ЖКЭ жана тажрыйба: Кесилишти өтүүдөгү кезектүүлүк

ЖКЭ жана тажрыйба: Кесилишти өтүүдөгү кезектүүлүк
Автор: Xaron    Котормочу: Болот А    icon 635

Жагдай: Т-сыяктуу кесилиш. Бир мезгилде үч машине бурулууга камданып жатат. Бир машине башкы жолдо, экөө экинчи даражадагы жолдо.

Суроо: Ким биринчи өтөт?

Кызыл автоунаа талашсыз артыкчылыкка ээ. Анткени анын маңдайында 2.1. «Негизги жол» белгиси турат. Ак машине солго бурулуайын деп жатат жана көк автоунаа манёвр жасоодо ак машинеге жолто болот.

КР ЖКЭ 13.10. Теңдеш маанидеги жолдордун кесилишинде рельсасыз транспорт каражатынын айдоочусу оң жактан келаткан транспорт каражаттарына жол берүүгө милдеттүү.

Ак жана көк автоунааларына "Жол бер" белгиси турат, бул экөө тең экинчи даражадагы жолдо экендигин билдирет. Андыктан, артыкчылык көк автоунаада, себеби ак машине оң жагын коё бериш керек.

Тыянак: алгачкы болуп кызыл автоунаа, андан кийин көк жана аягында ак машине өтөт.

PS. Бүгүнкү күндө, бул кесилиште, мындай жөнөкөй эрежелерге көпчүлүк айдоочулардын анча баамы жетпей жатканы көрүнөт. Айдоочулар экинчи даражадагы жолдон келатса да, биринчи болуп өтүүгө тырышууда.


Обсуждение

Для того что бы оставлять комментарии, вам неоходимо авторизоваться на нашем сайте...

Войти

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign