Мал сүзүп кетсең – ким күнөөлүү?

Кой сүзүп кетсең – ким төлөйт? Өлкөбүздүн кээ бир аймактарында мал-жандыктар, шуулдаган канжолдордо же ага жакын жерлерде эле оттоп жүрүшөт. Көбүнесе, мал-жандыктары жолго чыга калып, авариялык абалды жаратат.

Котормочу: Болот А    icon 6253

Суроо: Эгер айдоочу мал-жандыгын коюп кетсе жана машинеге зыян келтирилсе, ким жоопкер болот? Айдоочубу же малдын ээсиби? 

ЖКККББнын жообу: Койдуруп кетүү кайсыл жерде болгондугунан көз каранды. 

КР ЖКЭде мындай делет: 

24.5. пункту. Малды жол аркылуу, эреже катары, күндүзү айдоо керек. Жергиликтүү маанидеги жолдорду кошпогондо, аларды автомобиль жолдорунун боюна жана газондорго жаюуга тыюу салынат. Мал айдагандар малды мүмкүн болушунча жолдун оң жагына жакын айдоого тийиш. 
24.6. пункту. Малды темир жол аркылуу айдап өтүүдө мал анын айдоочуларын эске алуу менен ар бир топту коопсуз түрдө айдап өткүдөй сандагы топторго бөлүнүүгө тийиш. 
24.7. пункту. Арабаны (чананы), минилүүчү, көлүк малдарды жана малдын тобун айдоочуларга төмөнкүлөргө тыюу салынат: 
  • малды жолго кароосуз калтырууга; 
  • атайын бөлүнгөн жерлерден башка жерде, ошондой эле караңгыда жана айлана начар көрүнгөн шартта малды темир жол жана жол аркылуу айдоого (буга ар кандай деңгээлдеги мал айдоочу жерлер кирбейт); 
  • башка жолдор бар туруп асфальт жана цемент-бетон төшөлгөн жол боюнча мал айдоого; 
  • чегилбеген малды кыймылдын багытында арабадан бир метрден ашпаган аралыкка оң жакка байлабастан арабаны (чананы) башкарууга. 

Көңүл бурсаңыз, 24.5. пунктунда автомобиль жолдорунун боюна (бөлүнгөн тилкесине) жаюуга тыюу салынт деп айтылып жатат (сутканын кайсы убактысында экендиги жөнүндө кеп жок).

БӨЛҮНГӨН ТИЛКЕ


Маалымат үчүн: бөлүнгөн тилкенин эни – автоунаа жолунун категориясына карап болот. 

КатегорияЖүрүүчү бөлүктүн эниБөлүнгөн тилке 
11532
27,516
3714
4613
54,512


Мисал үчүн: 1-категориядагы жолдун туурасы 15 метр. Демек бөлүнгөн тилкенин туурасы 32 метр болот. Дал ушул аралыкта (32 метр), мал жаюуга тыюу салынат.

Ошондуктан, эгерде айдоочу мал-жандыгын коюп кеткен болсо, чыгымды, малдын ээси төлөп бериш керек.


Обсуждение

Для того что бы оставлять комментарии, вам неоходимо авторизоваться на нашем сайте...

Войти

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign