Аркада «тез жардам», алдыда «кызыл»

Автор: JOLDO.kg    Котормочу: Болот А    icon 576

Жагдай: Сиз кесилиште турасыз, Сизге светофордун кызыл сигналы күйүп турат. Арт жактан үн чыгарган жана жаркылдаган сигналдары менен тез жардам машинеси жакындап келе жатат.

Суроо: Эгерде Сиз, «тез жардамга» жол берүү максатында, бир аз алдыга айдап, стоп-линияны басып өтсөңүз, айып пул төлөйсүзбү? 

«Тез жардам» айдоочулары 

КР ЖКЭ 3.1. пункту Оперативдүү жана атайын кызматтардын транспорт каражаттарынын айдоочулары кечиктирилгис кызматтык милдеттерди аткарып жатканда көк түстөгү жаркылдоочу маякты иштетүү менен Эрежелердин 6 (жөнгө салуучунун сигналдарынан тышкары), 8-18-бөлүмдөрүнүн талаптарынан, Эрежелердин 1- жана 2-тиркемелеринин жоболорунан четтей алат, мында кыймылдын коопсуздугу камсыз кылынууга тийиш.
КР ЖКЭ 3.2. пункту Кыймылдын башка катышуучуларына караганда артыкчылык алуу үчүн мындай транспорт каражаттарынын айдоочулары көк түстөгү жаркылдоочу маякты же үн чыгаруучу атайын сигналды иштетүүгө тийиш. Булар өздөрүнө жол берилип жаткандыгына ынангандан кийин гана артыкчылыктан пайдалана алат.

Кызматык ишин аткарып жаткан атайын транспорт, көк түстөгү өчүп күйгөн жарыгы жана атайын үн чыгаруучу сигналын иштеткен абалда гана артыкчылыкка ээ болот. Албетте ал, жолдогу жагдайга такыр эле көңүл бурбай койсо болот дегендик эмес. Атайын транспорттун тажрыйбалуу айдоочулары кесилишке жакындаганда ылдамдыгын азайтып, жагдайды аңдоого аракет кылышат. Анан коопсуз ылдамдыкты жана багытты тандап, опурталдуу жерден өтө этияттык менен өтүшөт. Алар, жол берилип жатканы ишеничтүү болгондо гана жана манёвр жасоо коопсуз болушуна көзү жеткенде гана артыкчылыгынан пайдалана алышат.

Калган айдоочулар

КР ЖКЭ 3.3. пункту Көк түстөгү жаркылдоочу маягы же үн чыгаруучу атайын сигналы иштетилген транспорт каражаттары жакындап келаткан учурда алардын… тоскоолдуксуз өтүшүн камсыз кылуу үчүн айдоочулар жол берүүгө тийиш.

ЖКЭ ылайык айдоочу, кызматтагы атайын транспортко жол берүүгө милдетүү. Эгерде айдоочу, буга шарты бар болуп, атайын жарык берүүчү жана үн чыгаруучу сигнал түзмөгү иштетилген кызматтык унаага артыкчылык бербей койсо, ал 10 000 сом өлчөмдөгү айып пул жазасына дуушар болот.

КР Бузуулар жөнүндө кодекси 123-1 беренеси 4-бөлүк Атайын жарык берүүчү жана үн чыгаруучу сигналдык түзүлүштөрдү иштетүү менен жүрүп бараткан транспорт каражаттарынын кыймылына артыкчылык бербөө.

Бирок, бул жерде бир маанилүү учур бар. Жол берүү талабына көңүл буралы:

"Жол берүү (тоскоолдук түзбөө)" - эгерде кайсы бир жол кыймылынын катышуучусунун кыймылды баштоого, улантууга же кыймыл багытын өзгөртүүгө болгон аракеттери ага караганда салыштырмалуу артыкчылыгы бар башка жол кыймылынын катышуучуларынын кыймыл багытын же ылдамдыгын өзгөртүүгө мажбурлай турган болсо, ал жол кыймылынын катышуучусуна жогорудагыдай аракеттерди жасоого болбой тургандыгын билдирүүчү талап.

Айдоочу кыймылда болуп жана анын манёвру кызматтагы транспортко тоскоолдук жаратып коё турган абалда болсо, ал жол берүүгө милдеттүү. Бирок, эгерде айдоочу кесилиште турса, ал кызматтык транспортко жол берүү үчүн кыймылды баштоого милдеттүү эмес.

Тилеке каршы мындай учурларда айдоочу тез жардамга жол бошотуп берип, бирок аны менен кошо ЖКЭ бузгандыгы үчүн штрафтар келип түшүүдө. Теориялык жактан мындай айыпты даттанып чыкса болот. Бирок ал үчүн убактыңды, каражатыңды жана нервиңди кетириш керек. Ошон үчүн кээ бир айдоочулар, териштирүүлөрсүз эле айып пулду жөн эле төлөп коюуга ынанышат.


Камералардан алынган эреже бузууларды тескеген операторлор, мындай бузууларды эсепке албай койсо дурус болор эле.


Тыянак: ЖКЭ бузуу аркылуу, тез жардамга жол бошотуп берүү керекпи, ар бир айдоочу өзү чечим чыгарат. Тез жардам унаасын коё берүү үчүн кыймылды баштоого милдеттендирген мыйзам жок. Бирок, ал учурда көбүн эсе адамдын өмүрү жөнүндө кеп болот. Ошондуктан, көпчүлүк айдоочулар айып пул төлөш керек болсо да, же аны даттанууга убакытты кетирүү керек болсо да, тез жардам машинесине өтүп кетүүсүнө шарт түзүп берүүгө даяр, себеби кечеңдеген ар бир секунда адамдын өмүрүнө тете болуп калышы мүмкүн.


Обсуждение

Для того что бы оставлять комментарии, вам неоходимо авторизоваться на нашем сайте...

Войти

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign