«Коопсуз шаар» долбоорунун көчмө камералары кандай орнотулушу керек?

Фото: 01kg

«Коопсуз шаар» долбоорунун көчмө камералары кандай орнотулушу керек?
Автор: JOLDO.kg    Котормочу: Болот А    icon 612

АПК – аппараттык-программалык комплекси

Көчмө АПК фиксациялоочу ЖКЭ бузууларынын түрлөрү:

  1. Каршы кыймылдын тилкесине чыгуу менен кууп өтүүнү же болбосо маневр жасоо эрежелерин бузуу;
  2. Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан ашуусу.

Көпчүлүк маалымат ресурстарынын барактарында төмөндөгүдөй билдирүү пайда болду: «Жол кыймылынын эрежелерин бузууну фиксациялоочу көчмө аппараттык-программалык комплекстерди орнотуу КМС ГОСТ Р 57145-2018 талаптары менен жөнгө салынат».

Тилеке каршы КМС ГОСТ Р 57145-2018 ачык маалыматтарда жоктой көрүнөт. Аны КРнын стандартташтыруу жана метрология борборунун сайтынан да таба алган жокбуз.

Бирок, ага окшошу бар: ГОСТ Р 57145-2016 «Жол кыймылын көзөмөлдөөнү камсыз кылуу үчүн фото- жана киносүрөт тартуу иштеми бар автоматтык режиминде иштеген атайын техникалык каражаттар. Колдонуу эрежелери». Анда, АПК колдонуу боюнча кээ бир талаптар жазылган.

АПК орнотуу эрежелери

6.13 Автоматтык фотовидеофиксациянын көчмө техникалык каражаттары, жүрүүчү бөлүктүн, анын ичинде бөлүүчү тилкеде каптал жагынан орнотулат. Ошол эле учурда өлчөөчү жабдуунун орнотулган жеринен жүрүүчү бөлүктүн чекесине чейин 3 м кем эмес болушу керек.

Автоматтык фотовидеофиксациянын көчмө техникалык каражаттарын транспорттук каражатартдын базасында атайын секи менен колдонууга жүрүүчү бөлүктүн чекесине чейин 0,5 м кем эмес аралыкта орнотууга уруксат берилет.

6.14 Автоматтык фотовидеофиксациянын көчмө техникалык каражатынын төмөнкү жагынан баштап жолдун бетине чейинки аралык (орнотуунун бийиктиги) 0,5 метрден 2 метрге чейин болуш керек.

Бул талап транспорттук каражатартдын базасында атайын секи менен колдонулган автоматтык фотовидеофиксациянын көчмө техникалык каражаттарга жайылтылбайт.

Көчмө камералардын иштөөсүндө жол белгиси коюлушу керекпи?

ГОСТ Р 57145-2016 каралган АПК колдонуу талаптарында мындай көрсөтмө бар:

6.1 Автоматтык фотовидеофиксациянын техникалык каражатынын көзөмөлдөө зоналары жолдордун (автомобильдик жолдордун) тийиштүү режимдери же чектөөлөрү бар участогунун чегинде болуусу керек.

8.23 жол белгисин (табличкасын) ГОСТ Р 52290 жана ГОСТ Р 52289 боюнча колдонууда стационардык автоматтык фотовидеофиксациянын стационардык техникалык каражаттарынын көзөмөлдөө зонасы:

  • ГОСТ Р 52290 жана ГОСТ 52289 боюнча жол белгилеринин иштөө зонасынын чегинде болушу шарт;
  • 8.23 табличкасы менен ГОСТ Р 52290 жана ГОСТ 52289 боюнча эскертүүчү жол белгилери алдын ала орнотулган жолдордун (автомобильдик жолдордун) орун алган участкаларына дал келиши керек;
  • транспорт каражаттарынын кыймылы 8.23 табличкасы менен ГОСТ Р 52282 жана ГОСТ 52289 боюнча светофорлор аркылуу жөнгө салынган жолдордун (автомобильдик жолдордун) орун алган участкаларына дал келиши керек.

Бул ГОСТто көчмө АПК үчүн, 8.23 жол белгисинин колдонуу зарылдыгы караштырылган эмес.

Обсуждение

Для того что бы оставлять комментарии, вам неоходимо авторизоваться на нашем сайте...

Войти

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign