2023-жылдагы жол кырсыгы үчүн айыптар

2023-жылдагы жол кырсыгы үчүн айыптар
Автор: JOLDO.kg    Котормочу: Alfa Translation    icon 1223

2021-жылдын 1-декабрынан тартып Кыргызстанда ЖКЭни бузуунун натыйжасында зыян келтиргендиги үчүн жаңы айыптар пайда болгон. Кененирээк карап чыксак.  


Эмнени жол кырсыгы деп атоого болот

КР ЖКЭ 1.2. "Жол-транспорт кырсыгы" - транспорт каражатынын жол кыймылынын процессинде жана анын катышуусу менен келип чыккан, адамдардын өлүмүнө же жарадар болушуна, транспорт каражатынын, жүктүн, курулуштун бузулушуна же материалдык зыянга алып келген окуя.


Жол кырсыгынын катышуучуларына кимдер кирээрин бул жерден окусаңыз болот.


Айып пулдун өлчөмү келтирилген зыянга жараша болот. Ошондуктан келтирилген зыянды бир нече категорияга бөлүп карайбыз


Эч ким жабыркаган жок, бирок материалдык жактан зыянга учурады
КоП КР  192 берене 2 б.

Транспорт каражатынын, жүктүн, автомобиль жолунун, көчөнүн, темир жол өткөөлүнүн, жол курулмасынын же башка мүлктүн бузулушуна алып келген жол кыймылынын эрежелерин бузуу

Физ. лица - 5500 сом 


Жол кырсыгынын кесепетинен адам жабыркады
КоП КР 192 берене 3 б.
Эгерде укук бузуучунун аракеттеринде кылмыштын белгилери жок болсо, адамдын ден соолугуна зыян келтирүү менен жол кыймылынын эрежелерин бузуу

Физ. лица - 10000 сом


Ден соолукка өтө оор эмес зыян келтирүү
КР Кылмыш-Жаза кодекси 312 берене 1 б.

Этиятсыздыктан ден соолугуна анча оор эмес залал келтирген транспорт каражатын башкарган адам тарабынан автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин атайылап же этиятсыздыктан бузуу, -

эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 200төн 500 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга жазаланат.


Ден соолукка оор зыян келтирүү
КР Кылмыш-Жаза кодекси 312 берене 2 б.
Этиятсыздыктан ден соолугуна оор залал келтирген ошол эле жосун, -
1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.


Өзгөчө оор зыян келтирүү
КР Кылмыш-Жаза кодекси 312 берене 3 б.
Этиятсыздыктан өзгөчө оор залал келтирген ошол эле жосун, -
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.


Өзгөчө оор зыян келтирүү (айдоочу мас абалда болгон)
КР Кылмыш-Жаза кодекси 312 берене 4 б.
Ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган, алкоголду, баңги каражаттарды же башка мас кылуучу заттарды колдонуудан келип чыккан мас абалында жасалган жосундар, -
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен сегиз жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.


Ден соолукка келтирилген зыяндын оордугу

1. Жабырлануучунун ден соолугуна жеңил зыян келтирүү - ден соолуктун кыска мөөнөттүк бузулушу же жалпы эмгекке жөндөмдүүлүгүн бир аз туруктуу жоготуу.

2. Ден соолукка оор эмес зыян - ден соолуктун өмүргө коркунуч туудурбаган узак мөөнөттүү бузулушу же жалпы эмгекке жөндөмдүүлүктү үчтөн биринен кем эмес туруктуу жоготуу.

3. Ден соолукка келтирилген оор зыян:

  • адам өмүрүнө кооптуу зыян;
  • көрбөй, сүйлөбөй, укпай калышы же кайсы бир органдан ажыроо же орган өз функциясын жоготушу;
  • боюнан алдыруу;
  • психикалык жактан оору;
  • баңгилик жана токсикомания менен ооруп калуу;
  • жүзүнүн көркүн кайтарылгыс кетирүү;
  • жалпы эмгекке жөндөмдүүлүктүн үчтөн биринен кем эмес бөлүгүн жоготуу;
  • кесиптик эмгекке жарамдуулукту толук жоготуу.


4. Өзгөчө оор зыян - жабырлануучунун өлүмү.



Перевод статьи выполнен "Alfa Translation"
г.Бишкек, ул.Калыка Акиева 66

 +996 312 900929 +996 312 900880 +996 557 803880
 office@alfatranslation.kg 

Тэги:

Обсуждение

Для того что бы оставлять комментарии, вам неоходимо авторизоваться на нашем сайте...

Войти

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign