Протокол менен Токтом. Экөөнүн айырмасы эмнеде?

Протокол менен Токтом. Экөөнүн айырмасы эмнеде?

Шопурлардын көбү экөөнү дайыма чаташтыра беришет. Бирок экөөнүн айырмачылыктарын бири биринен ажырата билүү керек.

Жөнөкөй сөз менен айтканда:

   Протокол менен эреже бузууну каттайт

   Токтом менен жаза чарасы чыгарылат.

 Келгиле кененирээк карап чыгалы.

Протокол

Протоколго инспектор шопурдун кайсы эрежени бузганын, убакыт - саатты, кайсы жерде жасалганын жана тиешеси бар болгон башка маалыматты жазат. Инспектор чогулган маалыматтын негизинде эрежени бузган шопурду айыпка жыгуу үчүн документ даярдалат.

Протоколго шопур өзүнүн оюн, тактоосун жана каршы пикирин жазууга укуктуу. Жана коюп жаткан айыпка макул болгонун же макул эместигин жазса болот.

КР Жаза Кодекстин 312 беренесинде мындай делет:

Автоматтык режимде иштеп турган сертификатталган атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттарды пайдалануу менен түшүрүлгөн, фото-кино тартуу, видеожазуу болгон бузуулар аныкталган учурда бузуулар жөнүндө протокол түзүлбөйт. Ал эми бузуулар жөнүндөгү иш боюнча токтом бузуулар жөнүндө өндүрүш ачылган адамдын катышуусу жок чыгарылат.

Протокол өз ичине төмөнкүлөрдү камтыйт:

— эрежени бузган күнү, убакыт-саатты жана протокол түзүлгөн жер

— протоколду түзгөн инспектордун аты-жөнү жана кызмат орду

— эрежени бузган адам жөнүндө маалыматт

— эреже бузуу болгонун тастыктаган маалымат: жасалган жер, убакыт-сааты жана башка эске алуу керек болгон маалымат

— жаза Кодексинде белгиленген берене

— жабыр тарткан же күбө болгондор бар болсо алар жөнүндө маалымат 

— айыпка жыгылган адамдын тактоосу же түшүндүрмөсү

— иштин чечилишине өбөлгө түзгөн башка маалымат.

Токтом

Токтомго айыптуу болгон шопурга чыгарылган жаза чарасы. Токтомдон сиз силердин ишиңер боюнча чечим чыгарылганын биле аласыңар.

Инспектор токтомду эреже бузуу жасалган жерде эле жазып баштаса анда ал эреже бузууну өзү териштирип өзү айып пулду салган болот. Мындайда шопур айып пулду төлөйт же макул эместигин билдирип доо арыз менен кайрыла алат. 

Төмөнкү эки жагдайда гана инспектор бузулуу жасалган жерде токтом чыгарып алат: 

—жакка жаза чарасы катары эскертүү колдонулат же айып пул салынат.

— эгерде жак бузууларды жасагандыгы тууралуу фактыны жана ага ушул жаза чарасын жана кошумча укуктук кесепеттердин колдонуларын талашып-тартышпаса.

КР Жаза Кодекстин 310 беренесинин 2 бөлүгү:

Эгерде жак бузуулар фактысын же айып пул түрүндө жаза чарасын же ыйгарым укуктуу орган колдоно турган кошумча укуктук натыйжаларды талашып-тартышса, анда бузууларды кароо ушул Кодексте каралган жалпы тартипте ишке ашырылат.

Шопур протоколго бир нерсе жазып кошумчалай кете алса токтомго эч нерсе кошумчалай кете албайт. Болгону "Токтомдун көчүрмөсүн алдым" деген тилкеге колун коёт.

Коюлган айып менен макул эмес болсоңор инспектор айрыкча протокол түзүлмөйүнчө токтомду түзүүгө укугу жок .

Токтом өз ичине төмөнкүлөрдү камтыйт: 

  — токтомду чыгарган ыйгарым укуктуу мекеменин аталышы.

  — иш карала турган күн.

  — иши карала турган жаран жөнүндө маалымат.

  — бузулуу жасалган жердеги жагдайды баяндоо маалыматты.

  — Жаза Кодексинде жазык жоопкерчилиги белгиленген берене

  — иши боюнча кабыл алынган чечим.

Иш боюнча токтомго даттануу тартиби.

КР Жаза Кодекстин 332 берене:

1. Ушул Кодексте каралган учурларды кошпогондо, бузуу жөнүндө иш боюнча ыйгарым укуктуу органдын токтому бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылган адам, жабырлануучу тарабынан, ошондой эле алардын мыйзамдуу өкүлү тарабынан, райондук (шаардык) сотко даттанылышы мүмкүн.
2. Бузуулар жөнүндө иш боюнча токтомго даттануу келип түшкөн күндөн тартып он төрт күндүк мөөнөттө сот тарабынан каралат.. Көрсөтүлгөн мөөнөт жүйөлүү себептерден улам өтүп кеткен учурда ага карата токтом чыгарылган адамдын арызынын негизинде бул мөөнөт сот тарабынан ордуна келтирилет.
Мөөнөттү өткөрүп жиберүүнүн жүйөлүү себептери документтер менен тастыкталган адамдын оорусу, анын иш сапарында жүргөндүгү, табигый кырсыктар ж.б. болушу мүмкүн.

333-берене. Даттанууну берүү сот тарабынан даттануу каралганга чейин жаза чарасын берүү жөнүндө токтомдун аткарылышын токтото турат. Бузуулар жөнүндө иш боюнча токтомго даттануу келип түшкөн күндөн тартып он төрт күндүк мөөнөттө сот тарабынан каралат.