Оңго бурулуу: четки оң тилкенин экинчи катарынанбы же тилкенин четки оң абалданбы?

Оңго бурулуу: четки оң тилкенин экинчи катарынанбы же тилкенин четки оң абалданбы?
Автор: JOLDO.kg    Котормочу: Доброволец    icon 3241


Жолдогу жагдай: четки оң тилкеде жол кенен болгондуктан эки автоунаа батат. Ал тилкеде түз жана оңго жүрүүгө уруксат берилет. Кызыл түстөгү автоунаанын шоопуру четки оң тилкенин экинчи катарынан оңго кайрылганы жатат.
Суроо: мындайда ага оңго кайрылса болобу?


КРнын ЖКЭ 8.5 пункту: Оңго, солго бурулуунун же артка кайрылуунун алдында айдоочу ... ушул багыт боюнча жүрүү үчүн арналган жүрүүчү бөлүктөгү тиешелүү четки абалды алдын ала ээлөөгө милдеттүү.

Эрежеде айдоочу бурулганда "четки оң же сол тилкени" ээлөөгө тийиш деп айтылбаганы көңүлгө аларлык. Тескерисинче, бурулам деген айдоочу жүрүүчү бөлүктөгү тиешелүү четки абалды алдын ала ээлеп айдоого милдеттүү делет. 


Демек кызыл түстөгү автоунаанын айдоочусу оңго бурулууга жол берген тилкеде айдап жүргөнү менен, ал оңго бурулуу үчүн четки оң абалды алдын ала ээлеген жок. 


 "Жүрүүчү бөлүктөгү четки абал" деген эмне?

ЖКЭде аныктамасы бар:

"Жүрүүчү бөлүктөгү четки абал" - транспорт каражаттын жүрүүчү бөлүктүн четинен жүрүүчү бөлүктүн ортосуна же бөлүүчү тилкеге карата абалы, бул удаалаш бараткан транспорт каражатка (анын ичинде эки дөңгөлөктүү транспорт каражатка) жүрүүчү бөлүктүн четине, жүрүүчү бөлүктүн ортосуна же бөлүүчү тилкеге андан да жакыныраак жүрүүгө мүмкүндүк бербейт”.

Кайрылам деген айдоочу болушунча четки абалга же ажыратуучу тилкеге жанашала айдашы керек. Ошондо бир тилкеде аны менен чогуу кыймылдап бараткан башка айдоочу, оңго же солго бурулуп жаткан автоунаа менен ажыратуучу тилкенин ортосунан кысылып өттө албайт да, кагылышуу да болбойт.



  Жыйынтык: Тилкенин экинчи катарынан оңго кайрылып жатканда кызыл түстөгү автоунаанын айдоочусу эреженин 8.5 пунктту бузду.

Жазапул: ушинтип оңго бурулса, Бузуулар жөнүндө кодекстин 123 берененин 1 бөлүгүнө ылайык ( жолдун жүрүүчү бөлүгүндө транспорт каражаттарын жайгаштырууну бузуу) айдоочуга 1000 сом өлчөмүндөгү айып пул салынат. 

Обсуждение

Для того что бы оставлять комментарии, вам неоходимо авторизоваться на нашем сайте...

Войти

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign