188-берене

Чийиндер | Светофор | Пешеход

188-берене. Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу

1. Жол белгилеринин талаптарын, жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбоо (каршы кыймылдын тилкесине чыгуу менен озуп өтүүнү же болбосо маневр жасоо эрежелерин бузууларды кошпогондо); токтоо же токтоп туруу эрежелерин бузуу; коопсуз аралыкты, интервалды сактабоо же болбосо жолдун жүрүүчү бөлүгүндө транспорт каражаттарын жайгаштырууну бузуу же автомагистралдар боюнча жүрүү эрежелерин бузуу; светофордун тыюу салуучу сигналы же жөнгө салуучунун тыюу салуучу жаңсоосу болгондо жол белгилери же жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн чийиндери менен белгиленген стоп-линиянын алдында токтоо жөнүндө Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын аткарбоо; каршы кыймыл тилкесине чыкпай туруп кууп өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузуу; тышкы жарык берүүчү приборлорду же болбосо эскертүүчү сигналдарды пайдалануу эрежелерин бузуу (бардык механикалык транспорт каражаттарына сутканын жарык убагында калктуу конуштардан тышкары жерлерде фаранын жандырылган жакын жарыгы менен жүрүү талаптарын кошпогондо) -

Жеке жактарга: 1 000 сом  (скидка 70%)

2. Маршруттук транспорт каражаттары үчүн тилкеде токтоо же токтоп туруу эрежелерин бузуу; айдоону үйрөтүү эрежелерин бузуу; жөө жүрүүчүнүн өткөөлдөрүнөн өтүү эрежелерин бузуу, жөө жүрүүчүнүн өткөөлдөрүндө жөө жүрүүчүгө артыкчылыктарды бербөө, жүктөрдү ташуу же болбосо транспорт каражаттарын сүйрөтүү эрежелерин бузуу; айдоочунун транспорт каражатында жүрүп баратканда колдун жардамысыз сүйлөшүүгө мүмкүндүк берүүчү техникалык түзүлүштөр менен жабдылбаган байланыш каражаттарын пайдалануу эрежелерин бузуу (кечиктирилгис кызматтык милдеттерин аткарган учурдагы атайын транспорт каражаттарынын айдоочуларын кошпогондо); автомобиль жолдоруна айдоочулар, жүргүнчүлөр же жол кыймылынын башка катышуучулары тарабынан таштандыларды жана башка предметтерди ыргытуу (таштап салуу, үйүп салуу, өрттөө) -

Жеке жактарга: 3 000 сом  (скидка 70%)

3. Өткөөлдөрдөн өтүү же светофордун тыюу салуучу сигналында же болбосо жөнгө салуучунун тыюу салуучу жаңсоосунда өтүү эрежелерин бузуу, ага тете тротуар менен же болбосо жөө жүрүүчүнүн же велосипед жолунда жүрүү; жалпы пайдалануудагы транспорт каражаттарына артыкчылык бербөө, анын ичинде жалпы пайдалануудагы транспорт каражаттарынын токтоочу жерлеринен өтүү эрежелерин бузуу; кыймылдаткычтын иштетилген газдарын чыгаруучу тутумунун үнүнүн (күрүлдөшүнүн) деңгээлин күчөтүү үчүн кайра жабдуу, ага тете жабдууларды орнотуу -

Жеке жактарга: 5 500 сом  (скидка 70%)

4. Атайын жарык берүүчү жана үн чыгаруучу сигналдык түзүлүштөрдү иштетүү менен жүрүп бараткан транспорт каражаттарынын кыймылына артыкчылык бербөө, -

Жеке жактарга: 10 000 сом  (скидка 70%)

5. Каршы кыймыл тилкесине чыгуу менен озуп өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузуу, -

Жеке жактарга: 15 000 сом