ЖКККББ: Мындан ары төмөнкү бир жылдын ичинде үч жолу кайталап, жол эрежелерин бузган айдоочулар кайрадан экзаменге жөнөтүлөт.
Ушул жылдын 8-мартынан тартып, (38-1-берене. Жол кыймылынын эрежелерин билүү боюнча квалификациялык экзамендерди кайрадан тапшырууга жөнөтүүгө ылайык) бир жылдын ичинде үч жолу жол эрежесин кайталап бузган төмөнкү айдоочулар кайрадан экзамен тапшырууга жөнөтүлөт.
Алар:
-Транспорт каражатынын мамлекеттик каттоонун номердик белгилерин атайын жаап алуу жана анын бирөсү жок башкаруу;
-Транспорт каражатынын айдоочусунун ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын кызматкерлеринин транспорт каражатын токтотуу боюнча талаптарын аткарбоосу;
-Транспорт каражатынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан ашуусу (1. 40км/сааттан көп, 60км/сааттан көп эмес. 2. 60км/сааттан ашуусу)
-Атайын жарык берүүчү жана үн чыгаруучу каражаттар менен бара жаткан кызматтык унаалардын кыймылына артыкчылык бербөө;
-Каршы кыймыл тилкесине чыгуу менен озуп өтүү же болбосо маневр жасоо эрежелерин бузуусу;
-Эгерде айдоочунун аракетинде кылмыштын белгилери жок болсо, адамдын ден соолугуна зыян келтирүү менен жол эрежесин бузуусу;
-(193-3б.) Мас абалындагы же транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамга транспорт каражатын башкарууга берүүсү.
ЖКККББнын басма сөз кызматы.