Кесилиш жолдун экинчи тилкесинен оңго бурулууга болобу?

Кесилиш жолдун экинчи тилкесинен оңго бурулууга болобу?
Автор: JOLDO.kg    Котормочу: Доброволец    icon 1552

Жолдогу жагдай: Байтик Баатыр көчөсү менен Горький кесилиши. Бул кесилиште шаардын түштүк тарапка карай багыттаган үч жол тилкеси бар. Жолдун четки сол тилкенин үстүндө 4.1.4 "Түз же оңго кетүү" милдеттендирүүчү жол белгиси жайгашкан. 

Суроо: Ортоңку тилкеден оңго бурулса болобу?

Адегенде 4.1.4 жол белгисинин түшүндүрмөсүн карап көрөлү.

4.1.4 "Түз же оңго"........белгилерин белгидеги жебелер менен көрсөтүлгөн багыттарда жүрүү бөлүктөрүнүн жакынкы кесилишинде жүрүүгө уруксат берүү үчүн ........колдонушат.

Бул жол белги кесилиш жолдун жүрүүчү бөлүгүндө күчкө ээ. Анткен менен бул жол белгиси тилкелер боюнча кыймыл багыттын көрсөтүү үчүн колдонбойт. Багыт боюнча жүрүүгө көрсөтүү үчүн жол чийиндер же "Тилкелер боюнча кыймылдын багыты" 5.15.1 , 5.15.2 колдонулат.

Жол чийиндин өңү өчүп кеткен учурда ошондой эле 4.1.4 жол белгиден башка кошумча жол белги жок болгон учурда , шопур 8.5. эрежеге ылайык иш кылыш керек

8.5. Оңго, солго бурулуунун......алдында.......ушул багыт боюнча жүрүү үчүн арналган жүрүүчү бөлүктөгү тиешелүү четки абалды алдын ала ээлөөгө милдеттүү.

Эске алчу нерсе 4.1.4 жол белгисин 5.15.1 жол белгиси менен чаташтырып албагыла.


Жыйынтык: Бул кесилиш жолдо оңго кайрылуу үчүн тиешелүү четки тилкеден кайрылса болот.

Обсуждение

Для того что бы оставлять комментарии, вам неоходимо авторизоваться на нашем сайте...

Войти

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign