Машинени жолдун каршы тилкесине, унаалардын кыймылына тетири кылып токтотуп койсо болобу

Машинени жолдун каршы тилкесине, унаалардын кыймылына тетири кылып токтотуп койсо болобу?
Автор: JOLDO.kg    Котормочу: Болот А    icon 809

Шаарларда унаа токтотуучу жайлар адатынча чоң көйгөйдү жаратат. Айдоочулар автоунаасын койгонго кичине орун тапса эле ыраазы. Албетте Эреже талаптары дагы андайга дайыма уруксат бере бербейт. Бир жагдайды карап көрөлү.

Жагдай: Айдоочу өзүнүн автоунаасын жолдун сол жак четине токтотуп койду.
Суроо: Ал ЖКЭни буздубу?

Жолдун сол жагына качан токтоп турууга уруксат

КР ЖКЭ 12.1. пункту. Транспорт каражаттарына жолду оң тарабындагы четине, эгер андай жер болбосо жүрүүчү тилкенин четине токтоого жана токтоп турууга уруксат берилет.
Жолдун сол тарабында кыймылды токтотуу жана токтоп туруу ортосунда трамвай жолу жок болгон ар бир багыт үчүн бир кыймыл тилкеси бар жолдордо жана бир тараптуу кыймылдагы жолдордо уруксат берилет (уруксат берилген максималдуу массасы 3,5 тоннадан ашык болгон жүк ташуучу автомобилдерге бир тараптуу кыймылы бар жолдун сол тарабына жүктөө же түшүрүү үчүн токтоого гана уруксат берилет).

Демек жолдун сол жак четине токтоп турууга төмөнкү учурда мүмкүн:

  • калктуу конуштарда ар бир багыт үчүн бир кыймыл тилкеси бар жолдордо (ортосунда трамвай жолу жок болгондо)
  • ир тараптуу кыймылдагы жолдордо

Кыймылга каршы токтотуп коюуга качан тыюу салынат

Жүрүүчү бөлүктүн Карама-каршы жагына токтотуп турууга төмөнкү учурда тыюу салынат:

  • токтотуп турууга тыюу салуучу белгилер бар болсо
  • жолдун экиден ашык тилкеси бар болсо

Мындан сырткары, шаардын сыртында жолдун сол жак четине токтотуп турууга тыюу салынат.

Тыянак: Жол тилкесинин сол жак четине токтотуп турууга, калктуу конуш чегинде жана ал жолдун экиден ашык эмес ар тараптуу тилкеси бар болсо гана жана ортосунда трамвай жолу жок болсо уруксат. Анан, каршы тилкеге орнотулган жол белгилердин көрүнбөстүгүн да эске алыш керек. Ал жерде токтотуп турууга мүмкүн экенин түшүнүү үчүн, ал жерлер таанымал болсо дагы жакшы болоор эле.  

Обсуждение

Для того что бы оставлять комментарии, вам неоходимо авторизоваться на нашем сайте...

Войти

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign