Прямоток – кайра жабдуубу же үндүн деңгээлиби?

1051 2

Суть статьи

Право управлять транспортом конкретной категории или подкатегории подтверждается соответствующей отметкой в водительском удостоверении.

Быстрая навигация

Категории:
A B C D T
Подкатегории:
С прицепом:

Расшифровка категорий

Мотоциклы с рабочим объемом двигателя, не превышающим 125 куб.см, и максимальной мощностью, не превышающей 11 киловатт (легкие мотоциклы) — лицам, достигшим 16-летнего возраста.

Мотоциклы с рабочим объемом двигателя, превышающим 125 куб.см, и максимальной мощностью, превышающей 11 киловатт — лицам, достигшим 16-летнего возраста.

Моторизованные трициклы, квадроциклылицам, достигшим 16-летнего возраста.

Автомобили (за исключением категории "А"), разрешенная максимальная масса которых не превышает 3500 кг, и число сидячих мест в которых, помимо сиденья водителя, не превышает восьми — лицам, достигшим 17-летнего возраста.

Автомобили (за исключением категории "D"), разрешенная максимальная масса которых превышает 3500 кг, но не превышает 7500 кг — лицам, достигшим 18-летнего возраста.

По Правилам выдачи ВУ:

Автомобили (за исключением категории "D"), разрешенная максимальная масса которых превышает 3500 кг — с 18 лет.

По Закону о дорожном движении:

Автомобили (за исключением категории "D"), разрешенная максимальная масса которых превышает 7500 кг — с 18 лет.

Подробное пояснение о категориях C и C1

Автомобили, предназначенные для перевозки пассажиров и имеющие от 8 до 16 сидячих мест, помимо сиденья водителя — лицам, достигшим 21 года, имеющим непрерывный водительский стаж не менее 4 лет.

По Правилам выдачи ВУ:

Автомобили, предназначенные для перевозки пассажиров и имеющие 16 и более сидячих мест — с 21 года, стаж не менее 4 лет.

По Закону о дорожном движении:

Автомобили, предназначенные для перевозки пассажиров и имеющие более 16 сидячих мест — с 21 года, стаж не менее 4 лет.

Венская конвенция:

Автомобили, предназначенные для перевозки пассажиров и имеющие более 8 сидячих мест.

Подробнее о различиях D и D1

Автомобили категории "В", сцепленные с прицепом, разрешенная масса которого превышает 750 кг и превышает массу автомобиля без нагрузки; автомобили категории "В", сцепленные с прицепом, разрешенная максимальная масса которого превышает 750 кг, а общая разрешенная максимальная масса такого состава превышает 3500 кг — лицам, достигшим 18-летнего возраста, имеющим непрерывный водительский стаж не менее 2 лет.

Автомобили категории "С", сцепленные с прицепом, разрешенная максимальная масса которого превышает 750 кг — лицам, достигшим 21 года, имеющим непрерывный водительский стаж не менее 3 лет.

Категория C1E

Автомобили категории "С", сцепленные с прицепом, разрешенная максимальная масса которого превышает 750 кг, но не превышает массу автомобиля без нагрузки, а общая разрешенная максимальная масса такого состава не превышает 12000 кг — лицам, достигшим 21 года, имеющим непрерывный водительский стаж не менее 3 лет.

Автомобили категории "D", сцепленные с прицепом, разрешенная максимальная масса которого превышает 750 кг — лицам, достигшим 21 года, имеющим непрерывный водительский стаж не менее 4 лет (для международных перевозок - не менее 5 лет).

Категория D1E

Автомобили (подкатегории) "D1", сцепленные с прицепом, не предназначенным для перевозки пассажиров, разрешенная максимальная масса которого превышает 750 кг, но не превышает массу автомобиля без нагрузки, а общая разрешенная максимальная масса такого состава не превышает 12000 кг — лицам, достигшим 21 года, имеющим непрерывный водительский стаж не менее 4 лет (для международных перевозок - не менее 5 лет).

Троллейбусылицам, достигшим 21 года.

Удостоверение тракториста-машиниста

А

Гусеничные и колесные тракторы с двигателем мощностью до 25,7 кВт

Б

Колесные тракторы с двигателем мощностью от 25,7 до 77,2 кВт

В

Колесные тракторы с двигателем мощностью свыше 77,2 кВт

Г

Гусеничные тракторы с двигателем мощностью свыше 25,7 кВт

Д

Самоходные сельскохозяйственные машины

Е

Машины мелиоративные, землеройные, дорожно-строительные, экскаваторы и погрузчики, с объемом ковша до 2,0 м³

Е1

То же, с ковшом свыше 2,0 м³

Дополнительные отметки (Автоматическое открытие)

По желанию граждан, при достижении соответствующего возраста и необходимого непрерывного стажа, после сдачи практического экзамена, в водительском удостоверении допускаются разрешающие отметки:

Сданная категория Открывает право на управление
A А1, В1
B А, А1, В1
На «ВЕ» — при стаже не менее 2 лет
C А, А1, В, В1, С1
На «ВЕ» — при стаже не менее 2 лет
C1 А, А1, В, В1
На «ВЕ» — при стаже не менее 2 лет
D С, С1, D1
D1 С, С1
CE С1Е
DE СЕ, С1Е, D1E

Нормативные документы

Эл оозунда айтылып жүргөн прямоток аттуу жабдык үчүн, айыппулга жыгылган айдоочулардын саны көбөйүүдө. Көпчүлүк тургундар мындай чараларга кол кабышууда. Себеби өзгөчө түндөсү угулган катуу дүрүлдөгөн үндөрдөн тажашты. Биз бул макалада, түтүн чыгаруучу тутумду өзгөртүүнү жактоо же ага каршы туруу маселесин эмес, а анын КР мыйзам чегинде канчалык туура экендигин талкуулайбыз.

Кайсыл берене боюнча?

«ПРЯМОТОК суроо жана жооп» макаласында айтылып кеткендей, КР Бузуулар жөнүндөгү кодексинде автоунаанын түтүн чыгаруучу тутумун өзгөртүү үчүн жазаны бекиткен берене бар:

123-1 беренеси 3-бөлүк. Кыймылдаткычтын иштетилген газдарын чыгаруучу системасынын үнүнүн (күрүлдөшүнүн) деңгээлин күчөтүү үчүн кайра жабдуу, ага тете жабдууларды орнотуу. (айыппул 5500 сом)

Бул берене боюнча эреже бузуу тууралуу токтом чыгаруу үчүн, инспектор тышкы ызы-чуунун деңгээлин тастыктамаланган жабдык менен өлчөп чыгуусу керек жана анын деңгээли белгиленген ченемден ашып кеткендиги аныкталуусу керек.

Бирок күнүмдүк жашоодо кандай болуп жатат? МККБ инспекторлору автоунааны сыртынан карап, прямоток (тикетүтүк) орнотулганын божомолдоп, эреже бузууу тууралуу протокол түзүп, машинени айып жайга алып кетип жатышат. Ошондо дагы эреже бузуу тууралуу протокол, Бузуулар жөнүндө кодексинин 129 беренесинин 1-бөлүгү негизинде түзүлүп жатат.

129-берене 1-бөлүк. Айдоочунун тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган же транспорт каражатынын конструкциясында каралбаган кошумча жабдуулар орнотулган транспорт каражатын башкаруусу. (5500 сом айыппул)

«Тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган» деген сөз түркүмүнө көңүл буруңуз. Бул берене, өзгөртүүлөрдү тиешелүү мекемелерден макулдашып алатурган кайра жабдууларга караштуу. Түтүн чыгруучу тутумдагы өзгөртүүлөрдү макулдашуу жана уруксат алуу мүмкүн эмес. Ошон үчүн бул берене тикетүтүк учуруна анча дал келбейт.


Экспертиза менеби же божомол мененби?

Эгерде кайра жабдуу үчүн 129-берене 1-бөлүгү боюнча протокол түзүлгөн болсо, анда инспектор ошол машинеде чындап эле иштелип бүткөн газдарды чыгаруучу тутумдун өзгөртүлгөндүгүн кантип далилдейт болду экен? Ал үчүн ал машиненин конструкциясында (түзүмүндө) каралбаган өзгөртүүлөр бар экендигин жана ал нерсе жол кыймылынын коопсуздугуна таасри этүүсү экендигин ырастоочу экспертизанын корутундусу керек.

Автоунаанын түзүмүнө киргизилген өзгөртүүлөрдүн бардыгы эле мыйзам бузуу болуп саналбайт.

ББ ТР 018/2011 2-бөлүм “транспорт каражатынын конструкциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү” – конкреттүү транспорт каражатынын конструкциясында каралган курамдык бөлүктөрдү жана транспорт каражаты колдонууга чыгарылгандан кийин аткарылган жана жол кыймылынын коопсуздугуна таасир тийгизген жабдуулардын предметтерин жоюу же каралбагандарын орнотуу;

Ошентип, «транспорт каражатынын конструкциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү» терминине унаанын штаттык магнитоласын же дөңгөлөк дисктерин алмаштыруунун эч кандай тиешеси жок, ага жол кыймылынын коопсуздугуна таасир эткен өзгөртүүлөр гана тийиштүү.

ББ ТР 018/2011 75-пункту. Иштетилип жаткан транспорт каражаттарынын конструкциясына өзгөртүүлөр киргизилген учурда аларга коюлган талаптардын аткарылышын текшерүү өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүндүгүнө карата конструкцияга алдын ала техникалык экспертиза жүргүзүү, конструкциянын коопсуздугун андан ары текшерүү жана конструкцияга киргизилген өзгөртүүлөр менен транспорт каражатын техникалык кароо формасында жүргүзүлөт.

КР ЖКЭде бул жөнүндө эмне айтылган?

«Транспорт каражаттарын пайдаланууга тыюу салына турган бузуктуктардын жана шарттардын

ТИЗМЕСИн» карайбыз:

6.1. Иштетилген газдагы зыяндуу заттардын болушу жана анын түтөн калышы 17.2.2.03-87 ГОСТу жана 21393-75 ГОСТУ менен белгиленген өлчөмдөрдөн ашат.

6.2. Май берүү системасынын герметикасынын бузулушу.

6.3. Иштетилген газды чыгаруу системасынын бузуктугу.

6.4. Картердин желдетүү системасынын жылчыксыздыгы бузулган.

Тышкы ызы-чуунун деңгээли же иштелип бүткөн газдарды чыгаруучу тутутмдун түзүмүнө киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө эч нерсе айтылган эмес. КР ЖКЭде түтүн чыгаруучу тутуму өзгөртүлгөн автоунааларды пайдаланууга байланыштуу тыюу каралган эмес. Бул деген, иштетилип жаткан КР ЖКЭси түтүн чыгаруучу тутуму өзгөртүлгөн (тикетүтүк орнотулган) автоунааларды пайдаланууну тыйбайт.

Бажы биримдигинин Техрегламентичи?

Ооба, ББ Техникалык регламентинде бул маселение жөнгө салган ченемдер бар.

ББ ТР 018/2011 9.10. пункту. Иштелип чыккан газдын чыгуу системасынын конструкциясына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

«Транспорт каражатынын конструкциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү» аныктамасына кайрадан кайрылабыз. Эгерде өзгөртүүлөр жол кыймылынын коопсуздугуна таасир этпесе, анда ал нерсе тыйылбайт. Мисалы, оңдоп түзөөтүүдө, кээ бирөөлөр түтүн чыгаруучу тутумдун нускалуу тетиктерин таба алышпай, ордуна туура келе турганына алмаштырышат. Жол кыймылынын коопсуздугуна таасир берген өзгөртүүлөр гана эреже бузуу болуп саналат.

ББ ТР 018/2011 2-бөлүм “транспорт каражатынын коопсуздугу” – жарандын өмүрүнө же ден-соолугуна, жеке жана юридикалык жактардын мүлкүнө, мамлекеттик же муниципалдык мүлккө, курчап турган чөйрөгө зыян келтирбөөнү же зыян келтирүү тобокелдигин минималдаштырууну камсыздаган транспорт каражатынын конструкциясынын параметрлеринин жыйындысын жана техникалык абалын мүнөздөгөн абал; 


30 жылдан ашкан машинелер.

ББ ТР 018/2011 1-бөлүм 3-пункт. Ушул техникалык регламенттин колдонулушу төмөнкү транспорт каражаттарына жайылтылбайт:
1) алардын конструкциясында каралган 25 км/сааттан ашпаган максималдуу ылдамдыктагы;
2) спорттук мелдештерге катышуу үчүн гана арналгандарга;
3) чыгарылган күндөн тартып 30 жана андан ашык жыл өткөн L жана M1 категорияларындагы,

30 жылдан ашкан автоунаалар ББ Техрегламентинин укутук карамагына кирбейт.

Маалымат үчүн: M1 категориясы – жүргүнчүлөрдү ташууга арналган жана айдоочунун орундугунан бөлөк 8 отургучтан ашпаган орундугу бар транспорт каражаттары.

Тыянак: Азыркы учуруда КР мыйзамдуулугу «прямоток» үчүн 123-берене 3-бөлүгү жана тышкы ызы-чуунун деңгээлин ГОСТ 33997-2016 тартибинде, тастыктамаланган жабдык менен өлчөп чыгуу аркылуу жазалоого жол берет.


Обсуждение

Для того что бы оставлять комментарии, вам неоходимо авторизоваться на нашем сайте...

Войти