Инспектор протокол жаза баштады. Сүйлөшкөнгө кеч болдубу?

Инспектор протокол жаза баштады. Сүйлөшкөнгө кеч болдубу?
Автор: JOLDO.kg    Котормочу: Болот А    icon 743

Протокол – так отчёттуулуктун номерленген бланкы. Бирок бул, кагаздын мыйзам чегинде жок болуп кетүүсү мүмкүн эмес дегендик эмес.

Жашоодо, так отчёттуулуктун бланкын кокустан бузуп алган ар кандай жагдайлар болуп турат. Мисалы, кофе төгүп аласың, көлчөккө түшүрүп аласың, кар тийип кетет жана башкалар.

Мындай учурда жагдай-шарты көрсөтүлгөн рапорт же акт жазылат жана балнк жоготулган (жараксыз) болуп эсептелинет.

Айта кетсек, протоколдо окуянын жагдайлары көрсөтүлөт, ал эми чечимди болсо башка инстанциялар чыгарат: тергөө тобу, башка инспектор, сот. Протокол жокбу – административдик иш да жок.

Эгерде сиз, өзүңүздүн эч кандай эреже бузбагандыгыңызды инспекторго ишендире алсаңыз, анда билип коюуңуз, ал мыйзамдуу түрдө документтин толтурулушун токтото алат.

А эгерде инспектор «Эми мен жазып баштап алдым да…» дей баштаса, анда ал сизди коё бергиси келбей, сизге эреже бузууну каттагысы келгендигин билдирет.

Инспектордун протоколду толутура баштаганы, эми аны бузганга болбойт дегендик эмес. Анын канчалык көлөмдө толтурулугандыгында да айрыма жок. Эгерде ал расмий түрдө бузулган болсо, анда бүттү, ал жерде бир сөз жазылганбы же акыркы чекитине чейин жазылганбы мааниси жок. Бланкаларды номер аркылуу текшерүү ыкмасы каралган эмес.

Өлкөбүздө күнөөсүздүк жоромолу* иштесе дагы, кээ бир айдоочулар өзүнүн күнөөсүздүгүн инспекторго далилдөөнү каалашат. Албетте, айдоочу өзүнүн актыгын далилдегенге милдеттүү эмес. Бирок сиз, өзүңүздүн айыптуу эмес экендигиңизди инспекторго жеткире алсаңыз, анда бул менен сиз көп убактыңызды, каражатыңызды жана нервиңизди үнөмдөй аласыз.

*Күнөөсүздүк жоромолу (лат. praesumptio innocentiae) – жазык сот өндүрүшүндөгү негиз салуучу принциптеринин бири болуп саналат. Анын мааңызы ар бир адамдын айыптуулугу мыйзамда каралган тартипте далилденип жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү менен белгиленмейинче, ал кылмыш (жорук) жасоодо күнөөсүз деп табылышында жатат. Күнөөсүздүк жоромолунун негизги шарты мындай дейт: «Күнөөнү далилдөө түйшүгү айыптоочу тарапта жатат».


Обсуждение

Для того что бы оставлять комментарии, вам неоходимо авторизоваться на нашем сайте...

Войти

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign