193-берене

Мас айдоочу

193-берене. Мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаруусу, мас абалындагы же транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамга транспорт каражатын башкарууга берүү

1. Алкоголь, баңгизат, психотроптук жана башка маң кылуучу заттар менен мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаруусу, -

транспорт каражатын башкаруу укугунан бир жылдык мөөнөткө ажыратууга алып келет.

11. Алкоголь, баңгизат, психотроптук жана башка маң кылуучу заттар менен мас абалындагы кандай болбосун транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамдын транспорт каражатын башкаруусу, -

үч суткага камакка алууга алып келет.

2. Транспорт каражатын башкаруучу айдоочунун белгиленген тартипке ылайык мас абалын күбөлөндүрүүдөн өтүүдөн баш тартуусу, -

үч суткага камакка алууга алып келет.

21. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган жосун кандай болбосун транспорт каражатын башкарууга укугу жок адам тарабынан жасалса, -

беш суткага камакка алууга алып келет.

3. Алкоголдук, баңгизаттык же кандай болбосун башкача мас абалындагы адамдын, же болбосо бул каражатты башкарууга укугу жок адамдын автомототранспорт каражатын башкаруусуна мындай транспорт каражатын эксплуатациялоо үчүн жооптуу адамдын жол берүүсү, буга тете автомототранспорт каражатынын айдоочусунун, же болбосо ээсинин мас абалындагы адамдын башкаруусуна берүүсү, -

Жеке жактарга: 20 000 сом  / Юридикалык жактарга: 55 000 сом 

4. Эгерде укук бузуучунун аракеттеринде кылмыш-жаза жосунунун белгилери жок болсо, адамга материалдык зыян же болбосо анын ден соолугуна этиятсыздыктан залал алып келген, ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган жосун, -

транспорт каражатын башкаруу укугунан үч жылдык мөөнөткө ажыратууга алып келет.

41. Эгерде укук бузуучунун аракеттеринде кылмыш-жаза жосунунун белгилери жок болсо, адамга материалдык зыян же анын ден соолугуна этиятсыздыктан залал алып келген, ушул берененин 11-бөлүгүндө каралган жосун, -

жети суткага камакка алууга алып келет.

5. Ушул берененин 1 же 4-бөлүктөрүндө каралган жосундар жаза мөөнөтү өткөндөн кийин кайталанып жасалса, -

укук бузуунун каражаты болуп саналган транспорт каражатын убактылуу алып коюу менен транспорт каражаттарын башкаруу укугунан үч жылдык мөөнөткө ажыратууга алып келет.

6. Ушул берененин 11, 21 жана 41-бөлүктөрүндө каралган жосундар ушул Кодекстин 33-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык камакка алуу колдонулбаган адамдар тарабынан жасалса, -

Жеке жактарга: 20 000 сом 

Эскертүү. Белгиленген тартипке ылайык мас абалды күбөлөндүрүүдөн өтүүдөн баш тарткан транспорт каражатын башкаруучу адамдын мас абалы аныкталган учурда, ушул берененин 1-бөлүгү боюнча да жоопкерчилик тартат.