3. Кошумча

3. Тыюу салуучу

3. Кошумча

3. Тыюу салуучу белгилер


Расмий текст:

Тыюу салуучу белгилер кыймылдын белгилүү чектөөлөрүн киргизишет же алып салышат.

3.2-3.9, 3.32-3.34 белгилери эки багытта тең транспорт каражаттарынын тиешелүү түрлөрүнүн кыймылына тыюу салышат.


Белгилердин аракеттери төмөнкүлөргө таркатылышпайт:

3.1-3.3, 3.18.1, 3.18.2, 3.19 - маршруттук транспорт каражаттарына;

3.2, 3.3, 3.5-3.8 - белгиленген зонада жайгашкан ишканаларды тейлей турган, ошондой эле белгиленген зонада жашашкан же иштешкен жарандарды тейлей турган же болбосо бул жарандарга тиешелүү болгон транспорт каражаттарына. Бул учурларда транспорт каражаттары белгиленген зонага кесилишке баруучу жерге эң жакын жерден белгиленген зонага кирүүгө жана андан чыгууга тийиш болушат;

3.28-3.30 - майыптар тарабынан башкарылуучу, майыптарды, анын ичинде майып-балдарды ташуучу транспорт каражаттарына, эгерде көрсөтүлгөн транспорт каражаттарында «Майып» таанытуучу белгиси орнотулган болсо.


3.18.1, 3.18.2 белгилеринин аракети, анын алдында белги орнотулган жүрүүчү бөлүктөрдүн кесилишине карата таркатылат.

3.16, 3.20, 3.22, 3.24, 3.26 - 3.30 белгилеринин аракетте болуу зонасы белги орнотулган жерден тартып андан кийинки жакынкы кесилишке чейин, ал эми калктуу пункттарда кесилиш жок болгон учурда – калктуу пункт аяктаганга чейин таркатылат. Белгилердин аракети жолдорго жакын жайгашкан аймактардан чыгуу жерлеринде жана талаа, алардын алдында тиешелүү белгилер орнотулушпаган токой жана башка экинчи даражадагы жолдор менен кесилишүү (кошулуу) жерлеринде үзүлбөйт.

5.23.1 же 5.23.2 белгиси менен белгиленген калктуу конуштун алдында орнотулган 3.24 белгисинин аракети ушул белгиге чейин таркатылат.


Белгилердин аракетте болуу зонасы төмөнкүлөр үчүн азайтылган болушу мүмкүн:

3.16 жана 3.26 белгилери үчүн 8.2.1 табличкасын колдонуу менен;

3.20, 3.22, 3.24 белгилери үчүн алардын аракеттенүү зонасынын аягында тиешелүүлүгүнө жараша 3.21, 3.23, 3.25 белгилерин 8.2.1 табличкасын колдонуу менен орнотууда. 3.24 белгисинин аракетте болуу зонасы 3.24 белгисин кыймылдын максималдуу ылдамдыгын башка мааниси менен орнотууда азайтылган болушу мүмкүн;

3.27-3.30 белгилери үчүн алардын аракеттенүү зонасынын аягында кайталануучу 3.27 - 3.30 белгилерин 8.2.3 табличкасы менен же 8.2.2 табличкасын колдонуу менен. 3.27 белгиси 1.4 чийини менен чогуу колдонулушу ыктымал, ал эми 3.28 белгиси - 1.10 чийини менен, мында белгилердин аракетте болуу зонасы чийиндин сызыгынын узактыгы менен аныкталат.


3.10, 3.27-3.30 белгилеринин аракети алар орнотулган жол тарабына гана таркатылат.


icon 1133

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign