192-берене

Кырсык

192-берене. Жол кыймылынын башка эрежелерин бузуу

1. Ушул Кодексте эске алынгандарды кошпогондо, жол кыймылынын эрежелеринин башка талаптарын бузуу, -

Жеке жактарга: эскертүү же 1 000 сом  (скидка 70%)

2. Транспорт каражатынын, жүктүн, автомобиль жолунун, көчөнүн, темир жол өткөөлүнүн, жол курулмасынын же башка мүлктүн бузулушуна алып келген жол кыймылынын эрежелерин бузуу, -

Жеке жактарга: 5 500 сом  (скидка 70%)

3. Эгерде укук бузуучунун аракеттеринде кылмыштын белгилери жок болсо, адамдын ден соолугуна зыян келтирүү менен жол кыймылынын эрежелерин бузуу, -

Жеке жактарга: 10 000 сом  (скидка 70%)

4. Аракеттеринде кылмыштын белгилери жок болгондо, Жол кыймылынын эрежелерин бузуу менен жол-транспорт кырсыгынын катышуучу болуп саналган айдоочу кырсык болгон жерди таштап кетсе, -

транспорт каражатын башкаруу укугунан 6 айлык мөөнөткө ажыратууга алып келет.

Эскертүү. Жарандык-укуктук жоопкерчилиги камсыздандырылган адам, эгерде жол-транспорт кырсыгынын катышуучусу милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарга ылайык кырсык жөнүндө биргелешип кабарлоо түзүү укугун пайдаланган шартта, транспорт каражатынын бузулуусуна алып келген бул беренеде каралган жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартпайт.


5. Автомобиль жолдору менен жүрүү үчүн транспорт каражатынын салмак-габариттик параметрлеринин белгиленген жол берилген ченемдеринин бузууларын (ашырууларын) фото жана видео фиксациялоо функциясы бар атайын техникалык каражаттар орнотулган жол участокторунда жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбоо -

Жеке жактарга: 20 000 сом  (скидка 70%)