КМ постунун алдынан, назар салдырбай кантип өтүү керек?

КМ постунун алдынан, назар салдырбай кантип өтүү керек?
Автор: JOLDO.kg    Котормочу: Болот А    icon 393

Айдоочулук күбөлүктү үйдө унутуп калганыңызды эстеп кетип, үйүңүзгө кайрылып келеин десеңиз өтө эле алыстап кеткенсиз. Моюнга алыңыз, мындай учур болуп калат. Дене боюңуз муздап, кыжырлана баштайсыз анын үстүнө кайгуул милициясы жолуңузда турган болсо, сиз андан да күчөнө баштайсыз. Жүрүшүңүздү ашыкча акырындатып, чымырканып, көзүңүздө коркуу пайда болуп эмне кылаарыңызды билбей каласыз. Мунун баары сиздин бетиңизди ачып коёт. Ошондой болсо да, ар кандай абалдан чыгуунун жолу бар…

Ызы-чуусуз жана дүрбөлөңгө түшпөйбүз.

Мындай учурда дүрбөлөңгө түшүү бир да адамга жардам берген эмес. Стресс учурунда баш аламандыка алдырбоо жана кыжырланбоо керек. КМ постуна жакындаганда да жайбаракат болуп, күндөгүдөй ээн-эркин отуруп кете бериңиз. Оор басырыктуу жана көңүл чаппаган көз караш салып, автоунааны ишенимдүү башкарып өтүп кете бериңиз. Негизгиси КМнын кызматкерлеринин көз алдында, траекторияны жана кыймылдын ылдамдыгын өзгөртпөңүз.

Өзүңүздү өтө эле үлгүлүү, ашыкча тартиптүү айдоочу катары көрсөтпөңүз.

Көпчүлүк учурда айдоочу, КМнын кызматкеринин алдынан өтүп баратып, ошол замат автоунааны тыкандык менен, кылдаттык менен айдай ала тургандыгын көрсөтө баштайт. Эгерде, тартип сакчысы айдоочунун автоунааны башкаруусунда чукул өзгөрүүнү байкап кала турган болсо, анда ал, андай автосүйүүчүнү тез арада токтотууга аракет кылат.

КМнын көзүнчө кыймыл тилкесин алмаштырбаңыз.

Профессионал айдоочулардан дагы бир кеңеш – «маичилердин» алдында катардан катарга өтпөө керек. Бул пикирдин өзүнүн далили бар. Эгерде инспектор өзүнөн алыскы катарга автоунаанын орун которуу аракетин байкап кала турган болсо, ал сөзсүз түрдө айдоочуну башка автоунаалардын ары жагына жашынып өтүү айласын кылып атат деп чечим чыгарат. Билип коюңуз, тартип коргоочусу кааласа, сизди кайсы катардан болсо да оңой эле тосуп алат. Бул үчүн, ал «сыйкырдуу» ала-була таякчасы менен бир шилтесе эле, кыймылдын баардык катышуучулары токтоп, ага алыскы катарга өтүүсүнө жол беришет.

Туура кыймыл тилкесин тандаңыз.

Сиз шаардан сыртта бара жатып, КМнын постун алыстан эле байкап койдуңуз. Ошол мезгилде жолдун оң тилкеси кыймылдан бош болгон болсо, анда сол жактагы тилке менен өтпөө керек. Шаарда бул нерсе тыйылбайт, бирок шаардын сыртындагы жолдордо мындай жүрүгө ЖКЭ тыюу салат. Анын үстүнө, инспекторго жакын болгон тилке менен бара жатканыңызда, сиз эч кандай кооптонууңуз жок экендигин көрсөткөн болосуз.

Мамномуруңузду таза алып жүрүңүз.

Номер белгилерин тазалоону көз жаздымыңызда калтырбаңыз. Мейли окулбаган номерге арзыбаган жазапул салынсын же эскертүү берилсин, бирок ошентсе да бул, КМнын кызматкерлери тарабынан автоунааны токтотууга шылтоо болуп калат.

Бул кеңештер, сизге эч кандай коркунуч туудурбаган учурда да деле пайдасын береберет. Мындай абалдарда сизге эмне жардам берет, өз пикириңизди калтырыңыз.

Тэги:

Обсуждение

Для того что бы оставлять комментарии, вам неоходимо авторизоваться на нашем сайте...

Войти

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign