3. Тыюу салуучу

3.4

3.4 "Жүк ташуучу автомобилдердин жүрүүсүнө тыюу салынат" белгиси. 


Расмий текст:

Жүк ташуучу автоунаалардын жана уруксат берилген максималдуу салмагы 3,5 т дан жогору болгон транспорт каражаттарынын курамдарынын (эгерде белгиде салмагы көрсөтүлбөгөн болсо) же уруксат берилген максималдуу салмагы белгиде көрсөтүлгөндөн жогору болгон транспорт каражаттарынын, ошондой эле тракторлордун жана өзү жүрүүчү машиналардын кыймылдарына тыюу салынат.

3.4 белгиси адамдарды ташууга арналган жүк ташуучу автоунаалардын кыймылына, ошондой эле белгиленген зонада турган уруксат берилген максималдуу салмагы 26 тоннадан жогору эмес чиркегичсиз жүк ташуучу автоунаалардын кыймылына тыюу салбайт. Бул учурларда транспорт каражаттары белгиленген зонага кирүүгө жана андан чыгууга көздөлгөн жерден жакынкы кесилиште чыгууга тийиш.


Кошумча маалымат:

белгисин жүк ташуучу автомобилдердин жана уруксат берилген максималдуу массасы 3,5 тоннадан ашык (эгерде белгиде масса көрсөтүлбөсө) же уруксат берилген максималдуу массасы белгиде көрсөтүлгөндөн ашык болгон транспорт каражаттарынын курамдарынын, ошондой эле тракторлордун жана өзү жүрүүчү машиналардын жүрүүсүнө тыюу салуу үчүн колдонушат.

Белги адамдарды ташууга арналган автомобилдерге карата колдонулбайт.

icon 565

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign