2023 жылдагы КР ЖКЭни бузгандыгы үчүн айыптар

2023 жылдагы КР ЖКЭни бузгандыгы үчүн айыптар
Автор: JOLDO.kg    Котормочу: Alfa Translation    icon 1024

Айып пул таблицасы



Айып пулдарды төлөө мөөнөтү

Айып пул - токтом чыккан күндөн тартып 30 күндүн ичинде төлөнүшү керек. Белгилей кетсек, электрондук тиркеме аркылуу эмес, почта аркылуу алынган токтом жөнүндө сөз болуп жатат. 

Бул токтомго даттануу болгон учурда - даттанууну канааттандыруусуз калтыруу жөнүндө билдирүүнү алгандан кийин 15 күндөн кечиктирбестен. 


Арзандатуу

70% арзандатуу токтомду (катты почта аркылуу) алган күндөн тартып 15 күн бою күчүндө болот.

Арзандатуу бардык мыйзам бузууларга тиешелүү эмес: мисалы, мас абалында унаа айдагандыгы үчүн айып пулдун толук суммасын төлөп берүүгө тийиш. Эгер айып пулду бир айдын ичинде төлөбөсөңүз, туум кошула баштайт. (кененирээк айып пул таблицасынан караңыз)


Туумдун эң чоң өлчөмү

Төлөөнүн мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн өз убагында төлөнбөгөн айып пулдун суммасынан бир пайыз өлчөмүндө кошуп эсептеле баштайт. Мисалы, сизге 3000 сом өлчөмүндөгү айып пул салынган болсо, бир айдан кийин бул сумма күн сайын 30 сомго көбөйүп турат. Белгилей кетүүчү нерсе, туумдун эң чоң өлчөмү тартип бузуучуга карата колдонулган айып пулдун өлчөмүнөн ашпайт. Демек, 3000 сом айып пул салынган учурда жалпы сумма (туум менен бирге) 6000 сомго барабар болот.


Тартип бузуучуларга карата чаралар

.


Укук бузуулар жөнүндө кодекси 38-берене.

2-берене Жеке жактар транспорт каражатын башкаруудан төмөнкү учурларда четтетилет:
  • 8) ушул Кодекстин 21-главасында каралган укук бузууларды жасаганда салынган 100 эсептик көрсөткүчтөн ашкан айып пулду ушул Кодекстин 563-беренесинин 1-бөлүгү менен белгиленген төлөө мөөнөтүн бузганда;


Ведомствонун басма сөз катчысы Тилек Исаевдин айтымында, тартип бузгандарга ар кандай таасир этүү чаралары каралган.

“Мүлктү камакка алуу маселеси кара ниеттик менен мыйзам бузуулар болгон учурда көтөрүлүшү мүмкүн. Ошондой эле сот тартип бузуучунун банктык эсептерин тоңдуруп же ага чет өлкөгө чыгууга тыюу салышы мүмкүн. Мындан тышкары, МККдан маалымкат же паспорт алууда көйгөйлөр жаралат. Ошондой эле карызды төлөбөй туруп, унааны кайра жол — жоболоштурууга болбойт", - деп түшүндүрдү Исаев.

Мындан тышкары, эстен чыгарбоо керек: эгерде тартип бузган адам мамлекеттик кызматта иштесе, сот анын карызы жөнүндө иш берүүчүгө билдирүү жөнөтөт.



Бишкек шаарындагы атайын унаа токтотуучу жайлардын даректери жана телефондору:

Чолпон-Атинская к., 1а(0312) 63-02-57
Шабдан Баатыр к., 2а(0700) 17-59-62
пересечение ул. Карадарьинской и Горького(0773) 72-00-37
Багижский пер. 78(0700) 53-38-66


Перевод статьи выполнен "Alfa Translation"
г.Бишкек, ул.Калыка Акиева 66

Тэги:

Обсуждение

Для того что бы оставлять комментарии, вам неоходимо авторизоваться на нашем сайте...

Войти

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign