ЖКККББ: Республиканын аймагында терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан айдоочуларга карата рейд башталды.
КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан өлкө аймагында 2023-жылдын 28-февралынан тартып, 10-мартка чейин, авто унаанын маңдайкы жана каптал терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан жана уруксатсыз кошумча жабдуулар колдонулган транспорт каражаттарын айдаган айдоочуларга карата “Караңгылатуу” (тонировка) аталышында рейддик иш-чара жүргүзүлөт.
Аныкталган баардык укук бузуулар фото видеого жаздыруу менен массалык маалымат каражаттарына профилактика иретинде чагылдырылат.
ЖКККББнын басма сөз кызматы.