Светофор иштебейт. Жөө адамдарга жол беришим керекпи?

Светофор иштебейт. Жөө адамдарга жол беришим керекпи?
Автор: JOLDO.kg    Котормочу: Сергейбек Б    icon 738

Жагдай: Светофор өчүк же сары сигнал эле күйүп-өчүп жүрөт. Кесилиш жакта ар кандай белгилер жана жөө адам өткөөлү (зебра) бар.

Суроо: Айдоочу жөө адамдарга жол берүүгө милдеттүбү?


КР ЖКЭнде 13.3. мындай делет: Иштебеген светофордун сары сигналы күйүп-өчүп турганда же жөнгө салуучу жок болгон учурда кесилиш жөнгө салынбаган кесилиш деп эсептелет жана айдоочулар жөнгө салынбаган кесилиштен өтүү эрежелерин жана кесилиште орнотулган артыкчылык белгилерин жетекчиликке алууга тийиш.

Бул жагдайда жөө адам өткөөлү, жөнгө салынбаган кесилишке айланат. Ушундай болсо КЖЭнин 14 бөлүмүнө ылайык жүрүш керек болуп калат. 

КР ЖКЭнде 14.1. мындай делет: Транспорт каражатынын айдоочусу жөнгө салынбаган(*) жөө адам өткөөлү аркылуу жүрүүчү бөлүктөн өтүп бараткан жөө адамдарга жол берүүгө милдеттүү. 
(*) Жөнгө салынуучу жана жөнгө салынбаган жөө адам өткөөлү деген түшүнүктөр Эрежелердин 13.1-пунктунда белгиленген жөнгө салынуучу жана жөнгө салынбаган кесилиш деген түшүнүктөрдөй.

Айдоочу милдеттүү: 

• Жөнгө салынбаган жөө адам өткөөлү аркылуу жөө адамдарга жол бериш керек.

• Оңго же солго бурулганда айдоочу жөө адамдарга жол берүүгө тийиш.

• Бардык учурларда анын ичинде жөө адам өткөөлдөрүнөн тышкары жерлерде айдоочу ак таягы менен белги берген сокур жөө адамдарды өткөрүп жиберүүгө милдеттүү.


Жөө адам милдеттүү: 

КР ЖКЭ 4 бөдүм

4.5 Жөнгө салынбаган жөө адам өткөөлдөрүндө жөө адамдар жакындап келаткан транспорт каражаттарына чейинки аралыкка, алардын ылдамдыгына баа бергенден жана жолдон өтүү алар үчүн коопсуз болоруна ынангандан кийин жүрүүчү бөлүккө чыга алат.

4.5 Жөө адам өткөөлүнөн тышкары жерде транспорт жүрүүчү бөлүктү кесип өтүүдө жөө адамдар мындан тышкары, транспорт каражаттарынын кыймылына тоскоолдук түзүүгө жана жакындап келаткан транспорт каражаттарынын жоктугуна ынанбастан токтоп турган транспорт каражатынын же чөйрөнүн көрүнүшүн чектеген башка тоскоолдуктун артынан чыга калууга тийиш эмес. 

4.6 Кыймылдын коопсуздугун камсыз кылуу менен байланышкан учурларды кошпогондо, жүрүүчү бөлүккө чыккандан кийин жөө адамдар ал жерде кармалып калууга же токтолууга тийиш эмес. 

4.6 Өткөнгө жетишпей калган жөө адамдар карама-каршы багыттагы транспорт агымдарын бөлүп турган линияга токтоого тийиш. 


Обсуждение

Для того что бы оставлять комментарии, вам неоходимо авторизоваться на нашем сайте...

Войти

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign