199-берене
199-берене. Автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелерин бузуу
1. Балдардын же туристтердин уюштурулган топторун ташуу эрежелерин бузуу, –
Жеке жактарга: 5 500 сом2. Каттамдык такси катары же шаар аралык же болбосо эл аралык жүргүнчүлөрдү ташууларда пайдаланылуучу транспорт каражаттары менен ташылуучу адамдардын санына карата талаптарды айдоочунун бузуусу, ошондой эле айдоочуда жүргүнчүлөрдү ташуу келишими, же болбосо каттамдын паспорту болбогондо –
Жеке жактарга: 1 000 сом3. Автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууда «Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу же аткарбоо –
Жеке жактарга: 3 000 сом / Юридикалык жактарга: 13 000 сом4. Айдоочулардын иштөө же эс алуу режимин бузуу –
Жеке жактарга: 5 500 сом / Юридикалык жактарга: 17 000 сом5. Айдоочунун ар бир кезмети сайын рейске чыгар алдындагы медициналык кароодон өтүү же рейске чыгар алдындагы транспорт каражаттарынын техникалык абалын контролдон өткөрүү бөлүгүндө жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелерин бузуусу, –
Жеке жактарга: 5 500 сом / Юридикалык жактарга: 17 000 сом6. Жеңил таксинин айырмалоочу шарттуу белгилери жок бөлүгүндө жеңил такси менен жүргүнчүлөрдү жана жол жүктөрүн ташуу жана жеңил таксилер менен автобекеттердин жана автостанциялардын аймагынан тышкары шаар аралык жана эл аралык каттамдарда жүргүнчүлөрдү ташуу (диспетчердик кызматтын тапшырыгы боюнча ташуулардан тышкары) эрежелеринин талаптарын бузуу –
Жеке жактарга: 3 000 сом7. Кыргыз Республикасында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелеринин башка талаптарын бузуу –
Жеке жактарга: 3 000 сом8. Муниципалдык коомдук транспортто жол кирени жана жол жүгүн ташуу үчүн акы төлөбөө, ага тете шаардык коомдук транспортту пайдалануу эрежелерин бузуу -
Жеке жактарга: 1 000 сом