6. Велосипеддин тормозу оң абалында болуп, руль жана үн чыгаруучу сигналы болууга, алды жагынан жарыкты чагылдыргыч жана фонарь же ак түстөгү (сутканын караңгы учурунда жана көрүүгө начар болгон шартта жүрүү үчүн) фара менен, арт жагынан жарык чагылдыргыч же кызыл түстөгү фонарь менен, ал эми эки капталы - саргыч же кызыл түстөгү жарык чагылдыргыч менен жабдылууга тийиш.

7. Ат арабанын токтоп тургандагы тормоздук жабдуусу жана артка жылып кетүүгө каршы таянычы болууга, алды жагынан эки жарык чагылдыргыч же ак түстөгү фонарь (түн ичинде жана жол начар көрүлгөн шартта), арт жагынан эки жарык чагылдыргыч же кызыл түстөгү фонарь менен жабдылышы керек.

8. Транспорт каражаттарында төмөнкүдөй айырмалоочу белгилер орнотулууга тийиш:

"Автопоезд" - чиркегичи бар жүк ташуучу автомобилдерде жана (1,4 тонна жана андан жогорку класстагы) дөңгөлөктүү тракторлордо, ошондой эле ортосу бүктөлмө автобустар менен троллейбустарга аралыгы 150 миллиметрден 300 миллиметрге чейинки өлчөмдө кабинанын үстү жагына горизонталдуу абалда саргыч кызыл түстөгү үч фонарь;

"Тикенектер" - дөңгөлөгүндө тикенектери бар механикалык транспорт каражаттарынын арт жагына кара түстө "Ш" арбин жазуу менен кызыл түс менен кыймаланган бир учу жогору жакты караган ак түстөгү үч бурчтук (үч бурчтуктун жактары кеминде 200 мм, кыймалардын жазылыгы 1/10);

"Балдарды ташуу" - балдардын тобун ташууда автобустардын же жүк ташуучу автомобилдердин алдына жана артына карата түстөгү 1.21 жол белгисинин символу бар кызыл түстөгү кыймасы менен сары түстөгү төрт бурчтук (тараптардын узундугу кеминде 250 мм, кыйманын жазылыгы 1/10);

"Дүлөй айдоочу" - дүлөй жана дудук же дүлөй айдоочу башкарган механикалык транспорт каражатынын алдына жана артына бир учу ылдый жакты караган тең жактуу үч бурчтуктун бурчтары боюнча диаметри 40 мм болгон үч кара тегерекче тартылган диаметри 160 мм келген сары айлана;

"Окуу транспорт каражаты" - айдоого үйрөтүүдө пайдалануучу механикалык транспорт каражатынын алдына жана артына (жеңил автомобилдин чатырына эки жактуу белги орнотууга жол берилет) кара түстөгү "У" ариби жазылган (жактарынын узундугу кеминде 200 мм, кыймасынын жазылышы 1/10) кызыл түс менен кыйылган бир учу жогору жакты караган ак түстөгү тең жактуу үч бурчтук;

"Ылдамдыкты чектөө" - оор жана ири өлчөмдөгү жүктөрдү ташыган, ошондой эле техникалык мүнөздөмөсү боюнча транспорт каражатынын максималдуу ылдамдыгы Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын Эрежелеринин 10.3 пункту менен аныкталган учурларда айдоочулук стажы кеминде эки жыл болгон айдоочу башкарган механикалык транспорт каражатынын арткы кузовунун сол жагынан уруксат берилген ылдамдыкты көрсөтүү менен 3.24 жол белгисинин кичирейтилген түстүү сүрөтү (белгинин диаметри кеминде 160 мм, кыймасынын жазылыгы диаметрдин 1/10);

"Коркунучтуу жүк" - 690 x 300 мм өлчөмүндөгү тик бурчтук, анын 400 х 300 мм өлчөмүндөгү оң бөлүгү саргыч кызыл түскө, ал эми сол бөлүгү кара түстөгү кыйма менен (жазылыгы 15 мм) кыйылган ак түскө боелгон жана жүктүн коркунучтуулугун мүнөздөгөн белгилер коюлат - ал мындай жүк ташыган транспорт каражатынын алдына жана артына тагылат;

"Ири өлчөмдөгү жүк" - үстүңкү бети жазылыгы 50 мм келген кызыл жана ак диагональ боюнча кезектешкен жарык чагылдырган сызыктан турган 400 х 400 мм өлчөмүндөгү калканч;

"Узун транспорт каражаты" - жүгү менен же жүгү жок турганда узундугу 20 метрден ашкан транспорт каражаттарынын жана эки же андан ашык чиркегич сүйрөгөн автопоезддин арткы жагына үстүңкү бети жарык чагылдырган кызыл түстөгү (жазылыгы 40 мм) кыйма менен кыйылган кеминде 1200 х 200 мм өлчөмүндөгү сары түстөгү тик бурчтук. Аталган өлчөмдөгү белгини орнотууга мүмкүн болбосо, транспорт каражатынын ок темирине симметриялуу кылып кеминде 600 х 200мм өлчөмүндөгү эки бирдей белги орнотулат.

"Акырын жүрүүчү транспорт каражат" - флюоресценциялуу кызыл түстөгү жана жарыкты кайра чагылдыруучу сары же кызыл түстөгү жээктүү тең жактуу үч бурчтук түрүндө (үч бурчтуктун жактарынын узундугу 350дөн 365 мм чейин, жээгинин эни 45тен 48 мм чейин) - механикалык транспорт каражаттардын артына орнотулат, алар үчүн жасаган ишканада максимум ылдамдык 30 км/сааттан ашык эмес белгиленген.

(Абзац КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 522 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

Айдоочунун каалоосу боюнча төмөнкүдөй айырмалоочу белгилер орнотулушу мүмкүн:

"Врач" - врач-айдоочу башкарган автомобилдин алдына жана артына ак түстөгү айлампа (диаметри 125 мм) болгон көк түстөгү (жактары 140 мм) төрт чарчы келип, ага кызыл крест (бийиктиги 90 мм, штрихтин жазылыгы 25 мм) тартылат;

"Майып" - I жана II топтогу майыптар башкарган же ушундай майыптарды ташыган механикалык транспорт каражаттарынын алдына жана артына жактары 150 мм келген жана кара түстөгү 7.17 жол белгисинин символу түшүрүлгөн сары түстөгү төрт чарчы орнотулат.

Жаңыдан баштаган айдоочу" - бийиктиги 110 мм болгон кара түстөгү илеп белгисинин сүрөтү менен сары түстөгү чарчы түрүндө (жактары 150 мм) - стажы 2 жылдан аз болгон айдоочулар башкаруучу механикалык транспорт каражаттарынын (тракторлордон, өзү жүрүүчү машиналардан, мотоциклдерден жана мопеддерден тышкары) артында:

"Жаңыдан баштаган айдоочу";

"Таксомотор (такси)" - таксомотордук ташуу уруксат берилген механикалык транспорт каражатында жана (же) механикалык транспорт каражатынын чатырында орнотулуучу таанытуу фонарында - шахмат тартибинде эки же андан көп катарда жайгаштырылган кара-ак түстөгү беш же андан ашык чарчылардан (жактары 23 ммден кем эмес) турган композиция. "Такси" жазуусун транспорт каражатынын кузовунда (кабинасында) жана (же) таанытуу фонарында мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде жазууга жол берилет:

"Такси, такси, taxi"

9. Механикалык транспорт каражаттарын сүйрөтүүдө ийилчек байламталарды билдирүү үчүн эскертүүчү жабдуулар желекчелер же үстүңкү бети жарык чагылдыруучу жазылыгы 50 мм келген диагональ боюнча кызыл жана ак түстөгү тилкелер кезектешкен 200 х 200 мм өлчөмүндөгү калканч түрүндө жасалат.

Ийилчек байламтага кеминде 2 эскертүүчү жабдуу орнотулууга тийиш.

10. Темирден жасалган сүйрөткүч жабдуунун конструкциясы 25907-89 ГОСТунун талаптарына туура келүүгө тийиш.

11. Төмөнкүлөрдү эксплуатациялоого тыюу салынат:

эгерде техникалык абалы жана жабдуулары бузуктуктардын тизмесинин талаптарына жана шарттарына жооп бербеген, муну менен транспорт каражаттарын (тиркемеге ылайык) пайдаланууга тыюу салынган автомобилдер, автобустар, автопоезддер, чиркегичтер, мотоциклдер, мопеддер, тракторлор ж.б. өзү жүрүүчү машиналар;

техникалык эксплуатациялоонун тийиштүү Эрежелери боюнча жок эле дегенде бир бузуктугу болгон троллейбус жана трамвайлар;

мамлекеттик техникалык кароодон өтпөгөн, ошондой эле тийиштүү уруксатысыз кайра жабдылган транспорт каражаттары;

коркунучтуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин же жүргүнчүлөрдү акы үчүн же жалдоо боюнча ташууну жүзөгө ашырууда ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдында жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзбөгөн адамдардын транспорт каражаттары;

жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүнүштөрүнүн уруксатысыз жалтыраган маяктар жана атайын үн чыгаруучу сигналдар менен жабдылган, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүнүштөрү менен макулдашпастан кузовдун каптал жагына туурасынан кеткен ак тилке сызып алган, каттоо белгилерин көрсөтүлгөн жерлерге бекитпеген, начар көрүнгөн, жасалма, агрегат жана түйүндөрүнүн номерлери же каттоо белгилери өзгөртүлгөн транспорт каражаттары.

Бажы бирлигинин "Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентинин (ББ ТР 018/2011) № 8 тиркемесинин талаптарына жооп бербеген транспорт каражаттары.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-декабрындагы № 833, 2019-жылдын 7-октябрындагы № 522 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

12. Транспорт каражаттарынын техникалык абалы жана эксплуатациялоо үчүн жооп берген кызмат жана башка адамдарга төмөнкүлөр тыюу салынат:

бузуктугунан улам пайдаланууга тыюу салынган же тийиштүү уруксатысыз кайра жабдылган, же белгиленген тартипте катталбаган, же мамлекеттик техникалык кароодон өтпөгөн транспорт каражаттарын линияга чыгарууга;

мас абалындагы (алкоголдук, баңги заттык же башка), реакцияны жана көңүлдү алагды кылуучу дары каражаттарынын таасири менен, кыймылдын коопсуздугун коркунуч астына койгон оорулуу же чарчаган айдоочуларды же бул категориядагы транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамдарды транспорт каражатын башкаруу жол берүүгө;

коркунучтуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин же жүргүнчүлөрдү акы үчүн же жалдоо боюнча ташууну жүзөгө ашырууда ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдында жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзбөгөн адамдардын транспорт каражаттарын линияга чыгарууга;

асфальт жана цемент-бетон төшөлгөн жолго каз тамандуу тракторлорду жана башка өзү жүрүүчү машиналарды чыгарууга.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-декабрындагы № 833 токтомунун редакциясына ылайык)

13. Жолдун, темир жол кесилиштеринин жана башка жол курулуштарынын абалы үчүн жооп берген кызмат жана башка адамдар төмөнкүлөргө милдеттүү:

жолду, темир жол кесилиштерин жана башка жол курулуштарын кыймыл үчүн коопсуз абалды күтүүгө;

кыймылга тоскоолдуктарды өз убагында четтетүүгө, жол кыймылына коркунуч түзгөн жолдун айрым участкаларындагы кыймылга тыюу салууга же чектөөгө өз убагында чара көрүүгө;

жол кыймылынын катышуучуларына тийиштүү техникалык каражаттарды, маалыматтык такталарды жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын жардамы менен жол кыймылын уюштуруудагы чектөөлөр жана өзгөртүүлөр жөнүндө маалымдоого.

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы N 136 токтомунун редакциясына ылайык)

14. Жолдордо иш аткаруу үчүн жооптуу кызмат жана башка адамдар ал иштер жүргүзүлүп жаткан жерлерде кыймылдын коопсуздугун камсыз кылууга милдеттүү.

Ушул жерлер, ошондой эле жолдон сырткары алып коюуга болбой турган иштебей турган жол машиналары, курулуш материалдары, конструкциялар жана ушул сыяктуу нерселер багыт берүүчү жана коргоочу жабдуулар менен, тийиштүү жол белгилери менен, ал эми караңгы мезгилде жана көрүүгө начар болгон шартта кошумча түрдө кызыл же сары сигналдык оттор менен белгиленүүгө тийиш.

Жолдогу иш бүткөндөн кийин транспорт каражаттарынын жүргүнчүлөрдүн коопсуз жүрүшү камсыз кылынууга тийиш.

15. Колдонулуп жаткан мыйзамдарда каралган учурларда тийиштүү кызмат жана башка адамдар белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү макулдашат:

  • шаарда жана автомобиль жолдорунда жол кыймылын уюштуруунун долбоорлорун, кыймылды уюштуруунун техникалык каражаттары менен жолду жабдууну;
  • жол салуунун, жол курулуштарын реконструкциялоонун жана ремонттоонун долбоорлорун;
  • жолдон анча алыс эмес жерге киоскаларды, транспаранттарды, плакаттарды, жарнамалык такталарды жана жүргүнчүлөрдүн кыймылын кыйындаткан же көрүүсүн начарлаткан башка нерселерди орнотууну;
  • маршруттагы транспорт каражаттарынын кыймылынын маршруту жана токтоочу жерлеринин жайгашуусу;
  • жолдордо массалык, спорттук жана башка иш-чараларды өткөрүү;
  • транспорт каражаттарын кайра жабдуу, аларга атайын жарык берүүчү жана үн чыгаруучу сигналдарды орнотуу, транспорт каражаттарынын кузовунун каптал жагына жантыгынан кеткен ак тилкени тартуу;
  • оор жүктөрдү, коркунучтуу жана ири өлчөмдөгү жүктөрдү ташуу;
  • жалпы узундугу 20 метрден ашкан автопоезддердин же эки же андан ашык чиркегичи бар автопоезддердин кыймылын;
  • жол кыймылынын коопсуздугу боюнча адистерди, айдоо боюнча инструкторлорду жана айдоочуларды даярдоонун программасын;
  • окуу үчүн жүрүүгө тыюу салынган жолдордун тизмесин;
  • транспорт каражатынын же жүргүнчүлөрдүн кыймылына тоскоолдук түзүүчү жолдогу ар кандай иштерди жүргүзүү.


16. Сары же кызгылт-сары түстөгү жаркылдоочу маяктар төмөнкүдөй транспорт каражаттарга орнотулат:

- чоң көлөмдүү же оор салмактагы жүктөрдү, жарылгыч, тез от алуучу, радиоактивдүү жана катуу таасир этүүчү заттарды ташыгандарга, ошондой эле атайын эрежеде белгиленген учурларда, - андай ташууларды коштогон транспорт каражаттарга;

- жолдорду куруу, оңдоо же күтүү, бузулган, оң эмес транспорт каражаттарды, ошондой эле мыйзамда белгиленген учурларда башка транспорт каражаттарды жүктөө жана ташуу боюнча жумуштарды аткаруучуларга;

- жол кыймылына катышуучу, габарити Жол кыймылынын эрежелеринде белгиленген нормадан ашкандарга (2.3.4, 2.3.5-пп.).

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы N 136 токтомунун редакциясына ылайык)

17. Тийиштүү транспорт каражаттарды жаркылдак маяктар жана (же) атайын үн сигналдар менен жабдууга уруксаттар Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги белгилеген тартипте берилет.

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы N 136 токтомунун редакциясына ылайык)

18. Стандартка ылайык сыртына атайын түстүү графикалык схемалар тартылбаган транспорт каражаттар белгиленген учурларда атайын үн сигнал жана бийиктиги 230 мм ашпаган жана корпусунун негизинин диаметри 200 мм ашпаган бир жаркылдак маяк менен жабдылышы мүмкүн.

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы N 136 токтомунун редакциясына ылайык)

19. Бардык түстөгү жаркылдак маяктар транспорт каражаттын төбөсүнө же анын үстүнө орнотулат. Тагуунун ыкмалары транспорт каражаттын бардык жүрүү режимдеринде ишеничтүү орнотулушун камсыздоого тийиш. Мында жарык сигналдын горизонталь мейкиндиктен 360 градуста көрүнөө болушу камсыздалууга тийиш.

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы N 136 токтомунун редакциясына ылайык)

20. Транспорт каражаттар бардык түстөгү жаркылдак маяктар жана үн сигналдар менен жабдылганы жөнүндө маалыматтар транспорт каражаттарды каттоо документтерине киргизилүүгө тийиш.

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы N 136 токтомунун редакциясына ылайык)

21. Оперативдүү кызматтардын кызматкерлери үчүн оперативдик жашырындык үчүн мамлекеттик номер белгилерди пайдалануу Кыргыз Республикасынын ИИМи белгилеген тартипте ишке ашырылат.

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы N 136 токтомунун редакциясына ылайык)

22. Транспорт каражатка ар түрдүү жарнактарды, фотографияларды жазуу, ошондой эле эмблемаларды тарткан сыяктуу эле негизги түсүн өзгөртүү Кыргыз Республикасынын ИИМинин Мамавтоинспекциясынын уруксатына ылайык ишке ашырылат.

Жалпы пайдалануудагы жолдордо пайдаланылчу жол тандабас автомашиналарга туманга каршы экиден ашык фара, фара издегич орнотууга тыюу салынат.

Жарандык транспорт каражаттарга аскердик-байкалбас боекторду жана түстөрдү (камуфляждарды) пайдаланууга тыюу салынат.

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы N 136 токтомунун редакциясына ылайык)

23. Айдоочуларга атайын жарык жана үн сигналдар менен жабдылган транспорт каражатты башкарууга уруксат берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилечү тартипте ишке ашырылат.

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы N 136 токтомунун редакциясына ылайык)

24. Автожолдордо, кесилиштерде жана темир жол өткөөлдөрүндө атайын техникалык каражаттар, анын ичинде айдоочулар Жол кыймылынын эрежелерин бузганын фотого жана видеого тартуу үчүн каражаттар орнотулушу мүмкүн.

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы N 136 токтомунун редакциясына ылайык)

25. Айдоочу (же айдоого укугу жок адам) транспорт каражатты мас абалда башкарганы үчүн кармалганда аны текшерүү жүргүзүлөт. Текшерүү белгиленген тартипте "Соолукту контролдоо" индикаторлук түтүгүн же мындай максатка арналган атайын каражаттарды колдонуу менен ишке ашырылат.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен протоколдун тийиштүү бөлүгү толтурулат.

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы N 136 токтомунун редакциясына ылайык)

Эскертүү: Бул документтин текстинде Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын Эрежелери менен белгиленген атайын терминдер колдонулду.

 

 

Транспорт каражаттарын пайдаланууга уруксат берүү боюнча негизги жоболордун жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызмат адамдарынын милдеттеринин

1-тиркемеси

Транспорт каражаттарын пайдаланууга тыюу салына турган бузуктуктардын жана шарттардын

ТИЗМЕСИ

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы N 136, 2017-жылдын 25-декабрындагы № 833, 2019-жылдын 7-октябрындагы № 522 токтомунун редакциясына ылайык)


Бул тизме пайдаланууга тыюу салына турган автомобилдерди, автобустардын, автопоезддердин, чиркегичтердин, мотоциклдердин, мопеддердин, тракторлордун, башка өзү жүрүүчү машиналардын бузуктуктарын жана шарттарын белгилейт. Төмөндө келтирилген параметрлерди текшерүүнүн ыкмасы "Автомобиль транспортунун каражаты. Кыймылдын коопсуздугунун шарты боюнча техникалык абалга карата талаптар. Текшерүү ыкмасы" деген 25478-91 ГОСТу менен жөнгө салынган.


1. Тормоз системасы

1.1. Жолдо сынаганда тормоз системасынын натыйжалуу тормоз беришинин төмөнкү нормалары сакталбайт:


Эскертүү:

1. Тормоздук жолдун жана кашаанын ичинде жазылган токтотуунун мааниси 1981-жылдын 1-январына чейин чыгарылган транспорт каражаттарына жайылтылат.

2. Сыноо горизонталдык, тегиз, кургак, тегиз төшөлгөн цемент-асфальт жолдо автомабилдер, автобустар жана автопоезддер үчүн тормоз берүүнүн башталышы 40 км/саатта жана мотоцикл жана мопеддер үчүн 30 км/саатта жүргүзүлөт. Транспорт каражаттары толук ишке жарактуу абалында жумушчу тормоз системасын башкаруу органынын бир нече жолу аракетке келтирүү менен сыналат.

3. Транспорт каражаттарынын жумушчу тормоз системасынын натыйжалуулугу башка көрсөткүчтөр боюнча 25478-91 ГОСТУна ылайык да бааланышы мүмкүн.

1.2. Гидравликалык тормоз муунагынын герматикасынын бузулушу.

1.3. Пневматикалык жана пневмогидравликалык тормоз муунагынын герметикасынын бузулушу кыймылдаткыч иштебей турганда абанын кысымынын аны толук аракетке келтиргенден кийин 15 минутанын ичинде 0,05 Мпа (0,5 кгс/кв.см) ашыкка түшүшүн пайда кылат.

1.4. Пневматикалык жана пневмогидравликалык тормоз муунагынын манометрлери иштебейт.

1.5. Токтоп турган тормоз системасы төмөнкүлөрдүн кыймылсыз турушун камсыз кыла албайт:

толук жүктөлгөн транспорт каражатынын - 16 %ке чейинки жантаймада турушун;

толук ишке даяр жеңил автомобилдердин жана автобустардын - 23%ке чейинки жантаймада турушун;

толук ишке даяр автомобилдердин жана автопоезддердин 31%ке чейинки жантаймада турушун.


2. Рулдук башкаруу

2.1. Төмөнкүлөр рулдук башкаруунун жалпы люфтун жогорулатат:


2.2. Конструкцияда каралбаган тетиктер менен түйүндөрдүн жылып кетиши; сайлуу бирикмелер бекем тартылбаган же белгиленген ыкма менен бекитилбеген.

2.3. Конструкцияда каралган рулдук башкарууну же рулдук демпферди (мотоциклдер үчүн) күчөткүч бузук же ал жок.


3. Тышкы жарык берүүчү приборлор

3.1. Тышкы жарык берүүчү приборлордун саны, тиби, түсү, жайгашуусу жана иштөө режими транспорт каражатынын конструкциясынын талаптарына жооп бербейт.

Эскертүү: Өндүрүштөн чыкпай калган транспорт каражаттарына башка маркадагы жана моделдеги транспорт каражаттарынан алынган тышкы жарык берүүчү каражаттарды тагууга уруксат берилет.

3.2. Фараларды жөнгө салуу 25478-91 ГОСТунун талаптарына туура келбейт.

3.3. Белгиленген режимде иштебейт же тышкы жарык берүүчү приборлор жана жарык чагылдыргычтар булганган.

3.4. Жарык берүүчү приборлордо жарыкты чачыратуучулар жок же жарык берүүчү прибордун ошол тибине ылайык келбеген жарык чачыраткычтар жана лампалар пайдаланылат.

3.5. Жалтырап туруучу маяктарды орнотуу стандарттардын талаптарына ылайык келбейт.

3.6. Транспорт каражатынын алды жагына кызыл түстөгү оттор же кызыл түстөгү жарык чагылдыргыч приборлор, ал эми арт жагында - артка жүрүүнү көрсөтүүчү жана каттоо белгисин, айырмалоочу жана таанытуучу белгилерди көрсөтүүчү фонардан тышкары ак түстөгү жарык орнотулган.


4. Маңдайкы терезени тазалагыч жана терезе жуугуч

4.1. Терезе тазалагычтар белгиленген режимде иштебейт.

4.2. Транспорт каражатынын конструкциясында каралган терзе жуугучтар иштебейт.


5. Дөңгөлөктөр

5.1. Жеңил автомобилдердин дөңгөлөктөрүнүн быдырларынын бийиктиги кеминде 1,6 мм, жүк ташуучу автомобилдердики - 1 мм, автобустр - 2 мм, мотоциклдер менен мопеддер - 0,8 мм болот.

Эскертүү: Чиркегичтер үчүн дөңгөлөктүн быдырларынын бийиктиги транспорт каражаттары - сүйрөгүчтөрдүн дөңгөлөгү үчүн берилген нормадагыдай болот.

5.2. Дөңгөлөктөрдүн кээ бир жерлери бузулган (тешик, тилик, айрык) болуп, ичи чыгып калат, ошондой эле каркасы ажырап, быдырлары жана каптал жагы сыйрылган болот.

5.3. Дөңгөлөктүн дискасы жана алкагы жарака болуп же аны беките турган болт (гайка) жок болот.

5.4. Дөңгөлөктүн өлчөмү же ага келтирилген күч транспорт каражатынын ошол моделине туура келбейт.

5.5. Транспорт каражаттын бир огуна ар башка өлчөмдөгү, конструкциядагы (радиустагы, диагоналдагы, камерадагы, камерасыз), моделдеги, протекторунун быдыры ар бөлөк, тиштүү же тишсиз. Суукка туруктуу жана суукка туруксуз, жаңы жана кайра калыбына келтирилген дөңгөлөктөр орнотулган.

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы N 136 токтомунун редакциясына ылайык)


6. Кыймылдаткыч

6.1. Иштетилген газдагы зыяндуу заттардын болушу жана анын түтөн калышы 17.2.2.03-87 ГОСТу жана 21393-75 ГОСТУ менен белгиленген өлчөмдөрдөн ашат.

6.2. Май берүү системасынын герметикасынын бузулушу.

6.3. Иштетилген газды чыгаруу системасынын бузуктугу.

6.4. Картердин желдетүү системасынын жылчыксыздыгы бузулган.

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы N 136 токтомунун редакциясына ылайык)


7. Конструкциянын башка элементтери

7.1. Транспорт каражатынын конструкциясында каралган арткы жакты көрүүчү күзгүсү, айнегинин жок болушу.

7.2. Үн чыгаруучу сигналы иштебейт.

7.3. Жол кыймылынын катышуусунун жабыр тартуу коркунучун пайда кылуучу айдоочу отурган жерден алдыдагы жолду көрүүгө тоскоолдук кылуучу, айнектин тунуктугун начарлатуучу кошумча предметтердин орнотулушу же башка нерселер менен каптоо.

Эскертүү: Автомобилдин жана автобустун маңдайкы терезесинин жогорку бөлүгүнө түстүү тунук пленка чапталышы мүмкүн. Өндүрүштөн чыккан күңүрттөлгөн айнекти (күзгү айнектен башка) колдонууга уруксат берилет, анын жарык өткөрүүсү Тауметр ИИС-1 5727-88 ГОСТУнун талаптарына ылайык келет. Автобустардын терезесине парда, ошондой эле жеңил автомобилдердин эки тарабында тең арты көрүү күзгүсү бар болсо арткы терезеге жалюз жана парда тагууга уруксат берилет.

7.4. Кузовдун же кабинанын конструкцияда каралган кулпулары, жүк платформасынын бекиткичтери, цистернанын оозунун бекиткичи жана күйүүчү май багынын капкагы, айдоочунун отургучунун абалын жөнгө салуучу механизм, авариялык чыгуу жана аны аракетке келтирүүчү жабдуу, эшикти башкаруучу муунактар, спидометр, тахограф, уурдап кетүүгө каршы жабдуу, айнекти жылытуу жана үйлөө жабдуусу иштебейт.

7.5. Конструкцияда каралган арт жактан коргоочу жабдуу, баткакты чачыроодон сактоочу фартук жана калканычтар жок болгондо.

7.6. Сүйрөгүчтүн жана чиркегич звенонун сүйрөп - чиркөөчү жана таянып - чиркөөчү жабдуулары бузук, ошондой эле анын конструкциясында каралган коопсуздук тросу (чынжырлары жок же бузук), мотоциклдин рамасы менен анын капталдагы чиркегичинин рамасынын бириктиргичинде люфт бар.

7.7. Төмөнкүлөр такыр жок:

автобустарда, жеңил жана жүк ташуучу автомобилдерде, дөңгөлөктүү тракторлордо медициналык аптечка, өрт өчүргүч, авариялык токтоо (жымындаган кызыл фонарь) белгиси;

уруксат берилген максималдуу массасы 3,5 тоннадан ашкан жүк ташуучу автомобилдерде жана уруксат берилген максималдуу массасы 5 тоннадан ашык автобустарда - артка жылып кетүүгө каршы таянычтар (кеминде экөө);

капталындагы чиркегичи бар мотоциклде - медициналык аптечка, өрт өчүргүч, авариялык токтоо (жымыңдаган кызыл фонарь) белгиси.

7.8. Оперативдүү жана атайын кызматтарга таандык болбогон транспорт каражаттарында жаркылдан туруучу маяктар, добушунун тону жана жарык графикалык схемасы өзгөрүп турган Р50574 -93 ГОСТунда каралган добуш чыгаруучу сигналдардын болушу.

7.9. Транспорт каражатынын конструкциясында орнотуу каралган болсо, коопсуздук тасмаларынын жоктугу.

7.10. Коопсуздук кемер иштебейт же анын айрыгы айкын көрүнүп турса.

7.11. Транспорт каражатынын каттоо белгиси стандарттын талаптарына жооп бербейт.

7.12. Мотоциклдерди конструкцияда каралган коопсуздук догосунун жоктугу.

7.13. Мотоцикл менен мопеддерде конструкцияда каралган ээрде отурган жүргүнчүлөр үчүн бут койгучтун жана туура таянычтын жоктугу.

7.14. Талап кылынышы ушул тизме менен жөнгө салынган конструкцияда каралган тормоз системасынын, рулдук башкаруунун жана башка түйүндөр менен агрегаттардын жоктугу же транспорт каражатын чыгарган ишкана же ага ыйгарым укугу бар башка уюмдар менен макулдашпастан алардын кошумча элементтеринин орнотулушу. )

7.15. Запас дөңгөлөктүн кармагычы, лебедка жана запас дөңгөлөктү көтөргүч-түшүргүч механизм иштебейт. Лебедканын храп түзүлүшү барабанды бекиткич канат менен бекитпейт.

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы N 136 токтомунун редакциясына ылайык)

7.16. Жарым чиркегичте тирөөч түзүлүш, тирөөчтөрдүн транспорттук абалынын фиксаторлору, тирөөчтөрдү көтөрүүчү жана түшүрүүчү механизмдер, ошондой эле жүк ташуучу автомобилдер жана автобустар үчүн 4 даана жана жеңил автомобилдер үчүн - 2 даана өзүнөн өзү жылып кетүүнү болтурбоочу түзүлүштөр (тамандар) жок же оң эмес.

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы N 136 токтомунун редакциясына ылайык)

7.17. Кыймылдаткычтын, ылдамдыкты которуу коробкасынын, борттук редукторлордун, арткы октун, чиркештирүүнүн, аккумулятордук батареянын, муздатуу жана абаны кондициялоо системаларынын жана транспорт каражатка кошумча орнотулчу гидравликалык түзүлүштөрдүн чыптамаларынын жана кошулган жерлеринин жылчыксыздыгы бузулган.

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы N 136 токтомунун редакциясына ылайык)

7.18. Азыктануунун газ системасы менен жабдылган автомобилдер менен автобустардын газ баллондорунун сырткы бетинде көрсөтүлгөн техникалык параметрлер техникалык паспорттогу маалыматтарга ылайык келбейт, акыркы жолку жана пландалган текшерүүнүн даталары көрсөтүлгөн эмес.

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы N 136 токтомунун редакциясына ылайык)

7.19. Маңдайкы айнекке, алдыңкы эшиктердин каптал терезелерине караңгылаштырчу кабык капталган же пардалар пайдаланылат, ошондой эле арткы каптал эшиктерде жана арткы айнектерде чагылдыруучу караңгылаштырган кабык пайдаланылат.";

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы N 136 токтомунун редакциясына ылайык)

Көңүл буруңуздар! 7.19-п. "ИИМ Мамлекеттик автомобиль инспекциясынын органдарынын" деген сөздөр жок болгондугуна байланыштуу КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-декабрындагы № 833 токтому менен 7.19-п. өзгөртүүлөр киргизилген жок

 

 

Транспорт каражаттарын пайдаланууга уруксат берүү боюнча негизги жоболордун жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызмат адамдарынын милдеттеринин

2-тиркемеси

 (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 522 токтомунун редакциясына ылайык)


2.1. Коркунучтуу жүктөргө ташууда, жүк жүктө-түшүрүү жана сактоо иштерин аткарууда жарылууга, өрткө же транспорт каражатынын, кампалардын, жабдуулардын, имараттардын жана курулуштардын бузулушуна, ошондой эле адамдар менен жаныбарлардын өлүмүнө, жаракат алышына, ууланышына, күйүшүнө, нурлаауусуна же ооруп калуусуна себепчи болгон заттар жана предметтер (19433-74 ГОСТу боюнча) кирет.

2.2. Коркунучтуу жүктөр ташууга атайын эрежелерге же техникалык шарттарга ылайык ташылат.

2.3. Коркунучтуу жүк ташылып бараткан транспорт каражатын башкарууга айдоочу катары кеминде үч жылдык үзгүлтүксүз иш стажысы, тийиштүү категориядагы транспорт каражатын башкарууга укук берген күбөлүгү бар жана атайын даярдыктан же инструктаждан жана медициналык контролдон өткөн айдоочуларга уруксат берилет.

2.4. 2.1.1 пунктунда аталган документтерден тышкары коркунучтуу жүк ташыган айдоочунун жанында төмөнкүлөр болууга милдеттүү:

- коркунучтуу маалымдоо системасынын авариялык карточкасы;

- транспорт каражатына уруксат берүү жөнүндө күбөлүк;

- жүк ташып өтүүнүн маршруту (автомобиль транспорту менен коркунучтуу жүктөрдү ташуунун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча Нускоого ылайык);

- айдоочу жүк ташуунун эрежеси же техникалык шарттары менен таанышкандыгы жөнүндө күбөлүк.


19433-81 ГОСТУ боюнча классификациялоо

1. Жарылгыч заттар (ЖЗ)

2. Кысылган, суюлтулган жана басым астында эритилген газ (Г)

3. Тез тутануучу суюуктуктар (ТТС)

4. Тез тутануучу заттар жана материалдар (ТЗМ)

5. Кычкылдануучу заттар (КЗ) жана органикалык перекись (ОП)

6. Улуу (токсиндүү) заттар (УЗ)

7. Радиоактивдүү заттар (РЗ) жана жугуштуу заттар (ЖЗ)

8. Жегич жана дат бастыруучу заттар (ЖДЗ)

9. Башка коркунучтуу заттар (БКЗ)

Коркунуч жөнүндөгү маалымат системасынын


МААЛЫМАТТЫК КАРТОЧКАСЫ

Коркунучтуу жүктөрдү ташуу

Коркунуч жөнүндө маалымдоо системасы

Транспорт каражатын белгилөө

1. Сууну колдонууга болбойт! Өрт өчүрүүчү кургак каражаттар колдонулат!

2. Ичке сызылып чыккан суу колдонулат.

3. Чачырап чыккан суу колдонулат.

4. Көбүк же курамында хладону бар заттар колдонулат

5. Бул заттардын агын сууларга же көлмөлөргө киришине жол берилбейт.

Д - дем алуу аппараты жана коргоочу колкаптар зарыл.

Ө - өрттө дем алуу аппараты жана коргоочу колкаптар зарыл.

К - коргоочу кийимдердин толук комплекти жана дем алуу аппараты зарыл.

Э - элдерди эвакуациялоо зарыл

+ - өрт же газ чыкканда КЭМ

++ - 19433-74 ГОСТу боюнча коркунуч белгиси

+++ - N 00Н

 

 

 

Транспорт каражаттарын пайдаланууга уруксат берүү боюнча негизги жоболордун жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызмат адамдарынын милдеттеринин

3-тиркемеси

Кыргыз Республикасынын автомобиль транспортуна жарык чагылдыргычтар менен мамлекеттик тиешелүүлүк белгилерин орнотуунун жана колдонуунун

ТАРТИБИ

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 522 токтомунун редакциясына ылайык)


1.1. Транспорттун ийилгич, катуу жарык чагылдыргычтары жана мамлекеттик тиешелүүлүк белгилери Кыргыз Республикасынын аймагында каттоого алынган ата мекендик жана чет өлкөлүк транспорттун бардык түрлөрүндө ушул нускамадагы сүрөттөрдө көрсөтүлгөн жерлеринде гана орнотулат.

1.2. Эгерде транспорттун арткы панелинде ийилгич жарык чагылдыргычтын пленкасын кандайдыр бир себептер менен жабыштырууга мүмкүн болбосо, аны кошумча пластиналарда өзүнүн бекитүүчү кронштейндери менен орнотууга болот.

1.3. Транспорттун улуттук тиешелүүлүгүнүн өзгөчөлүү белгиси болуп жарык чагылдыргыч пленка эсептелет, анын составы башка жарык чагылдыргычтардыкындай эле болот, бирок ал эллипс түрүндө жасалып, кара жээк менен жээктелген - (КG).

1.4. Бул белги эллипс түрүндө эки өлчөмдө даярдалат.

1.4.1. Жеңил автомобилдер жана микроавтобустар үчүн: 58 x 125 мм өлчөмүндө;

1.4.2. Калган транспорттор үчүн: 130 x 190 мм өлчөмүндө;

1.5. Жеңил автомобилдерде, микроавтобустарда жана автобустарда белги арткы айнектин жогорку оң бурчуна жабыштырылат же орнотулат, ал эми калган транспорттордо арткы панелде сүрөттө (схемада) көрсөтүлгөндөй оң жагында орнотулат.

1.6. Ар бир транспорт каражатында эки жарык чагылдыргыч жана транспорттун мамлекеттик тиешелүүлүгүн билдирген бир белги орнотулушу керек.

1.7. Жол велосипединде, мопедде жарык чагылдыргыч арткы канатында туурасынан бекитилет, эгерде канаты жок болсо отургучтун төмөн жагында атайын кронштейн менен орнотулат.

1.8. Жарык чагылдыргычтарды узундугу 6,0 м ден кыска эмес механикалык транспорт каражаттарынын капталдарына, ат арабада алды жагына догосуна орнотууга жол берилет.

1.9. Жарык чагылдыргычтар жана транспорттун мамлекеттик тиешелүүлүк белгилери ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча бөлүнүшү тарабынан даярдалат жана жер-жерлерде бөлүктөр тарабынан каттоо, кайтадан каттоо учурунда, ошондой эле техникалык кароо учурунда орнотулат.

1.10. Транспорттун ээсине колдо жасалган жарык чагылдыргычтар менен мамлекеттик тиешелүүлүк белгилерин орнотууга жол берилбейт.

1.11. Жарык чагылдыргычтар атайын техникалык тейлөөнү талап кылбайт. Айдоочу өзүнүн транспортун тейлөөдө жарык чагылдыргычтын бекемдигин күн сайын текшерип турушу керек, эгерде керек болсо ным чүпүрөк менен сүртүп турушу зарыл.

1.12. Жарык чагылдыргычтын үстүнө так калтыргыч заттар: бензин, эриткич, кислота, май ж.б. заттар төгүлбөшү керек, анткени алар жарык чагылдыргычтын пленкасынын негизин жараксыз кылып салышат.

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign