ПРЯМОТОК (Тикетүтүк)

ПРЯМОТОК (Тикетүтүк)
Автор: JOLDO.kg    Котормочу: Болот А    icon 389

Жакында эле МКК инспекторлору бир нече автоунаа ээлерин, биз айтып жүргөн «прямоток» үчүн айыппулга тарттырышты.

Ошондон улам, андай чаралардын мыйзамдуулугуна байланыштуу суроолор көпчүлүктүн кызыгуусун жарата баштады.

Келгиле териштирип көрөлү.

«Прямоток» (автоунаанын тикетүтүктүү түтүн чыгаруучу тутуму) – бул кыймылдаткычтын пайдаланып бүткөн газдарын чыгаруучу тутум. Анда басаңдатуучу жана түтүндүү тазалоочу түтүктөрдүн (көңдөйчөлөрдүн) саны көп эмес себептүү (көбүнчө бир жалын өчүргүч жана бир резонатор коюлат), газдар дээрлик тоскоолсуз, өз жолунда эч бир олуттуу каршылыкты жолуктурбастан өтөт. Анын үстүнө түзүмдүн каршылыгын дагы да төмөндөтүү үчүн тартуучу түтүктү түз (тике), ашыкча бурчатарсыз жана тармактарсыз жасоого аракет кылышат. Мындан «түз агындуу түтүк» же «тикетүтүк» деген аталыш келип чыгат.

«Тикетүтүк» орнотулган автоунаанын ээси кайсыл берененин негизинде айыппулга тартылышы мүмкүн?

Бузуулар жөнүндө кодекси 123-1 беренеси 3-бөлүк: Кыймылдаткычтын иштетилген газдарын чыгаруучу системасынын үнүнүн (күрүлдөшүнүн) деңгээлин күчөтүү үчүн кайра жабдуу, ага тете жабдууларды орнотуу.

Иштелип бүткөн газдарды чыгаруучу тутуму өзгөртүлгөн автоунаанын ээси үн деңгээлинин белгиленген ченемден ашып кеткендиги үчүн 5500 сом айыппул менен жазаланат.

Ызы-чуу деңгээлинин нормасы кандай? 

ГОСТ 33997-2016 4.9.9. пункту: Кыймылсз ДТК (дөңгөлөктүү транспорт каражаты) иштелип чыккан газдын ызы-чуусунун деңгээли, түтүн чыгуучу түтүктүн кесилген жеринен (0,5±0,05) м аралыкта газ агымынын огуна 45°±15° бурч менен кыймылдаткычтын куржүрүмүндө муунактуу валдын тегеренүүсүнүн максаттуу жыштык режиминде жана анын тегеренүүсүнүн максаттуу жыштыгынан куржүрүмдүн минималдуу жыштыгына карай акырындоосунун режиминде, ДТК даярдоочусу тарабынан белгиленген ченинен,ал эми андай маалымат жок болсо, 4.12. жадыбалында көрсөтүлгөн чендеринен 5 дБА ченге ашып кетпөөсү керек. Ичтен күймө кыймылдаткычы ДТК кыймылсыз абалында иштей албаган болсо, ДТК текшерүү жүргүзүлбөйт.
Транспорт каражатынын категориясы Дабыш деңгээли, дБА
M1, N1, L 96
M2, N2 98
M3, N3100
4.9.10. пункту Иштелип чыккан газдын чыгуу системасынын конструкциясына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт. 
4.9.11. пункту Киргизүүчү системасында, ызы-чуу боюнча талаптарды сактоого зарыл болгон аба фильтрдин жана/же кирүүдөгү ызы-чууну басаңдаткычтын бар болуусу, фильтрди жана/же ызы-чууну басаңдаткычты демонтаждоого жол берилбейт.

Ар кандай машиненин түрүнө жараша, үндүн ар кандай чеги белгиленген. M1 категориясындагы жеңил автоунаалар жана N1 категориясындагы жүк ташуучу автоунаалар үчүн чек 96 дБА түзөт. M2 автобустар жана N2 жүк ташыгычтар 98 дБА чейин максималдуу үн бийиктигине ээ боло алышат. Эң жогорку уруксат берилген үндүн деңгээли M3 автоунаалары жана N3 жүк ташуучу машинелери үчүн – 100 дБА. Эгерде өлчөнүп жаткан ызы-чуу, машиненин категориясына ылайыктуу болуп жана белгиленген чендерден ашпаса, анда бул мыйзам бузуу болуп саналбайт.

Мотоциклдеги тикетүтүк

Бузуулар жөнүндө кодесинин 123-1 беренеси 3-бөлүгү мотоциклдер үчүн дагы жайылтылат. Тикетүтүктүү түтүн чыгаруучу тутумун койгон мотосүйүүчүлөр көп кездешет. Бул жол боюндагы жашоочулардын эле эмес, кээ бир байкерлердин да кыжырын келтирет, анан бул мыйзамга да каршы келет. Мотоциклдин ызы-чуусунун уруксат берилген максималдуу деңгээли Кыргызстанда 96 дБА. Эгерде бул ченемден ашып кетсе, анда мотоцикл ээси 5500 сом айыппулга түшөт.


Обсуждение

Для того что бы оставлять комментарии, вам неоходимо авторизоваться на нашем сайте...

Войти

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign