Кайсы мекеменин кызматкери транспорттук каражат салыгын текшерүүгө укуктуу?

Кайсы мекеменин кызматкери транспорттук каражат салыгын текшерүүгө укуктуу?
Автор: JOLDO.kg    Котормочу: Доброволец    icon 674

ЖКККББ (Жол Кыймылынын Коопсуздугун Камсыздоо Башкы Башкармалыгы—ГУОБДД) жана МККБ (Милициянын Кайгуул Кызматынын Башкармалыгы—УПСМ) кызматкери транспорттук каражат салыгын төлөнгөн-төлөнбөгөнүн текшерүүгө талап кылганга укуктуу эместигин белгилеп кеткибиз келет. 2019 жылы ушул эки мекеменин кызматкерлеринин милдетине транспорттук каражат салыгын төлөнгөн-төлөнбөгөнүн аныктоо кирбей калган. 

Ошондуктан автоунаанын ээси салык төлөнгөнүн ырастаган атайын дүмүрчөктү, дайыма жанында кармап жүрүү же текшерүүгө талап кылганда көрсөтүүгө милдеттүү эмес. 

Ким текшере алат?

 Төмөнкү мекемелердин ыкчам топтун кызматкерлери салык төлөнгөн—төлөнбөгөнүн текшере алышат.

 Алар: 

— Райондук акимияттын кызматкерлери

— Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери

— Райондор боюнча мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери.

Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматкерлер сизди токтоткону менен салык төлөнгөнүн ырастаган атайын дүмүрчөктү текшерүүгө сизден талап кылганга укуктуу эмес. Жогоруда айтылган мекемелердин кызматкерлери текшере алышат.

Обсуждение

Для того что бы оставлять комментарии, вам неоходимо авторизоваться на нашем сайте...

Войти

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign