8. Табличкалар

8.2.1

8.2.1 "Колдонуу зонасы" табличкасы


Расмий текст:
Эскертүүчү белгилер менен белгиленген жол участогунун узундугун же тыюу салуучу белгилердин, ошондой эле 5.16, 6.2 жана 6.4 белгилеринин аракетте болуу зонасын көрсөтөт.


Кошумча маалымат:

8.2.1 "Колдонуу зонасы" табличкасын төмөнкүлөр менен колдонушат:

- 1.12.1-1.19, 1.23, 1.25-1.33 белгилери менен коркунучтуу участоктун узактыгын көрсөтүү үчүн;

- 3.16, 3.20, 3.22, 3.24, 3.26 белгилери менен белгинин колдонуу зонасын көрсөтүү үчүн;

- 5.16 белгиси менен биринен кийин бири жайгашкан токтоо пункттарынын биринин же бир нечесинин узактыгын көрсөтүү үчүн;

- 6.2 белгиси менен, качан ал эскертүү белгиси менен чогуу орнотулган кезден башка учурда, эгерде 6.2 белгисин колдонууну жакынкы кесилишке чейин таркатуу зарылдыгы жок болсо;

- 6.4 белгиси менен, анын колдонулушун тактоочу же чектөөчү табличка(лар) менен орнотулса, мында 8.2.1 табличкасын эгерде белгинин колдонулушу жакынкы кесилишке чейин жайылтылбаган болсо башка табличкалары менен жайгаштырышат.


8.2.2-8.2.6 "Колдонуу зонасы" табличкаларын 3.27-3.30 белгилери менен гана колдонушат: 

icon 206

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign