179-берене

179-берене. Автомобиль жолдорунун бөлүү тилкесин сактоо эрежелерин бузуу

1. Тиешелүү органдар менен макулдашпастан жол жээгиндеги тилкелерде, соода түйүндөрүн, тамактануу пункттарын, сервистерди куруу жана уюштуруу же жарнама такталарын, паннолорду, афишаларды, транспаранттарды, көрнөктөрдү, плакаттарды, белгилерди, көрсөткүчтөрдү орнотуу -

Жеке жактарга: 3 000 сом  / Юридикалык жактарга: 13 000 сом 

2. Автомагистралга бөлүнгөн тилкедеги участокту айдоо, тигилген бак-дарактарды кыюу жана зыянга учуратуу, транспорт каражаттарын көк чөптүү аянттарга жана жашылдандыруу үчүн арналган жерлерге токтотуу, чымдарды же кыртышты оюп алуу, чоң жолго кошулуучу жолдорду өзүм билемдик менен куруу же бөлүүчү тилкени бузуу, канализациялык, өнөр жайлык, мелиорациялык жана агынды сууларды суу бургуч курулмаларга жана резервдерге агызуу, -

Жеке жактарга: 5 500 сом  / Юридикалык жактарга: 17 000 сом 

3. Автомобиль жолуна бөлүнгөн тилкеде айыл чарба продукцияларын кургатуу, курулуш жана өнөр жай таштандыларын таштоо, ошондой эле курулуш жана башка материалдарды үйүп салуу -

Жеке жактарга: 12 500 сом  / Юридикалык жактарга: 35 000 сом 

4. Тиешелүү мамлекеттик органдар жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашпастан, автомобиль жолуна бөлүнгөн тилкеде шлагбаум жана башка тосмолорду орнотуу, эгерде укук бузуучунун аракеттеринде кылмыш-жаза жосундарынын белгилери жок болсо, -

Жеке жактарга: 20 000 сом  / Юридикалык жактарга: 55 000 сом