2023 жылы Кыргызстандагы күңүрттөө

2023 жылы Кыргызстандагы күңүрттөө
Автор: JOLDO.kg    Котормочу: Болот А    icon 525

2020 жылы жарык өткөрүмдүүлүктүн нормалары

Кыргызстан 2015-жылдын 12-августунан баштап, Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) толук укуктуу мүчөсү болду. ЕАЭБ жөнүндөгү Келишимине ылайык техникалык регламенттер КР аймагында милдеттүү түрдө колдонууга өтөт.

Бажы биримдигинин Техникалык регламентинде (ТР ТС 018/2011) маңдайкы жана алдыңкы каптал айнектеринин жарык өткөрүмдүүлүгү боюнча кандай талаптар жазылган.

ТР ТС 018/2011 / №8 ТИРКЕМЕ / 4.3. пункту Маңдайкы айнектердин жана айдоочуга алдыңкы көрүмдүүлүктү камсыздаган айнектердин жарык өткөрүмдүүлүгү 70% кем эмес болушу шарт.
Маңдайкы жана алдыңкы каптал айнектердин жарык өткөрүмдүүлүгү 70% кем эмес болушу керек

Күңүрттөөчү плёнканы колдонууга расмий түрдө тыюу салынбаса дагы, 70%дык жарык өткөрүмдүүлүк талабынын өзү күңүрттөөгө тыюу болуп саналат. Эмне үчүн? Анткени азыркы заманбап автоунаалардын айнектеринин жарык өткөрүмдүүлүгү заводдон эле 80%га жакын чыгат. Эми эгерде, жок дегенде эң ачык болгон плёнканы бастырсак, мисалы 15%дык, анда биз коюлган чектен өтүп кетебиз жана бул эреже бузуу болуп эсептелет.

Айнек:Жарык өткөрүмдүүлү:
Маңдайкы70%
Алдыңкы каптал70%
Арткы капталЧеги жок
АрткыЧеги жок


Күңүрттөөнү ким жана кантип өлчөйт?

ЖККК (ЖКККББ же МККБ) кызматкерлери эреже бузуусу бар автоунааларды пайдаланууга бөгөт коюу жолу менен транспорттук каражаттардын техникалык абалын көзөмөлдөөгө укугу бар. МККБ кызматкери стационардык посттордо да, кайгуулдоо учурунда да айнектердин жарык өткөрүмдүүлүгүн текшерүүгө укугу бар.


Тауметр – бул портативдик түзмөк болуп эсептелип, анын жардамы менен айнектин жарык өткөрүмдүүлүгүнүн коэффициенти өлчөнөт. Ал автоунаанын айнегинен эркин өтүп жаткан жарыктын көлөмүн мүнөздөгөн маалыматты пайыздык ченемде көрсөтөт. 

Өлчөөнүн эрежелери

- Алгач айнекти чагылткыч менен жарыкка салып көрүлөт.

- Үлгү аркылуу өткөрүлгөн жарыктын агыны шаймандын кабылдагычына келип түшөт.

- Өлчөөчү блок жарыктын өтүүсүнүн пайызын санариптик дисплейде чыгарып берет.

Автоунаа айнектеринин жарык өткөрүмдүүлүгүн текшерүү учурунда, айдоочу, ЖККК кызматкеринен, шаймандын бузуксуздугуна жыл сайын текшерүүдөн өткөндүгүнүн тастыктамасын талап кылууга укугу бар. Ошондой эле айдоочу аппартта пломбанын тургандыгын өз көзү менен текшерүүсү зарыл. 

Эгерде тастыктаманын мөөнөтү өтүп кеткен же анын өзү жок болсо, же пломбанын бүтүндүгү бузулган болсо, анда текешерүү жараксыз болуп эсептелет.

Бул эреже бузууга кандай айып пул каралган?

КР Бузуулар кодекси 129-берене, 3-бөлүк. Айдоочунун маңдайкы айнеги жана (же) алдыңкы эшиктин каптал айнектери күңүрттөлгөн, анын ичинде кустардык, өнөр жайлык түрдө даярдалган же болбосо аларда пардалар пайдаланылган же айнектеринде чагылышкан күңүрттөөчү жабуусу бар транспорт каражатын башкаруусу, - айып пул 5500 сом.


Тэги:

Обсуждение

Для того что бы оставлять комментарии, вам неоходимо авторизоваться на нашем сайте...

Войти

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign