Озуп өтүүгө уруксат берилеби же жокпу?

Озуп өтүүгө уруксат берилеби же жокпу?
Автор: JOLDO.kg    Котормочу: Болот А    icon 705

Схемада көрсөтүлгөндөй айдасак, эрежени бузабызбы же жокпу?

  • Бул жерде «Озуп өтүүгө тыюу салынат» белгиси иштейт. Тыюу жокко чыкканга чейин кызыл машиненин артынан сүйрөлүп жүрүүгө туура келет.
  • «Озуп өтүүгө тыюу салынат» белгиси кесилишке чейин эле иштейт. Бирок жөө адам өткөөлдөрүндө ансыз деле озуп өтүүгө болбойт. Ошондуктан кызыл автонун артынан айдай беребиз.
  • Ооба минтип өтсө болот. Мында эч кандай эреже бузулбайт.
  • Жөө жүргүнчү жолдон басып өтүүнүн аракетинде. Токтоп аны өткөрүп жибериш керек.

Озуп өтүүнү эң кооптуу манёвр деп бекеринен айтышпайт – бул чындап эле ошондой. Ошентсе да алгач негизги учурларды эстеп көрөлү.

Биринчи – ошол манёврдун өзүнүн аныктамасын карап көрөлү. Ал жөнүндө КР ЖКЭнин 1.2. пунктунда айтылат.

Озуп өтүү – жүрүп бараткан бир же бир нече транспорт каражатты башка транспорт каражаттын ээлеген тилкесинен чыгуу менен, анын ичинде утурлаш тилкеге чыгуу менен кууп өтүшү. (2020 баштап КРда, ЖКЭнин жаңы басылышына ылайык бул манёвр ашып өтүү болуп саналбайт). Бирок азырынча бул ашып өтүү болуп саналат. Бул жагдайды карап көрөлү.

Биздин схемада «Озуп өтүүгө тыюу салынат» 3.20 белгисинин колдонуу зонасы кесилиште бүтөт.

Эрежелердин 14.2. пункту, өткөөлдүн алдында ылдамдыкты азайтуубуз же эгерде башкалар токтолсо, биз да токтошубуз керек экендигин милдеттендирет. Биздин шартыбыз боюнча, автоунаа ылдамдыгын азайткан жок, ал жөн эле жай кыймылдап баратат.

Сол жактан жөө жүргүнчүнүн кыймылды баштоосу, сиздин токтолушуңузду талап кылбайт. Чынында Эрежелердин 14.1. пунктуна ылайык, айдоочу, жолдон өтүп бараткан же жүрүүчү бөлүккө кирген жөө жүргүнчүлөргө жол берүүгө милдеттүү. Бирок «Жол берүү (тоскоолдук түзбөө)» термини, айдоочунун кыймылды баштоого, кайра жаңылантууга же улантууга болгон аракеттери, жөө жүргүнчүнүн кыймыл багытын же ылдамдыгын өзгөртүүгө мажбурлай турган болсо, айдоочунун андай аракеттерди жасоого болбой тургандыгын билдирет. Тилкенин кеңдигин, биздин автоунаанын жана жөө жүргүнчүнүн кыймылынын ылдамдыгын эске алсак, акыркыга бул учурда тоскоол түзүлбөйт. Демек, манёврду жасоого болот. А эгерде ашып өтүү маалында, жөө жүргүнчүлөр өткөөлдө болуп калышса, анда 11.5. пунктуна ылайык ашып өтүүгө тыюу салынат.

(бул макала, КР жаңы ЖКЭ чыккандан кийин кайрадан каралып чыгат)
Макаланы которгон: Болот

Обсуждение

Для того что бы оставлять комментарии, вам неоходимо авторизоваться на нашем сайте...

Войти

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign