Ким бурулса болот?

Ким бурулса болот?
Автор: JOLDO.kg    Котормочу: Болот А    icon 1074

Жагдай: Т-сыяктуу кесилиш. Оң тараптагы эки четки тилкеден оңго бурулса болот. Сол тараптагы четки тилке болсо солго бурулуу үчүн. Негизги кызыл жана оңго көрсөткөн кошумча секция иштеп турат.

Суроо: Кайсыл автоунааларга кыймылды баштаганга болот?

ЖКЭнин 6.3. пункту: Светофордун кызыл, сары жана жашыл түстөгү стрелка түрүндө аткарылган сигналдары(*) тиешелүү түстөгү тегерек сигналдар сыяктуу эле мааниге ээ болот, бирок алардын күчү стрелка менен көрсөтүлгөн багыттарга (багытка) гана жайылтылат.

Көңүл буруңуз, сигналдын күчү багытка гана жайылтылат. Бул жерде жебенин таасири эң четки катарга гана жайылытылат деп айтылган эмес. Жанып турган жебе, ошол багытка карап кыймылдоого уруксат берет, бирок кайсыл катардан экенине эрежеде айтылган эмес.

Жанып турган жебеге карап, бурулуп жатып, төмөнкү пунктту эске алуу керек:

ЖКЭнин 13.5. пункту Светофордун сары же кызыл сигналы менен бир учурда кошумча секцияда күйгөн стрелканын багыты боюнча жүрүүдө айдоочу башка багыттарда жүрүп бараткан транспорт каражаттарына жол берүүгө милдеттүү.

Тыянак: Кошумча секциядагы жебе жанганда, эки автоунаа тең – кызыл жана ак, оңго бурулса болот.


Обсуждение

Для того что бы оставлять комментарии, вам неоходимо авторизоваться на нашем сайте...

Войти

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign