Мас абалында унаа башкаргандардын саны 38% пайызга азайды

Мас абалында унаа башкаргандардын саны 38% пайызга азайды
Автор: Байказы Айтикул уулу    icon 1236

Мас абалында унаа башкаргандардын саны 38% пайызга азайды.


8-марттан баштап күчүнө кирген жаңы эрежелерге ылайык, өлкө аймагында мас абалында унаа башкаргандардын саны бир топ азайган.

Жакынкы үч жылдын 9-мартынан тартып, 12-мартына чейинки үч күндүн жыйынтыгына талдоо жүргүзө турган болсок;

  • 2021-жылдын үч күн ичинде 180 мас айдоочу аныкталган.
  • 2022-жылдын үч күнүндө 247 мас айдоочу аныкталган.
  • Ал эми 2023-жылдын үч күн ичинде 152 мас айдоочу аныкталган. 

Жалпылап алганда жаңы эрежелер күчүнө киргенден тартып, өлкө аймагында мас абалында унаа башкаргандардын саны 38% пайызга азайып жаткандыгын байкоого болот.

Эскерте кетсек, мурда мас абалында унаа башкаргандарга 17 500 сом айып салунчу, азыр жаңы эрежеге ылайык, мас айдоочулар бир жылга унаа башкаруу укугунан ажыратылат. Кайталап жасаган учурда, үч жылдык мөөнөткө унаа башкаруу укугунан ажыратылат.


ЖКККББнын басма сөз кызматы.

Обсуждение

Для того что бы оставлять комментарии, вам неоходимо авторизоваться на нашем сайте...

Войти

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign