2021 жылы скутерде кайсыл жерде жүрүүгө болот?

2021 жылы скутерде кайсыл жерде жүрүүгө болот?
Автор: JOLDO.kg    Котормочу: Болот А    icon 453

КР ЖКЭде скутер деген түшүнүк жолукпайт. Бирок, 1.2. пунктуна ылайык скутерди мопед жана мотоцикл катарына кошууга болот.

"Мопед" - 50 куб.см ашпаган жумуш көлөмүндөгү кыймылдаткыч менен жүрүүчү жана эң жогорку конструкциялык ылдамдыгы саатына 50 километрден ашпаган эки же үч дөңгөлөктүү транспорт каражаты. Орнотулуучу кыймылдаткычы бар велосипеддер жана ушундай мүнөздөмөсү бар башка транспорт каражаттары мопедге теңештирилет.
"Мотоцикл" - капталында чиркегичи бар же анысы жок болгон эки дөңгөлөктүү механикалык транспорт каражат. Жүктөлгөн абалда салмагы 400 килограммдан ашпаган үч же төрт дөңгөлөктүү механикалык транспорт каражаттары мотоциклдерге теңештирилет.

Эгерде скутер саатына 50 километрден жогору ылдамдыкты күчөтө алса жана жумуш көлөмү 50 куб.см жогору болсо, анда бул мопед эмес мотоцикл болуп эсептелет. Бул макалада мопедке теңештирилген скутерлер жөнүндө сөз болот.


Болот

- Эң оң жактагы тилке боюнча бир катар, мүмкүн болушунча оң тарапка жакын жүрүүгө тийиш.

- Эгерде жөө адамдарга тоскоолдук кылбаса, жолдун чети менен жүрүүгө жол берилет.

- Велосипед жолдорунда.

Болбойт

- Рулду жок дегенде бир кол менен кармабай айдоого;

- жүргүнчүлөрдү ташууга, буга 7 жашка чейинки курактагы балдарды бекем бекитилген бут койгуч менен жабдылган кошумча отургучта ташуу кирбейт;

- узундугу же туурасы боюнча габариттен 0,5 метрден көп ашкан жүктү же башкарууга тоскоолдук кылган жүктү ташууга;

- катар жерде велосипед жолу бар туруп жол менен жүрүүгө;

- трамвай кыймылы бар жолдордо жана бир багыттагы кыймыл үчүн бирден ашык тилкеси бар жолдордо солго бурулууга же артка кайрылууга.

(КР ЖКЭнин 24.2. жана 24.3. пункту)


Обсуждение

Для того что бы оставлять комментарии, вам неоходимо авторизоваться на нашем сайте...

Войти

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign