«Калктуу конуштун башталышы» белгиси

«Калктуу конуштун башталышы» белгиси
Автор: JOLDO.kg    Котормочу: Болот А    icon 1087

"Калктуу конуш" - курулуштары бар аймак, ага кире бериште жана андан чыккан жолдор 5.23 – 5.26 белгилери менен көрсөтүлгөн.


5.23.1 жана 5.23.2 "Калктуу конуштун башталышы" белгилерин анын чектеринде калктуу конушта жүрүүнүн тартибин белгилеген Эрежелердин талаптары колдонула турган калктуу конуштун башталышын белгилөө үчүн колдонушат.


5.25 "Калктуу конуштун башталышы" белгисин анда ушул жол боюнча кыймылдоо коопсуздугунун шарттарында калктуу пункттарда кыймылдоо тартибин белгилей турган Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын киргизүү максатка ылайыксыз болгон калктуу пункттун башталышын белгилөө үчүн колдонушат.

Калктуу жердин аты жазылган көрнөктөр, ошондой эле ар кандай илинген көрсөтмө тактайлар, юридикалык жактан калктуу пункттун башталышы болуп эсептелбейт. Жолдун тийиштүү участогу калктуу пунктка караштуу деп эсептелиши үчүн – сөзсүз түрдө 5.23.1.; 5.23.2 же 5.25 белгилери болушу керек.

Тыянак: Ак түс фонундагы белгиден кийин саатына 60 чакырым менен жүрөбүз, ал эми көк түс фонундагы белгиден кийин саатына 90 чакырым ылдамдыкта жүрөбүз.


Обсуждение

Для того что бы оставлять комментарии, вам неоходимо авторизоваться на нашем сайте...

Войти

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign