182-берене
Эксплуатациялоого тыюу салынган
182-берене. Транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу
1. Эксплуатациялоого тыюу салынган, техникалык бузуктары бар транспорт каражаттарын башкаруу, -
Жеке жактарга: 5 500 сом (скидка 70%)2. Ушул транспорт каражаты үчүн милдеттүү болгон техникалык кароодон өтпөгөн транспорт каражатын айдоо, -
Жеке жактарга: 3 000 сом (скидка 70%)3. Транспорт каражатын каттоо тартибин бузуу, -
Жеке жактарга: 1 000 сом (скидка 70%)4. Транспорт каражатын мамлекеттик каттоонун номердик белгилери же анын бирөөсү жок башкаруу, ага тете мамлекеттик каттоонун номердик белгилерин (белгисин) идентификациялоого тоскоолдук жараткан же болбосо алардын түрүн өзгөртүүгө же жашырууга мүмкүндүк берген түзүлүштөрдү жана материалдарды колдонуу менен мамлекеттик каттоонун номердик белгилери бар транспорт каражатын башкаруу, -
Жеке жактарга: 10 000 сом5. Номердик белгини жайгаштыруу эрежелерин бузуу -
Жеке жактарга: 1 000 сом (скидка 70%)6. Мотошлемдерди же коопсуздук курларын пайдалануу эрежелерин бузуу, -
Жеке жактарга: 1 000 сом (скидка 70%)7. Ыйгарым укуктуу адамдын пайдаланууга тыюу салынган техникалык бузугу бар же милдеттүү техникалык кароодон өтпөгөн, же болбосо белгиленген тартипте катталбаган транспорт каражатынын жол кыймылына катышуусуна жол берүүсү, -
Юридикалык жактарга: 28 000 сом (скидка 70%)