Кеслиште ашып өтүү

Кеслиште ашып өтүү
Автор: JOLDO.kg    Котормочу: Болот А    icon 799

Жагдай: Көк автоунаанын айдоочусу башкы жол багытын өзгөрткөн кесилишке кире бериште озуп өтүүнү баштады.

Суроо: Көк унаанын айдоочусу ЖКЭ бузуп жатабы?

КР ЖКЭ 11.5. пункту Озуп өтүүгө төмөнкүдөй жерлерде тыюу салынат:
• …башкы жол болуп саналбаган жолдо баратып жөнгө салынбаган кесилиште

Жагдайды талдайбыз

Жөнгө салынбаган кесилиште озуп өтүүгө башкы жолдо баратканда гана уруксат. Биздин учурда башкы жол, кесилиште оң жакка өтүп жатат. Бул деген, көк автоунаанын айдоочусу озуп өтүүнү башкы жолдон чыгып кетип жатканда аткарып жатат. Мындай жолтапмага анык тыюу салынат.

Бул манёвр эмнеси менен кооптуу? Мисалы кызыл автоунаа кесилишке оң жактан кошулган башкы жолдон келе жаткан автоунаага жол берүү максатында ылдамдыгын азайтып жибериши мүмкүн. Ашып өтүүнү аткарып жаткан көк автоунаанын айдоочусу, оң жактагы башкы жолдон жакындап жаткан автоунааны байкабай калышы мүмкүн. Мындай абал олуттуу жол кырсыгына алып келиши мүмкүн.

Тыянак: Бул жагдайда көк автоунаанын айдоочусу озуп өтүүнү жасап жатып ЖКЭ бузуп жатат. 


Обсуждение

Для того что бы оставлять комментарии, вам неоходимо авторизоваться на нашем сайте...

Войти

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign