Айлампа жолдо кайсы жакка айдап, бурулуп жатканыңды туура көрсөт!

Айлампа жолдо кайсы жакка айдап, бурулуп жатканыңды туура көрсөт!
Автор: JOLDO.kg    Котормочу: Доброволец    icon 1098

Ушул жөнүндө сөз көп болду, ушул тууралуу жетиштүү эле жазылды болушу керек. Эми жыйынтыктайлы.

КР ЖКЭнин 8.1 мындай делет: Кыймылды баштоо, башка катарга өтүү, бурулуу (артка кайрылуу) жана токтоо алдында айдоочу тиешелүү багытка бурулуунун жарык берүүчү көрсөткүчтөрүнүн сигналын берүүгө, ал эми ал жокто же бузук болсо - кол менен билдирет.

 "Айлампа жолу" бул "кесилиш", болгону ушул "кесилиште" айлампа кыймылы уюштурулган кесилиш. Шопур кайсы жакка бурулуп жатканын ал дайыма бурулуу белгиси менен тактап айтканда жарык берүүчү көрсөткүчү менен башка айдоочуларга көрсөтүп турушу керек. 

Айланма кесилишке кирип баратканда

Түз эле айланма кесилишке багыттаган жолдо, айдоочу оңго кайрылат. Демек оңго кайрылып жатканын бурулуу белгиси менен көрсөтөт.

Ал эми айланма кесилиш сол тарапта жайгашкан болсо, анда сол жакка кайрылат. Ошондуктан сол жакка кайрылып жатканын бурулуу белгиси менен көрсөтөт.

Айлампа кесилиштин ичинде

Башка тилкеге өттү үчүн анда тийиштүү жарык берүүчү көрсөткүчүү менен көрсөтөт. Солго- сол, оңго— оң жакка бурулуу белгисин колдонот.

Айлампа кесилиштен чыгып баратканда

Айланма кесилиштен оң жакка кайрылып чыгууга болот, демек кесилиштен оңго бурулуп чыгып баратканда анда тийиштүү бурулуу белгисин колдону абзел.

Корутунду: Кайсы жакка бурулуп жатсаң, ошол жакка бурулуп жатканыңды бурулуу белги менен көрсөт.

Обсуждение

Для того что бы оставлять комментарии, вам неоходимо авторизоваться на нашем сайте...

Войти

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign